Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

12:13 19.12.2018

Жээнбеков: Асылбек мамлекеттик маанилүү маселелерди, кадр маселесин чечип жатканы боюнча сөздөр болгону менен факт жок, факт болсо текшеребиз.

12:12 19.12.2018

Жээнбеков: Райымбек Матраимовдун байлыгы текшерилет

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин “Азаттыктын” Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндөгү фактылар текшерилерин айтты.

Маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбековго шайлоо маалында "35 коррупционер" тууралуу айткан сөзүн эске салышты. Анда Райымбек Матраимов канчанчы орунда турганы боюнча суроо берилди. Жээнбеков бул тизме узара турганын белгиледи. Бирок бул тизмеде Матраимов бар же жок экенин айткан жок.

12:07 19.12.2018

Сооронбай Жээнбеков "Апрель" каналынын журналисти Канат Каниметовду суроо бергенден кийин "эптеп ойлоп таапсыңар" деп тамашалады.

"Асылбек жашыруун офис ачып, кадр маселесин чечмек тургай коркуп, үйдөн чыкпай отурат. Райым Матраимов сага суроо бер деген кишинин тушунда иштебеди беле? Эгер силер айткандай болсо, анда текшеребиз", - деди Жээнбеков.

12:03 19.12.2018

Жээнбеков "Азаттыктын" президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиев тууралуу суроосуна жооп берди. "Кыңыр ишке барбайт. Ал өсө турган жигит", - деди. Анын Алай районуна аким болгон таекеси Замир Молдокуловду тажрыйбалуу кадр деп сыпаттады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG