Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

14:09 19.12.2018

Жээнбеков: Мен гезиттерди окуп жатам. Минтип калыптыр, антип калыптыр деп жазып жатасыңар. Жоопкерчилик менен жазсаңар деп суранат элем. Силердин да кожоюндарыңар бар, түшүнөм оокат кылыш керек.

Асылбек Жээнбеков тууралуу сөздөр факт менен далилденген эмес. Таасири күчөдү, кадр саясатына аралашты деген факт болсо текшертем. Баарын көзөмөлдөп жатам, андайга барбайт, эгер барса менин чара көрөрүмдү билет. Баарын факт менен айтсаңар.

14:05 19.12.2018

Жээнбеков: 5 миң сом алган менен 50 миң сом алгандын айырмасы болушу керек да. Баарына бирдей карашыбыз керек. Энергетиканы ушул калыпта кармап турганыбыз жакшы болот. Биз энергияны үнөмдөгөн технологияга өтүшүбүз керек.

13:58 19.12.2018

13:57 19.12.2018

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG