Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:36

Теократия менен ойнобогула


Иллюстрация
Иллюстрация

Экс-муфтий, таанымал диниятчы Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алууга элди үндөгөндүгү кыргыз коомунда зор талаш туудурду. Агартуучу адистин пикиринче, эгерде эскичил динчилердин саясий үстөмдүгү (теократия) орносо, анда дин жаатында билими күчтүү, калыс молдолор да куугунтукка алынат.

Экс-муфтий, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдындагы Уламалар кеңешинин мүчөсү, таанымал диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы, тагыраагы, бул кадамын жар салып, ушундай кылгыла деп элди үндөгөндүгү кыргыз коомунда кызуу талаш жаратты.

Аны жактагандардын көпчүлүгү пулуң көп болсо ала бер деген деңгээлде «ойлонот» экен. Маселенин моралдык-психологиялык, юридикалык, ошондой эле буларга тыгыз байланышкан саясий өңүттөрүн эч кимиси эске албай жатат.

Ычкырдан ылдый түшүнүк

Туура, материалдык жактан кирешени бирдей бөлүштүрүүгө болот. Бирок кеп пулда эле эмес (ырас, коко тыйыны жок туруп, б.а. батирден батирге көчүп-конуп, карыздан башы чыкпай жүрүп деле экинчи, үчүнчүсүн ала берсе болот деген «таксырлар» да бар). Көп аялдуу кайсы эркек баарын бирдей жакшы көрө алат? Ал ким болбосун, жашыраагына, сулуураагына көбүрөөк барат, улгая баштаганына, сертирээгине салкыныраак карайт; акылдуураагы менен көбүрөөк сүйлөшөт, баёосун же акылсызын эл көзүнчө дөөдүрөбөсүн деп той-тамашага ээрчитпей, байбиченин кара жумушуна салып коёт – ток этерин айтканда, күнүлөш аялдарга «бирдей, тең кароого» мүмкүндүк бербеген жагдайлар абдан көп.

Күнүлөштөрдүн теңдигин Куранда айтылгандай камсыздоо такыр мүмкүн эмес. Дал ошондуктан күйөө баласы Али экинчи аял алмакчы болгондо, Мухаммед пайгамбар: «Же менин кызым менен ажырашып, анан башканы ала бер, же эки аял менен жашайм деген оюңдан кайт», - деп кескин талап койгон.

Фронтбек кызы: Нике тууралуу мыйзам иштебейт

Фронтбек кызы: Нике тууралуу мыйзам иштебейт

Кыргызстандын ар бир намаз окуган жараны нике кыя алат. Аны эч ким тыя албайт.

Күнүлөрдүн, алар тууган балдардын өз ара мамилеси, мүлк мурастоо укугу биздин жарыкчыл коомдо кандай болот?.. Бул маселе колу жукаларга эле эмес, байлыгы менен бийлигине мас болгондорго да тиешелүү. Күнүбача/байбачалардын таасир чөйрөсүн талашуусу, касташуусу, аларды жактагандардын жаатташуусу акыры гарем ээсинин да түбүнө жетет. Мунун кесепети жумурай журтка тиет…

Куудулдук шыгы, жеңил-желпи сөзмөрлүгү бар, диний эрежелерди көп билген Чубак ажыны пайгамбардай көргөн баёолор көп. Аны туурайм деп далай фанаттар үй-бүлөсүн бузуп алат, артык эмес, тыртык болуп. Анткени көп аялдуулукту жактагандардын басымдуу көпчүлүгү өтө кыска, тайыз ойлоп, ычкыр кумарын ашыра канааттандырууга азгырылып жатышат…

Чубак ажы буга чейин да далай ирет балп эткен. Мисалы, үй-бүлө курууга моралдык эмес, материалдык жактан да даярдыгы жокторду үйлөнүүгө шаштырганы, эркектин кумарын козгосо, кыздарды 12-13 жаштан күйөөгө узата берсе болот деп педофилияны жактап жибергени ж.б.у.с. осол кептери, шалпымалары толтура. Аалымды урматташ керек, бирок аны пайгамбар кылып алган жарабайт – пендени ыйык пир тутпа («Не сотвори себе кумира») деген кептин мааниси ушундай.

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Ашынган аалым деле жаңылат. Кептин баары көшөрө бербей катачылыгын моюндай билүүдө.

Мыйзамды наадандар бузса, аны жоюп салыш керекпи?

Полигамияны (көп аялдуулукту) жактаган Назира Бегим аттуу келин Жазык кодексинин «эки же андан ашык аял алуу кылмыш болуп саналат» деген 153-беренесин иштебей жаткандыгы үчүн алып салыңыз деп Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылыптыр. Кез-кезде же дайым сакталбай, бузулуп жаткан мыйзам ченемдери абдан көп, бирок аларды ошон үчүн эле жоё берсе, өлкөдө накта башаламандык өкүм сүрүп калары бышык. Мисалы, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандар көп, айрыкча МАИ көзөмөлдөбөгөн жерлерде эң зарыл эрежелерди да сактабагандар кездешет.

Тууганчыл же жердешчил мүдөөлөрдү мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө койгондор толуп жатат. Аш-тойлор чоңдордун дүңүнөн пара чогултуу жолу болуп калган. Күчкө салып кыз ала качкан жапайычылык азырынча тыйылбай келет. Тоок уурдагандар камалып, киши өлтүргөндөр кутулуп, тоодой байлыкты уурдагандар кутуруп жүрөт. Мамлекеттик сыйлык-наамдар татыктууларга эмес, жек-жааттык катышы барларга, пара бергендерге, кошоматчыларга ыйгарылып жатат. Эми ушуга окшогон көрүнүштөрдүн баарын «мыйзамдаштыруу» керекпи?..

Мыйзамды коомдун моралдык деңгээлине же утурумдук жагдайга, кайсы бир «күчтүү жактын» каалоосуна карай өзгөртө берүүгө болбойт. Азырынча аткарылбай жатса да, жарандык мамлекеттин өзөктүү тиректерин эч качан жокко чыгарбоо керек.

Уңгулуу мыйзамды утурумдук мүдөөлөргө «ылайыктап» сындырбай, коомдогу мамилелерди укук маданиятына, адамгерчиликке түздөп өркүндөтүү кажет. Мейли, айт намаз менен орозо намазда Ала-Тоо аянтына эл толуп бара берсин, мейли, ажылык сапарга аттангандардын агымы токтобосун, бирок Конституциябызда жазылган жарыкчыл (айдыңдык, секулярдык) мамлекет макамы баары бир сакталууга тийиш. Анткени фанатизм – утурумдук гана көрүнүш, убакыт-сааты келгенде, толкуну жээктен ашып-ташыган дарыя да тартылат, б.а. диний турмуш өз нугуна түшөт.

Ырас, Чубак ажы бул ирет жазык жоопкерчилигине тартылбай калышы толук ыктымал. Себеби ага чейин эле бир нече аял алгандыгын айтып мактанган белгилүү адамдар – депутаттар жана жогорку даражалуу башка кызмат адамдары – көп, алар өздөрүнө кезек жетпеши үчүн бул кишини коргошот. (Тынчтык Алтымышев аттуу журналист: «Чубак Жалиловго закон иштесе, анда кыргыз олигархиясынын 80 пайызы соттолушу керек болот», - деп жазыптыр Фейсбуктагы өзүнүн барагына). Бирок «элге үлгү болуп берейин, эгер мен баштабасам ким баштап берет», - деп мыйзам бузууга чакырып чыккандыгы үчүн азыркы диний лидер эч болбосо моралдык жактан айыпталып, олуттуу эскертүү алышы керек. Ошондо да мөңкүй берсе, мыйзамдуу чара көрүү кажет.

Туңгуюкка тушукпайлы

Назира Бегимдин атынан өтүнүч кат бекеринен жазылган (же жаздырылган) эмес, анын артында кыйла таасирдүү күчтөр турат деген божомол бар. Кыргызстанда халифат орнотуу үчүн шарият эрежелерин жарыкчыл коомдун мыйзамдарына акырындык менен киргизип, өлкөнүн конституциялык негизин өзгөртүүнү көздөгөн тымызын саясат жүргүзүлүп жаткан жокпу?

Мындай бузукулукка бекем бөгөт коюу зарыл. Анткени дин саясий максатта пайдаланылган жерде эң жийиркеничтүү кылмыштар, Мортаза Мушфиктин «Ыплас Тегеран» романындагыдай балит жосундар жасалат да, ал тууралуу жалаакорлордун ташбараңынан коркуп эч ким ачык айта албай калат.

Теократия орносо, динге жамынган мителер илимий жана чыгармачыл интеллигенцияны, ошондой эле дин жаатында билими күчтүү, калыс молдолорду да куугунтуктап, жок кылууга умтулат. (Ар кайсы агымдарды жактаган «таксырлар» эмитен эле бири-бирин жектеп жатпайбы, артынан ээрчигендерди жаатташтырып).

Ырас, бизде азыр мыйзамдар иргеме нукта колдонулуп жатат, бирок теократиялык мамлекетте мындан беш бетер болсо да эч ким унчуга албайт. Дегеле динди саясатка аралаштырууга – б. а. ар кандай өкүмзордукту, бетпактыкты Кудайдын атынан жасоого жол койбош керек. А бийликке умтулуп, коомду жиктештирген «таксырлардын» тизгинин катуу эле тартпаса болбойт.

Халифат куруу далбасасынын геосаясий кесепетин да эске алуу зарыл. Коомдо бузукулардын тизгини тартылбаса, тышкы күчтөр кийлигишип, чоң тополоң башталышы ыктымал…

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG