Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

10:38 24.11.2018

Уюштуруучулардын маалыматында курултайга 28 саясий жана коомдук уюмдар, 19 партиянын өкүлдөрү катышууда.

10:45 24.11.2018

Президенттик аппараттын өкүлү Алмаз Кененбаев: Курултай элди бириктириши керек. Баарыбыз мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Ал коомдогу бардык маселелерди ачык талкуулоого аянт болуп бериши керек. Курултайда айтылган сын пикирлер, сунуштар мамлекет башчыга жеткирилет жана тыкыр текшерилет. Мамлекет башчы коррупцияга каршы жүрөштү жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгын көрүп жатасыңар. Мамлекетибизди бириктүү идеясы баарыбызды бириктириши керек.

10:47 24.11.2018

Курултайдын жүрүшү

10:54 24.11.2018

Азимбек Бекназаров: Мурдагы айрым аткаминерлер улам жаңы келген президенттердин коюн-колтугуна кирип, коррупциянын үрөнүн себишкен. Алардын Сапар Исаковдон, Жантөрө Сатыбалдиевден эмне айырмасы бар? Азыркы президенттин дагы бир иши: ал ушул коррупция менен күрөшүп жатканы. Бирок коррупция менен күрөшүү тандалма жүрүп жаткандай сезилүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG