Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Балдарды кантип кыргызча сүйлөтөбүз?


Бөбөктөр үчүн ыр фестивалы экс-президент Роза Отунбаеванын демилеси менен өтөт. “Кыргыз балдары кыргызча сүйлөбөй баратат” дейбиз. Балдардын ой чабытын өстүрө турган соолугус булак кыргыз тилиндеги ырлар. Ал эми бөбөктөр үчүн бизде ырлар барбы? Албетте бар. Бирок алар жетишсиз. Көбү ырдалбайт. Көбү бөбөктүн тили менен жазылбай, чоң балдардын тили менен жазылып калган.

Мына ушундан улам экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен иштеп келаткан Эл аралык коомдук фонд бүтүндөй республика боюнча бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагын жарыя кылды. Сынакка бөбөктүн таттуу тилиндеги татынакай ырларды жазган акындар, ага обон чыгарган обончулар менен композиторлор, мугалимдер, балдар бакчаларынын тарбиячылары, таланттуу балдар жана ата-энелер өздөрү катыша алышарын, сынак үч этапта өтөрүн, биринчи этабы апрель айында облустарда башталып, анын жеңүүчүлөрү тандалып алынып, 15 жана 16-майда Бишкек шаарында өтө турган Чоң кароо-сынакка катышарын, ал эми майдын 28де борбор шаарда бөбктөр үчүн ырлардын чоң концерти өтөрүн, кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай жана башка баалуу сыйлыктар тапшырыларын бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити маалымдады.

Эркин журналист Садырбек Чериковдун “Чылыктар” кыргызга гана таандык эмес, же “Америкачылыктан” бир шиңгил” деген макаласы жарык көрүп, автор анысында “Азаттык” радиосунун кабарчысы Алия Суранованын көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “Кыргызчылык” тууралуу макаласын талкууга алуу менен ага карата каяша пикирин билдирген. Журналист Чериков жалкоолук, мителик, көралбастык, беленге тап мамиле, өлкөнү талап-тоноочулук сыяктуу көрүнүштөр бир эле улутка же кыргызга гана мүнөздүү кемчиликтер эместигин, андай терс көрүнүштөр бардык элдерде барын, Кыргызстанды басса-турса үч ажыдаар – Кытай, Орусия жана АКШ байкап турганын, булардын ар кимиси үркөрдөй болгон кыргызды өз тарабына тарткысы, жерин ээлегиси, өз саясатын жүргүзгүсү келерин, ошондуктан баарын эле өз элибизге шылтай бербей тыңыраак жана сак болуу керектигин эскерткен.

“Асман пресс” гезити Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев менен интервью басты. Ал бардык чырды Воробьев уюштуруп жатканын, ал көз коллективин эбак эле баш ийдирип алганын, бирок эми министрликти баш ийдирем десе жаңыларын, Воробьев театрдын айланасына кафе, бар, эс алуу жайларын мыйзамсыз ачып, ижара акысын өзү гана ээлеп келгенин, театрдагы эл артисти январь айында 300 сом айлык алып келсе, Воробьевдин 17 жаштагы кызы Кристина Бардакова эң жогорку категориядагы айлык алып келгенин, буга чейин эле ага кылмыш иши козголгонун, ошону менен бирге эле мурдагы министр Ибрагим Жунусов 20 миң доллар талап кылган дегени карандай калп экенин, ушул жана башка иштери үчүн Воробьев сотко берилгенин айтты.

Кабарчынынын: "Воробьев Азиз Батукаевди ортого салып сиздерди коркутуптур деген чынбы?" – деген суроосуна министрдин орун басары Кудайберген Базарбаев: "Туура. Воробьев мага телефон чалып, бардык маселени Батукаев менен чечесиңер деген. Бирок менен Батукаевден жана башкалардан эмес, Кудайдан гана корком. Воробьев абдан караңгы, шумахер, системаны түшүнбөгөн киши. Ушул убакка чейин бир да жолу өкмөткө барып отчет бербептир", - деп жооп берди.

“Параграф” гезити бул санын “Кадыры качкан “кадрлар” же чоң “реформатор” Шамил Атахановдун өнөрлөрү” деген баштема менен ачты.

Азизбек Келдибековдун макаласы “Атамбаевдин заманы эмне жыттанып туру?” деген ат менен тартууланып, автор Чыңгызхан, Сталин, андан берки эл башында тургандардын бийликте турган кезде атаандаштарын кантип тазалаганын кеп кылып келип: Атамбаев башкы атаандаштары Ташиев, Жапаров, Мамытовду шылтоо менен “абийир туткундарына” айлантканын, эгер соттор ошончо калыс болсо 2005-жылдын 24-мартында мамлекеттик бийликти басып алууну уюштургандан баштап ишти козгошу керектигин, ансыз адилеттүү бийликти орнотуп жатабыз деп төш кагуу туура эмес болорун жазып чыкты.

Ушул эле гезиттеги Кадырбек Керимбаевдин макаласы “Шаардагы эл жумушсуз, айылдагы эл малай” деп аталды.
XS
SM
MD
LG