Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Оппозициянын "сырдуу" эскертүүсү


Оппозиция лидерлери Жалал-Абаддагы митингде, 10-апрель, 2012.
Оппозиция лидерлери Жалал-Абаддагы митингде, 10-апрель, 2012.

Оппозиция 23-апрелде билдирүү таратып, мындан ары өлкөдө туруксуздук болсо, ага жоопкер болбосун бийликке эскертти.

Муну алар бийлик элдин талаптарын аткарбай жатканы менен негиздеди. Акыркы жолу 10-апрелде Жалал-Абадда өткөн митингде оппозиция өкмөткө бир нече талаптарды коюп, аны аткарууга он күндүк мөөнөт берген. Өкмөт өз кезегинде оппозициянын айрым талаптарында негиз жок деп эсептейт.

Оппозиция жоопкерчиликти бийликке жүктөдү

“Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” жана “Коммунисттер” партияларынын тараткан билдирүүсүндө “Биз жүз миңдеген калк койгон талаптарды аткаруу үчүн бийликке 21-апрелге чейин убакыт берген элек. Тилекке каршы, президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт калктын каалоо-талабы менен эсептешкен жок. Ушундан улам эл бийликтин кулагы дүлөй, көзү сокур экенин көрүп, андан үмүтүн үзүп отурат”, - деп айтылат.

Коммунист-оппозиционер Исхак Масалиев мындан ары оппозиция өлкөдө акцияларды уюштурбасын, бирок туруксуздук болуп кетсе, ага жоопкер болбой турганын айтты.

- Биз өзүбүздүн айткандарыбызды далилдеп жатабыз. Бирок маселе чечилбей калып жатат. Маселе орчундуу болуп турат. Мейли көңүл бурушпаса бурушпасын, бирок кийин “силер ушуга жеткирдиңер” деп айтышпагандай болушсун. Биз айта турганыбызды айттык. Бирок кийин деле биз четте карап турбайбыз. Ошол эле кезде биз өзүбүз уюштуруу иштерин кылбайбыз. Биз ушундай чечимге келдик.

Оппозициянын билдирүүсүндө, “Биз эми саясий стабилдүүлүк үчүн жоопкер эмеспиз. Эгерде калктын каары кайнап, өлкөдө башаламандыктар менен төңкөрүш болуп кетсе, бардык жоопкерчилик президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөткө жүктөлөрүн алдын ала эскертебиз” деп баса белгиленген. Андагы “өлкөдө башаламандыктар менен төңкөрүш болуп кетсе” дегенге Исхак Масалиев түшүндүрмө берип, башаламандыктарга социалдык себептер арбын экенин белгиледи:

- Эки жолу Кыргызстанда бийлик алмашуу болгон да. Дагы бир жолу тышкы күчтөр менен ички күчтөр кошулуп, төңкөрүш болуп калышы мүмкүн. Мындай биздин башыбыздан өткөн. Аны токтотуштун бир гана жолу бар, биримдик керек. Бирок сөз жүзүндөгү биримдик эмес. Ал эми башаламандыктарга толгон-токой социалдык себептер бар.

Оппозиция билдирүүсүндө 2010-жылкы каргашалуу апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөрдү жана “АзияУниверсалБанктын” уячаларынан акча тоногондорду табуу талабына да бийлик көңүл бурбаганын белгилеген.


Билдирүүдө сыр барбы?


Ал эми өкмөт болсо оппозициянын айрым талаптары орунсуз экенин, кээ бирине болсо жооптору барын билдирип келатат.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров айрым талаптар, анын ичинде Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү кызматынан кетирүү сыяктуу сөздөр өкмөттүн дарегине туура эмес жолдонгон деп эсептейт:

- Өкмөттү отставкага кетирүү өкмөттөн эмес, парламенттен көз каранды. Оппозициянын эки лидери бүгүн парламентте отурат. Ошолордон көз каранды, ошолордун чечими менен отставкага кетет. Өкмөт өзүн-өзү кызматтан кетирбейт да. Ал эми жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун бир гана жолу бар, бул -референдум. Референдумду болсо өкмөт өткөрбөйт.

Ал эми саясат таануучу, президенттик аппараттын анализдөө жана байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев оппозициянын бул билдирүүсү табышмактуу экенин айтат:

- Кандай болгон күндө деле мамлекеттин ичинде болуп жаткан иштерге бийлик өзү жооп берет. Ал эми оппозиция “ушул кезге чейин өлкөдөгү туруктуулукка оппозиция жооп берип келген, эми биз жооп бербейбиз” дегендей айтып жатат. Антип айткыдай, ага шарт-жагдай деле жок. Бул жерде кандайдыр бир көмүскө коркутуу бар. “Мындан кийин тынч митингдер эмес, башка формадагы митингдер болуп кетиши мүмкүн”, - деген маани бар.

Туруксуздукка ички, тышкы себептер бар

Талдоочулар өлкөдө туруксуздук болот дегенге айрым себептер жок эмес дешет. Алардын бири, талдоочу Санжар Тажыматовдун оюнча, ага төмөнкүдөй объективдүү себептер бар:

- Алдыдагы май айында, же күздө социалдык карама-каршылыктар күчөшү мүмкүн. Дүйнөлүк банктын маалыматында да Орусиядан келе турган акчалардын көлөмү азайып, өлкөдө кымбатчылык, инфляция 10 пайызга чейин болот деп жатышат. Ушундай божомолдор бар. Эгер элде нааразычылыктар болсо, бул объективдүү себептерден улам гана болушу мүмкүн.

Ошол эле кезде тышкы оюнчулар да Кыргызстанды туруксуздаштырууга кызыкдар экендиги белгиленүүдө. Санжар Тажыматов Кыргызстан кошуналардан көз каранды экенин да эскертти.

-Тышкы күчтөрдүн ролу абдан чоң. Алар өлкөнүн ичиндеги тигил же бул саясий кырдалга оңой эле таасир тийгизе алат. Казакстан менен Өзбекстан газды, же Орусия күйүүчү майларды кымбаттатып койсо, ички карама-каршылык сөзсүз түрдө күчөйт.

Оппозиция буга чейин Ош, Баткен жана Жалал-Абадда митингдерди өткөрүп, бийликке бир топ талаптарды койгон. Өкмөт болсо аларды талкуулоо үчүн өткөн жумада оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган эле. Бирок оппозиция түз эфирден гана жолугарын айтып, өкмөт башчы убадасына турбады деп ага барбай койгон. Өкмөт өз кезегинде оппозициянын келбей коюшун өз талаптарын негиздеп бере албай калуудан чочуду деп мүнөздөгөн.

Бул аралыкта айрым жарандык лидерлер оппозиция менен бийликти бир үстөлгө отургузуу үчүн үчүнчү тарап керек экендигин белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG