Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

14:53 19.12.2018

14:19 19.12.2018

Үч саатка созулган маалымат жыйын аяктады. Ага 80ден ашуун жергиликтүү жана эл аралык ЖМКдан 170 журналист катышты. 40тай журналист суроосуна жооп алды. Сөз аягында президентке ыраазычылык билдирип, калпак кийгизген журналисттер да болду.

14:16 19.12.2018

Жээнбеков: Бизде ар бир журналист оппозиция. Ар бир маселени чукуп жатышат. Силерден күчтүү оппозиция барбы?

Мыйзам жолундагы оппозиция болсо туура болот. Кемчиликтерди айтып, жол көрсөтүп турганды колдойм. ЖМК деле өзүнчө бир оппозиция. Айрым бир жакшы иштеп жаткан оппозициялык партия, жарандык коом бар. Бийликтин кемчилигин көрсөткөн жарандык коом калыптанып калды.

Биз табигый жол менен өсүп келе жатабыз. Ошол жолго тоскоолдук жок болсо бизде баары жакшы болот.

14:12 19.12.2018

Жээнбеков: Менде саясий оппонент деген жок. Мен алардын баарына бирдей шарт түзүп берейин деп жатам. 2020-жылы татыктуусун эл тандап алсын деп. Аларга иш козголсо, мен козгогон жокмун да.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG