Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Мугалимдердин артындагы “мугалимдер” ким?


Базаркоргондук мугалимдердин нааразылык акциясы, 2010-жылдын 1-декабры.
Базаркоргондук мугалимдердин нааразылык акциясы, 2010-жылдын 1-декабры.

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттерден “Форум” гана жарыкка чыгып, анда мугалимдердин айлыгынын айланасындагы ойлорго кенен орун берилди.

“Алмаз Атамбаев өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу үчүн канчалык аракет көрүп атса, анын атаандаштары ага каршы ошончолук чабуул баштады. “Ар-Намыс” партиясы мугалимдерге жан тартымыш болуп жакындаса, “Ата-Журт” ак халатчандар менен алака түзүп кирди. Эми Атамбаевдин “атажуртчу” орунбасары Ибрагим Жунусов менен Маданият министри Нурлан Шакиев маданият кызматкерлеринин үстүндөгү үгүт иштери менен иштеп жатат дешет” деп;

“Кыргызстандын бардык жеринде бир учурда башталган мугалимдердин нааразылык акциялары кайсы бир күчтөрдүн тукуруусу менен уюштурулуп жаткандыгы айтылууда. Алардын максаты – жаңы бийликти жазга жеткирбей алып түшүү, баарынан кызыгы дал ошол мугалимдерди жарыбаган айлыкка иштетип келген эски бийликтин эрендери эми минтип коомубуздун эң аялуу катмарын алдыга түртүп, арам ойлорун ишке ашырып жаткансыйт” деп кабар таратты.

“Форум” гезити ошондой эле ушул маселенин айланасында айрым жарандардын ойлорун ортого салды.

Академик Жамин Акималиев: - Кулов Бишкектеги мугалимдер менен жолукканда берген убадасын теледен мен деле көрдүм. Бул чыныгы популизм. Мугалимдердин айлыгын 100 пайызга көтөрүү мүмкүн эмес. Элди ишке ашпай турган калп, куру убада менен алдай берген болбойт,-деп;

Саясый серепчи Марс Сариев: - Азыр оппозицияда жүргөн партиялар эл менен жолугушуп атат. Мугалимдердин көтөрүлүп чыкканын алар өзүлөрүнө пайдаланууда. Бул эми саясый күрөштүн бир түрү. Мугалимдердин маянасын 100 пайызга көтөрсө болот. Бирок бул аябай татаал процесс. Ал үчүн коррупцияны 100 пайыз жоюу керек. 20 жылдын ичинде Кыргызстан коррупцияга белчесинен батты. Ал эми айлыкты 100 пайызга жөн эле көтөрө койсо болот деген сөз авантюра,-деп;

Экс-министр Рыскелди Момбеков:-
Эгер мугалимдердин маянасын 100 пайызга көтөргөнгө жете турган акча болсо Кулов эмне үчүн өзү өкмөт башчысы болуп турганда көтөргөн эмес? Айлыкты мындай кой, өлкөнү ХИПИКке киргизе жаздап токтободу беле? Бул жөн эле пиар, популизм. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо шайлоо комиссияларынын 70 пайызын дал ушул мугалимдер түзүп, элдин добушун уурдап туруп “Ак жолго” алып берген. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Атамбаевдин добушун Бакиевге “жасап” бергендер да ушул мугалимдер болгон. Акцияга чыгардан мурда мугалимдер кыргыз элин сактап калган арбактарды ойлошсо болмок, апрелде курман болгон 87 эр-азамат жалаң эле мугалимдер үчүн жан кыйган эмес,-деп;

Саясый серепчи Төлөбек Абдрахманов: - Мүмкүн эмес. Кыргызстанда 70 миңден ашуун мугалим бар. 100 пайызга көтөрүү үчүн мамлекеттик кызмат орундарын 50 пайызга кыскартуу керек, мындай жол менен баруу мүмкүн эмес,-деп;

Жазуучу Кален Сыдыкова: - 100 пайыз көтөрөм десе кудай жалгасын! Бирок бюджетте бир тыйын жок, анан кантип көтөрөт? Керек болсо алардын айлыгын 500 пайыз көтөрүш керек. Бирок өлкөнүн казынасын өткөндөгү каргашалуу окуялар түгөтүп кетпедиби? Анан айлык акыны асмандан алып көтөрмөк беле?-деп жооп берди.

“Форум” гезити ошону менен бирге Курманжан датканын өмүр жолун иликтеп жүргөн эмгек ардагери Сергүл Алдырак кызы менен аңгеме курду.

Сергүл Алдырак кызы жакында Алайга барып, журттун нарк-насилин билген байбичелерден “ак элечекчендер” деген коом түзгөнүн, максаты “Алай ханышасы” аталган датканын элге жасаган жакшылыктарын жаштарга жайылтуу, улуттар арасында ыдырап калган ынтымакты ымалага салуу жолун айтып берген.

- Өлкөдөгү абал тынчып, аз болсо да турмуш орду-ордуна келе баштады. Эми өкмөт мүчөлөрү да, депутаттар да керт башын ойлобой, эл үчүн иштесе деген тилек. Жамандык деген ар убак жаман кесептин тийгизет. Ал эми жакшылык, улуулук деген эл-журт барда унутулбай, аңызга айланып кете берет. Курманжан датка уулу Камчыбекти орус баскынчылары дарга асарда кайрат берип “Балам, өлүмгө тике кара!” деп айткан. Муну ким танат азыр? Же ошондо уулунун ордуна 10, 100 адамды кармап берип, же пара берип ажалдын чеңгелинен сууруп алганга Курманжандын кудурети жетпейт беле? Жеткенде да кандай жетмек!

Сталин да убагында фащисттердин колуна түшкөн уулун немис генералына алмашпай койбоду беле? Эл башына келгендер улуу Курманжандан, улуу Сталинден үлгү алышы керек.

А бизде эмне болду?

Акаев Айдарын, Закиржан Максимин дардаңдатып, бүтүндөй бир журттун ырскысын чачып, кыргыздын төбөсүнө камчы ойнотуп, жонунан кайыш тилгенге жол беришти. Так ошол жамандыктарынын каргышы тийип, бүгүн алар ата-бабаларынын туулган жеринен, ыйык мазар, мүрзөлөрүнөн алыска качууга аргасыз болушту. Азыркы бийликтегилер Акаевдин, Бакиевдин ашкере ачкөздүк, тууганчыл, өзүмчүлдүгүнөн алыс болууга тийиш. Курманжан даткадай кара башын кыргыз деп сайып иштешсин, эркектер уялбай эле датка апабыздан өрнөк алышсын деп айтар элем
, - деп айтты.

“Жаз алды коалициялык өкмөттүн дарамети ачыкка чыгат” деген аталыш менен генерал-майор Кубатбек Кожоналиевдин маеги басылды.

Динге жамынуу менен жасалып жаткан кыянатчылык, геосаясый абал, маалымат коопсуздугу, Түштүктөгү каргашалуу окуялар тууралуу оюн ортого салган Кожоналиев коалициялык өкмөт жөнүндө сөз кылып:

- Жаңы түзүлгөн өкмөттөгүлөрдүн кимиси жеке кызыкчылыгын, кимиси мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп жаткандыгы жакында билинет. Өкмөт куралып атканда президент Роза Отунбаева айтпады беле “100 күн байкайлык, ишти кандай алып кетишерин” деп. Демек, жазга чейин булардын дарамети канчалык экендиги ачыкка чыгып калат. Эгер жазга дейре абал жөнгө салынбай, экономикалык абалыбыз мындан да оордосо, анда коалициянын тагдыры бүдөмүк болуп, өзүнөн өзү таркап кетиши мүмкүн, - деп билдирди.

Меңдибек Асылбеков аттуу автордун “Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу эстелик комплекси курулат” деген, “Манас ордо” коомунун президенти Анарбек Усупбаевдин “Улуттук кийим менен сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза айым!” деген макаласы да гезиттин ушул санында.
XS
SM
MD
LG