Талкууга юстиция тармагынын тарыхындагы көптөгөн министрлердин экөө, тагыраак айтканда, азыр иштеп жаткан Алмамбет Шыкмаматов жана мурдагы министр Марат Кайыпов катышты.
"Азаттык": Учурда парламент, өкмөт сунуштаган тынч чогулуштар жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, же келерки аптада экинчи окууда сессиянын талкуусуна чыгарылышы мүмкүн экен. Бул долбоор биринчи окуудан мурда өтүптүр. Бул жаңы мыйзам кабыл алуунун зарылдыгы эмнеде эле? 2008-жылы өзгөртүп кабыл алынган мыйзамдан принципиалдуу түрдө эмнеси менен айырмаланат? Эмне үчүн 2008-жылкы мыйзам керектен чыгуу алдында турат?
Алмамбет Шыкмаматов: Азыркы колдонуудагы жарандардын тынч куралсыз чогулуу укугу жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө өз күчүндө турат. Бирок бул мыйзамда кээ бир мүчүлүштүктөр бар болгонуна байланыштуу ал реалдуу турмушта ишке ашпай келет. Ага 2010-жылдагы апрель окуялары далил боло алат.
Жарандык коом, Кыргыз Республикасынын жарандары азыркы колдонуудагы мыйзамды сындап келишкен. Жарандар конституциялык укугунан пайдалануу, көйгөйлөрүн чогулуп коомчулукка, саясий чечимдерди кабыл алган бийликке жеткирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап атабыз деп айтып келген. Себеби ал мыйзмда жарандар көйгөйлөрүн билдириш үчүн атайын шаардын чет жакасында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктап берген аянтта гана чогула алат деген жери бар болчу.
"Азаттык": Бүгүн кандай болуп атат, азыр бардык жерде өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?
Алмамбет Шыкмаматов: Азыр биз парламентте талкуулап аткан мыйзам долбооруна ылайык, митинг өткөрүү үчүн митингдин уюштуруучулары мэрияга, же жергиликтүү органдарга билдирүү жөнөтөт. Ал жергиликтүү бийликтерге уруксат суроо иретинде эмес, бийлик өкүлдөрү митинг өткөрүүчүлөргө шарт түзүп берүү үчүн, ошолордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана башка уюштуруу иш-чараларына көмөк көрсөтүү үчүн аларга алдын ала эскертүү берилет. Бүгүнкү иштеп жаткан мыйзам реалдуу турмушта ишке ашпай атат, бул бүгүнкү мыйзамга карама-каршы келет. Себеби азыркы мыйзамда Ак үйдүн астында митинг кылганга тыюу салынган.
"Азаттык": Күтүлүп аткан мыйзамда андай тыюу жокпу?
Алмамбет Шыкмаматов: Андай тыюу жок.
"Азаттык": Марат мырза, 2002-жылы мыйзам кабыл алынды эле, 2008-жылы кайра түзөтүп өзгөртүүлөр кирди эле. Бүгүн кайра жаңы мыйзам кабыл алынып атат. Митингди эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу, либералдаштыруу максатын көздөп жатышкан экен. Сиз адам укуктарына байланыштуу эмне өзгөчөлүктөрдү байкап атасыз?
Марат Кайыпов: Көч бара-бара түзөлөт дегендей, ар бир жаңы кабыл алынган мыйзам жаңылыктары менен айырмаланып турат. Ал жаңылыктар көбүнесе адамдын түпкү Алла таала берген укугун коргогон жоболор менен камтылып атат. Ошону менен бирге жаңы мыйзамда деле ар кандай чектөөлөр бар экен.
Укук коргоо органдары менен байланышкан, же билим берүү мекемелеринин жанында, же бала бакчанын жанында, же күйүүчү майлар турган жерлердин жанында өткөрбөө, сөзсүз тынч, куралсыз болуш керек деген чектөөлөр коюлган. Бизде аянычтуу жагы, акча төлөмөй митингдер болуп жатат. Ушундан арылсак болот эле, ушуга тыюу салсак болот эле.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: