“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев Турдубаевдин мурда соттолгондугун билдиргенден кийин, “Ата Мекен” фракциясы анын талапкерлигин колдоодон баш тартты. КСДП фракциясы маселени кийинкиге калтырууну сунуштап чыкты. Энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаев көпчүлүк коалиция тарабынан жактырылып, өкмөт башчы тарабынан бекитүүгө парламентке сунушталган.
Парламентте маселе каралып жаткан учурда депутат Мыктыбек Абдылдаев Кубанычбек Турдубаевдин мурда соттолгондугу тууралуу маалыматты көтөрүп чыкты:
- Схеманын негизинде 2004-жылы Каракол сотунун чечими менен электр энергия тармагындагы чоң кемчиликтер үчүн бул жигит соттолгон. Анда өкмөт кадрды жакшылап карабай туруп, кантип киргизип жатат?
Өз кезегинде Кубанычбек Турдубаев андай сот иши болгонун, бирок бул тууралуу кызматка дайындалаар алдында президентке да маалымдаганын билдирип чыкты:
- Чынында эле ошондой маселе болгон. Жоопко биз тартылганбыз. Биздин моюнубузга айып салынган. Бирок айыптан да бошоткон. Аны жашырбайбыз. Мына ушундай маселе бар деп, президентке да ачык эле айтканбыз.
Кубанычбек Турдубаевдин соттолгондугу тууралуу маалыматтын чыгышы “Ата Мекен” фракциясынын позициясын чукул өзгөрттү. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев соттолгон адамдын министрликке келишине каршы экенин билдирип чыкты:
- Мына азыркы министрге талапкер Турдубаев “мен соттолгом, соттолгондугум тууралуу жашырбастан президентке дагы айтканмын. Президент боло берет” деп айтты дейт. Мен президентке дагы, кыргыз элине дагы, урматтуу депутаттар силерге дагы айтам, боло бербейт!
“Ата Мекендин” лидери фракция Турдубаевдин талапкерлигине каршы экенин белгиледи. Текебаев ошондой эле мурунку министр Осмонбек Артыкбаев энергетикалык ишканалардын жетекчилигине көптөгөн соттолгон адамдарды алып келгенин, бул маселе фракция тарабынан канча ирет көтөрүлсө да жоопсуз калып келгенин кошумчалады.
“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин мындай билдирүүсүнөн кийин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков маселени кийинкиге калтыруу демилгесин көтөрдү:
- Ошон үчүн бул маселени кийинкиге калтыралы. Ага чейин мыйзамдык жактарын карайлы. Андан кийин чечим кабыл алалы.
Белгилүү болгондой Энергетика жана өнөр жай министрлиги КСДП фракциясынын квотасына таандык.
Мына ушундай жаңжалдан кийин парламенттеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев буга президентти аралаштыруунун кереги жок деп чыкты:
- Бул маселеге президентти аралаштырбай койсоңуздар. Себеби, өкмөт, премьер-министр өзү ылайыктап тандап, сиздердин карооңуздарга алып келип жатат.
Кубанычбек Турдубаев соттолгондугу тууралуу маалымат парламентте жарыяланганга чейин энергетика тармагындагы түзүлгөн кризистик кырдаал жана аны жеңилдетүүнүн жолдорун айтып жаткан эле.
Министрликке талапкердин айтымында, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 2 млрд. 300 млн. киловатт саат. Ал кенемтени кошумча электр энергиясын иштеп чыгуу жана чектөөлөр менен толтуруу аракети көрүлүп жаткан. Маселен, электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүү менен 1 млрд. 200 млн. киловатт электр энергиясын үнөмдөө, Бишкек, Ош Жылуулук борборлорунан көбүрөөк электр энергиясын иштеп чыгуу чаралары каралып жатат.
Эгерде Казакстан, Түркмөнстан жана Орусиядан электр энергиясын импорттоо чечилсе, анда чектөөлөрдү киргизбөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бирок импортту алууда кыйынчылыктар чыгууда. Маселен, Казакстан 1 млрд. киловатт саат электр энергиясын берүүгө даяр. Бирок анын баасы 9 сомго чейин жетип барууда. Түркмөнстандан импорттоо үчүн Өзбекстан аркылуу транзит маселеси чечиле элек. Ал эми Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Мына ошентип, энергетика тармагы кадрдык да, инфраструктуралык да, электр энергиясынын жетишпестиги боюнча да кризиске кабылып отурат.