Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Бабанов кетсе ким келет?


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары өкмөт башчынын тегерегиндеги соңку кырдаалга кайрылды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Де-факто” гезити жаңы санын “Бабанов кетсе ким келет?” деген макаласын саясат талдоочулардын пикирлери менен чогуу жарыя кылды.

Табылды Акеров “Бабанов жана анын өкмөтү коррупцияга каршы аркет көргөн жок” десе, Бакыт Бакетаев Бабановду кетиргенден эч нерсе оңолбостугун, азыр дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө кыйнчылык болуп атканын, өкмөттүн ичинде анын ишин артка тартып бюджет акчасын жеген министрлер барын, ошолорду кызамттан алуу керектигин айтты.

Ал ортодо Текебаев спикер болуп, өкмөт башчылыгына Жоомарт Оторбаевди сунуш кыларын, айрым узун кулактар "жок, Текебаев Акылбек Жапаровдун премьер болушун каалайт экен" десе, Атамбаев бул орунга Темир Сариевди ылайык көрүп атыптыр деп айтышууда деп жазган “Де-факто” айрымдары парламентти да тарайт экен дегенин, бирок анын тарарына негиз жоктугун, ошол эле учурда Өмүрбек Бабанов деген унчукпайле кетип калчулардан эместигин, ал: “парламенттин өзүн алып түшөм” дегенин, айтор сентябрдын жалбырагы жалаң саясат менен саргайганы калганын эске салды.

Бул санга маек курган Азимбек Бекназаров “Коррупцияга каршы күрөш саясый шоуга айланып баратат” деп белгилеп, ал президентке жолукканда Акаев, Бакиевдей болбой коррупция менен чындап күрөшүп, “кампанейшинага”, “Саясый шоуга” айлантапашын, ушул эле сөзүн ал кезинде Акаевдин кейпин кийесиң деп Бакиевге да айтканын, ал укпаганын, эми сен да укпай койсоң Бакиевдин кейпин кийесиң деп Атамбаевге катуу айтканын катуу кеп кылды.

“Учур” гезити “коррупциянын колун кертем” деп катуу күпүлдөгөн Атамбаевдин аракети күбүлүп түшкөнүн жазуу менен үй камагына бошотулган Нариман Түлеевди мисалга тартты.

Ушул эле “Учур” аркылуу бийлик тууралуу оюн айткан саясат талдоочу Марс Сариев азыр саясый топтордун майлуу-сүттүү орун үчүн болгон таймашы жүрүп жатканын, кыргыз элитасы жеке кызыкчылыктарга азгырылып, мамлекттик кызыкчылыкты унутуп коюп жатканын, бул экономикалык бүлгүнгө алып келерин, элита алмашмайын абал өзгөрбөй тургандыгын билдирди.

“Параграф” гезити да өкмөттүн тегерегиндеги компраматтардын “согушун” окурмандардын алдына жая тартты. Журналист Жума Мамбетовдун макаласы “Бийлик алсыз болсо ар ким өз билгенин жасайт” деп аталып, автор “ашка жүк, башка жүк” депутаттардын арылуу керек деген оюн ортого салды.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты генералдык деңгээлдеги чин алабыз деп жатканын кеп кылган саясат талдоочу Орозбек Молдалиев, чин алуу “оорусу” Акаевдин убагында башталып, Бакиевдин убагында уланганын, былтыр бул маселе кайрадан козголгондо ошол кездеги президент Роза Отунбаева токтотуп салганын, чин алган депутат депутаттыктан кеткенден кийин деле жеңилдиктерден пайдалана берерин, эгер 80 депутаттын баарына генерал чини берилсе мамлекттин казынасына гана күч келерин айтты.

“Пресс.kg” гезити бүгүнкү санын “Нариман Түлеев автобустардан гана акча жебестен, жер тилкелерин да саткан” деген баштема менен ачты.

Журналист Айзада Абазованын макаласы “Ата Мекен” премьер-министрди 1 миллион 300 миң доллар пара алганы үчүн айыптады” деген ат менен жарык көрдү. Бабанов боюнча айрым депутаттардын айткан пикирлери басылды.
XS
SM
MD
LG