Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Апта: Мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирген жагдайлар аталды


Мамлекеттик туу күнүндө желбиреген желектер. Ала-Тоо аянты, Бишкек, 4-март, 2013.
Мамлекеттик туу күнүндө желбиреген желектер. Ала-Тоо аянты, Бишкек, 4-март, 2013.

Президент Атамбаев 2014-жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады. Бул боюнча жардыкта мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирген бир канча жагдайлар аталган.

Узап бараткан жумада Оштогу шайлоодо купуялуулук бузулганы ачыкка чыкты. Конституциялык палатанын ойку-кайкы чечимдери ызы-чуу жаратты. Кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө чек арадан аскерлерди алып кетүү макулдашылды.

Таза шайлоо кыялы Ошто талкаландыбы?

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады. Мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирген жагдайлар катары регионалисттердин күчөшү, мыйзам, конституциядагы кемчиликтер, саясий элитанын абалы, мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруунун натыйжасыздыгы аталды. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жолдорунун бири катары бийлик вертикалын бекемдөө, бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди күчөтүү көрсөтүлдү.

Бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, саясий күчтөрдүн ортосунда каршылашууга жол бербөөнүн жолу катары таза жана адилет шайлоо өткөрүүнү бийлик башчысы буга чейин белгилеп келген. Буга жетишүү үчүн 2015-жылы үлгүлүү шайлоо өткөрүү үчүн каражат аялбашы да айтылган.

Бирок 15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоодогу чектен чыккан жорук-жосундар таза шайлоо тууралуу үмүттөргө сокку урууда.

Интернетке коюлган видеотасмада айкын болгондой, шаар мэрин шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу одоно түрдө бузулган. Анда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициянын лидери Арфидин Аланов депутаттардын добуш берүүсүн тыкыр көзөмөлдөгөнү көрүнүп турат.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы да, БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов да аны токтоткон эмес.

Дал ушун себептен келечектеги парламенттик шайлоонун адилет жана чынчыл өтүүсүнө ишенич жок дейт “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов:

- 2015-жылы Атамбаев айткандай шайлоо болот. Анын турпаты алдын-ала түзүлүп коюлган. Бөлүштүрүлүп коюлган. “Эмгек”, “Бүтүн Кыргызстан” деп. Алар добушту алдын-ала бөлүштүрүп, жасашат. Ошондуктан 2015-жылкы шайлоодон үмүт жок. Булардын ыплас технологиясын бардык саясий күчтөр билип турат.

Азыркы кезде башкы прокуратура да Оштогу шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы боюнча позициясын билдирбей турат. Борбордук шайлоо комиссиясы үн ката элек. Ал эми БШКнын айрым мүчөлөрү видеотасма тууралуу кабары жок экенин айтып, четке чыгууда.

Бир нече партия өкүлдөрү кирген “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул тасмадагы көрүнүш боюнча БШКдан түшүндүрмө талап кылынат:

- Биз бул маселени талкуулап жатабыз. Эгер БШК эч кандай түшүндүрмө бербей, эске албай койсо, анда сотко кайрылабыз. БШК, бийлик жана башка органдар таза шайлоо өткөрүү тууралуу элдин ишеничинен чыгып калбашы керек. Бул улана берсе, эл түңүлөт. Бардык нерсеге даяр болууга аракет кылып жатабыз. Азыр айтылган сөзгө эч ким ишенбейт, жасалып жаткан ишке ишенет. Биз да ошого жараша баа беребиз.

Ал эми Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешин прокуратура текшерип, кеңештин төрагасын шайлоонун купуялуулугу бузулду деп жаткан учур. Анткени Майдан айылдык кеңеши жана анын төрагасы Боркош Жамшитов Шамбесай алтын кенин иштетүүгө каршы болууда. Алар кен Исфайрам дарыясына, Майдан айылына өтө жакын жайгашкан, аны иштетүү экологиялык катастрофага алып келет деп чочулашууда. Бирок прокуратура кызматы былтыркы шайлоону козгоп, жергиликтүү кеңешке басым көрсөтүүдө.

Оппозициялык саясатчылар мындай учурларды мыйзам тандап колодонулуп жатышынын дагы бир далили катары аташууда.

Конституциялык палатанын каршы-терши чечимдери


Узап бараткан жумада Жогорку Соттогу Конституциялык палатанын 13-январда чыгарган чечими бийлик башындагыларды бир топ түйшүккө салды. Түйшүккө салуу ушунчалык олуттуу болгону президенттин быйылкы жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланган жардыгында да байкалып турат. Маселен, жардыкта Конституциялык палатанын чечими талаштуу деп аталып, мындай абал мыйзамдарды жана конституцияны талдап чыгуу зарылчылыгын жаратты деп белгиленген.

Конституциялык палатанын чечиминде мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш иштерин прокуратура кызматы гана карай алат, же жүргүзө алат деп белгиленген.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституциялык палатанын чечими буга чейинки көптөгөн кылмыш иштерди кайра карап чыгууга алып келет деп чочуйт:

- Бул эмнеге алып келет? Бул 2010-жылдан бери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган боюнча айыпталган экс-чиновниктерге, мамлекеттик кызматкерлерге каршы ишти Башкы прокуратура эмес, башка органдар жүргүзгөн болсо, алардын баары мыйзамсыз деп табылып, алар акталганга жатат. Бул деген сөз Жаныш Бакиев менен Курманбек Бакиевди да акташ керек деп табылып, алар акталганга жатат.

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров Конституциялык палатанын чечимин туура деп атап, ал эми Бакиевдерге байланыштуу иштердин баары прокуратура тарабынан козголуп, тергелгенин белгиледи. Ал эми Конституциялык палатанын чечиминен бийликтин чочушу мыйзамсыз түзүлгөн УКМКнын алдындагы антикоррупциялык агенттиктин иштеринин баары конституцияга каршы келишинде болуп жатат дейт Бекназаров:

- Ал антиконституциялык орган. Ал конституцияга каршы түзүлгөн. Президенттин андай органды түзгөнгө укугу жок. Мына конституциянын автору отурат. Президенттин андай укугу жок. Эртеби-кечпи дагы бирөө бул агенттиктин жүргүзгөн тергөөлөрү боюнча сотко кайрылат.

Конституциянын автору болгон Өмүрбек Текебаев ал орган өкмөт алдында түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилүү болгондой антикоррупциялык агенттик мамлекеттик кызматкерлерди кармап, аларга кылмыш ишин козгоп, тергеп келатканы белгилүү. Конституциялык палатанын чечиминде болсо, мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу иштерди прокуратура гана карайт деп белгиленген.

Бирок да Конституциялык палата 29-январда 13-январдагы чечимине түшүндүрмө берип чыкты. Анда мамлекеттик кызматкерлер жөнүндөгү чечим президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, соттор, өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын биринчи адамдарына гана колдонулары белгиленген. Ошондой эле мурунку кылмыш иштерине тиешеси жок болору да аталган.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев Конституциялык палата чечимине түшүндөрмө берүү менен жаңылыштын үстүнө жаңылыштык кетирип жатат деп белгиледи. Ал эми Азимбек Бекназаров Конституциялык палата бийликтин басымына чыдабай, өз чечимин өзү жокко чыгарууга барды деп атады.

Мына ошентип Конституциялык палатанын чечими жараткан чалкештик кайсы бир деңгээлде жөнгөрүлдү. Бирок бул Конституциялык палатанын аброюна урулган олуттуу сокку болуп калганы белгиленүүдө.

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болду

30-31-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча вице-премьер-министрлер деңгээлинде сүйлөшүүлөр өттү. Ага тажик тараптан вице-премьер-министр Мурадали Алимардон, кыргыз тараптан вице-премьер-министр Токон Мамытов катышты. Эки күнгө созулган сүйлөшүүдө тараптар чек арадагы кошумча күчтөрдү чыгарып кетүүнү макулдашты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун билдиришинче, тараптар ошондой эле чек араны тактоо иштерин жандандырууну сүйлөштү:

- Тараптар 11-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү макулдашты. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн делегация башчылары тиешелүү протоколго кол коюшту.

Маалыматка караганда, кыргыз тарап чек ара бекеттерин ачууга макул болгон жок. Тажик тарап Кыргызстандын аймагында 300дөй жүк ташуучу автоунаасы өтө албай турганын билдирген.

Эки тарап аскерлерди чыгарып кетүүгө үч күндүк мөөнөт алышты. Ошондой эле тажик тарап Кыргызстанга 11-январдагы кол салуу, минамет менен аткылоо боюнча тергөө иши тууралуу маалымат берүүгө тийиш.

Токон Мамытовдун билдирүүсүнө караганда, жаңжал чыккан Ак-Сай айылынын тегерегинде делимитациялоо иштерин тездетүүнү тараптар макулдашты:

- Ошол жерди тез делимитациялап, чечип бергиле деп эл талап кылып жатпайбы. Аксайлыктар, көкташтыктар талап кылган жерлерди жолугуп, талкуулай берсин. Эксперттерден турган жумушчу топ иштей беришет.

Маалыматка караганда, эки тараптын жумушчу тобу 3-10-февралда тактоо иштерин жүргүзүшөт. Жолдун курулушу болсо токтобойт.


"Ата Мекен" Кумтөр боюнча келишимди четке какты

Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча келишим парламентте кайрадан кызуу талкууга түшө баштады. Жума күнү “Ата Мекен” фракциясы келишимди карап, аны четке какты. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү экологияга келтирилген зыяндар боюнча доо койбогону үчүн сынга алды:

- Мына бул документте көрсөтүлгөн 5 млрд. доллар боюнча эч ким кимге тапшырма бербепсиз да. Бул 5 миллиардды ким төлөйт деген суроо жаралыш керек эле да? Кантип сотко беребиз деген...

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин өкүлү болсо мөңгүлөр боюнча сотко берүү алардын милдети эмес экенин билдирип чыкты. Ал эми экономика министри Темир Сариев мөңгүлөр боюнча сотко берүүгө мыйзам жок деп чыкты:

- Тилекке каршы, бизде мөңгүлөрдү тейлөө боюнча мыйзам бүгүнкү күнгө чейин жок экен. Ошону иштеп чыксын деп жазганбыз.

Кумтөрдү иштетүүдө экологиялык талаптар актарылбай, мына ошонун айынан 5 млрд. долларлык зыян келтирилгенин Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия аныктап чыккан эле.

Белгилеп кете турган нерсе, Кумтөр боюнча азыркы келишим күчүнө кире турган болсо, анда кыргыз өкмөтү экология боюнча доо койбоого милдеттенме алган.

“Ата Мекен” фракциясын “Центерра голд инк” биргелешкен жаңы ишканага кайсы активи менен кирип жатканы кызыктырды. Ал эми Кумтөрдө азыр 700 тонна алтын жөнүндө сөз болуп жатат. Ал алтын Кыргызстандын байлыгы жана активи. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Центерранын” активи 1993-жылкы келишимде жазылган деп жооп берди.

Өкмөт ошондой эле Кумтөр боюнча келишимдер коррупциялык экени далилдене электигин билдирүүдө. 2003-жылкы келишим боюнча ачылган кылмыш иштердин жабылып жатышы анын далилденеши мүмкүн эместигинен кабар берет. Бул өкмөттүн "Центерра" менен кызматташуу саясатына жана кызыкчылыгына туура келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG