Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Бар бол, балалык!


Бүгүн жарык көргөн гезиттер саясат, эл турмушу, өлкө ичиндеги миң түркүн окуяларды жазып чыкты. Балдар үчүн атайын макала, маектерди, ырларды “Алиби” менен “Фабула” гезиттери басты.

Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү. “Фабула” гезити айтылуу “Манас” эпосун үч жарым жашынан бери айта баштаган кичинекей Болотбек Үмөт уулу менен кичинекей маек басты. Болотбек “Манасты” улам көбөйтүп отуруп, азыр эки саатка чейин тынбай айытып калганын кеп салып берди.

Буга удаа эле манасчы балакайдын апасы Бактыгүл Кыдыргычеванын да маеги басылды. Ал балдарынын баары “Манас” айтарын, аян менен айтпай эле жаттап айтышарын, улуусу Нурлан да айтып жүргөнүн, андан кийинкиси Казыбек “Чоң казатты” айтаарын, ал эми Болотбек агаларынын айткандарын угуп алып эле айтып жүргөнүн, куйма кулактыгы бар экенин, бир укканын уккандай эстеп каларын, бир топ жыл илгери Нарындан Караколго көчүп келип, бүгүн үйү жок батирде турарын кеп салып берди.

Балдар үчүн мыкты ырларды жазып келаткан акын Каныбек Жунушевдин бөбөктөр үчүн арналган ыр топтомун “Алиби” гезити жарыялады. Таманын жоготкон каз тууралуу ырын биз да угармандарыбызга окуй кетели.

Күчүк эмен жалбырагын
Казга тиштеп барыптыр.
-Мобул сенин таманың го,
Жерге түшүп калыптыр-дейт.

Каныбек Жунушев коңуз тууралуу дагы бир ырында:

Коңуз дайым мактанып,
-Менин ишим мыкты!-дейт.
Бирок кылган жумушу,
Кечке дейре кыкты жейт,-дейт.

Акматбек Келдибековдун спикер кезиндеги ишмердүүлүгү финансылык мыйзам бузуулар менен коштолгонун жазган имишибиз чын чыкканы калды көрүнөт деп жазган “Жаңы Агым” гезити, анткени күч органдары Жогорку Кеңешке караштуу “Алтын көл” пансионатында 2011-жылы 7,5 млн. сомго чукул каражат сол чөнтөккө солонгонун аныктаганын, Келдибеков эми өз партиясын каттоодон өткөрүп Бишкек шаар кеңешинин шайлоосуна өз алдынча аттанганы калганын, таяныч издеп жакында Маскөөгө, андан ары Түркияга сапар тартарын кабарлады.

“Бакиевдер Белоруста ийгиликтүү бизнес жасап жатат” деген ат менен ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев маек куруп, министрлик улут аралык жаңжалдарды мындан ары болтурбоо үчүн көп иштерди жасап жатканын, министрликтин түштүктөгү Он-Адыр аймагына милиция бөлүмү куруларын, бул аймакта 99 процент өзбек тектүүлөр жашагандыктан мамлекет ичиндеги мамлекет болуп калгандыгын, бөлүм ошол элдин өзүнүн суроо-талабы менен ачылганы калганын, бара-бара Бишкектин төрт району сыяктуу 4 милиция бөлүмү Ош шаарынын өзүндө да болорун айтты.

Генерал Мелис Турганбаев ошондой эле Акмат Бакиев кармалгандан тартып эле аны бошотуунун жолдору изделгенине, анын кандай жолдор менен жасалгандыгына токтолуп, ал бүгүн Белоруста, агасынын жанында экенин, бир туугандар бүт ошол жерге чогулганын, бардыгы ийгиликтүү бизнес жасап, ресторандарды куруп, мамлекеттин кайтаруусунда жашап жатканын, Кыргызстандын айрым саясатчылары Бакиевдерге барып турарын, бүгүн кыргыз саясаты эки жүздүү болуп жатканын, эки тарапка ойногон ушундай саясатчылардан арылмайын өлкө өнүгүү жолуна түшө албастыгын белгиледи.

Ушул эле санга “Манас ата” этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы Акылбек Атабаевдин “Оогандык кыргыздарды көчүрүп келүүнүн зарылдыгы жок” деген ат менен маеги басылып чыкты.

“Алиби” гезити бул санын “Чырдын башы ажылыктабы, акчадабы же Чубак ажыдабы?” деген баш тема менен ачты.

Интернеттин басыгы күчөй баштаган заман келгени акырындык менен гезиттердин күнү батып баратканына ой калчаган журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы тартууланды.

“Фабула” гезити аркылуу депутат Эгемберди Эрматов: “Бабанов чарбалык иштер менен аракеттенбей, жалаң саясат менен аралашып, өз позициясы бар адамдарды кызматтан алуунун аркетинде болууда. Ош-Баткен жолу талкаланып, паракорчулук күчөп жатат. Кен байлыктары арзан берилүүдө” деди.

Ушул эле санга бийлик башчыларынын баарына жана күч орган башчыларына “Шашылыш билдирүү!” деген ат менен “Кыргызстандагы “черный квадрат” радикалдык экстремизми же муфтиятка бийлик төңкөрүшүн кимдер даярдап жатат?” деген кайрылуу кат муфтият жамаатынан Бакыт Нурдиновдун аты менен жарыяланды. Ушунун эле алдына юрист Акин Токталиевдин “Реформатор муфтийди эмнеге “кет” деп жатат?” деген макаласы да басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG