Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

12:01 19.12.2018

Жээнбеков: Үч бийликтеги, жогорку эшалондогу коррупция менен күрөшөсүңөр деп тапшырма берип жатам. Реформа жүргүзүү оңой эмес, коррупция менен күрөшүү оңой эмес.

11:59 19.12.2018

Жээнбеков: Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

11:57 19.12.2018

Жээнбеков: Тоок уурдаган камалат, миллионду уурдагандар бош жүрөт деген сөздөр болбошу керек. Бизде 8-9 жылдап соттошкондор бар. Ал иштейби же соттошобу? Кээ бирөөлөр сотту күтүп, тергөө абагында жатат. Прокуратурада кылмыш иштеринин реестри болот. Ошондо алар кайсы сотко кетти, кайсы каралбай жатат деп көзөмөл кылып турат.

11:53 19.12.2018

Жээнбеков: Кумтөр боюнча. Соттошуу, денонсация кылуу, улутташтыруу оңой иш. Андан аркысы эмне болот? Экономикага саясат аралышып кетти да. Кумтөр кандай талаш болсо да иштеши керек. 9 млрд. сомго чейин салык төгөт. 2600 киши иштеп, бала-чакасын багып жатат. Кумтөр иштей берсин.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG