Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:26

Экс-президенттин макамы кандай болот?


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев экс-президенттин макамы боюнча мыйзамдын чоо-жайы тууралуу кеп салат.

«Азаттык»: Данияр мырза, Кыргызстанда президент тынч жол менен тунгуч ирет алмашуучу учурга саналуу күн калды. Мунун өзү экс-президенттин макамы жөнүндөгү маселени кайрадан кароону шарттап, депутаттар тобу президент жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун даярдап, парламентке сунуш кылды эле. Ал мыйзам эмне болду, даярдалган вариант өтчүдөйбү, инаугурацияга чейин парламент буга үлгүрөбү, президенттердин кимиси ага кол коюп, күчүнө киргизет?

Данияр Нарынбаев: Бул мыйзам абдан маанилүү мыйзам. Аны карап атканда Конституциялык мыйзамдуулук комитети коомчулук менен кеңешип, акылдашып, эксперттердин катышуусу менен изилдеп туруп, кабыл албасак болбойт деген бүтүмгө келген. Аны менен демилгечилер да макул болушту. Беш фракциянын беш лидери кол коюп, демилгечи катары чыгышты. Бул мыйзамды өткөн айда коомдук угуу катары комитеттин алдында чогулттук, атайын эксперттер чет өлкөдөн келип кетишти, бул жердеги маселени жакшы түшүнгөн эксперттерди чакырып талкуу жүргүздүк. Ал узак талкуу болду.

Ошол талкуунун жыйынтыктарын эске алуу менен бул мыйзамга көп толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан иштеп чыгып бүтүп атабыз. 1-декабрга чейин жетишели деп жакшы аракет кылдык, бирок тилекке каршы жетише албай калдык. Бирок биз шашпай, сапаттуу чыгарышыбыз керек деген жыйынтыкка келип, азыр иштеп атабыз. Жаңы жылга чейин комитеттен өткөрүп, жалпы коомчулукка чыгарып, дагы иштеп жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңеш карайт деген тилегибиз бар.

«Азаттык»: Кызматын өткөрүп берип жаткан президент Роза Отунбаева 1-декабрдан кийин формалдык жактан алганда укуктук жактан белгиленбеген макамы жок калабы ал ортодо?

Данияр Нарынбаев: Жок, андай эмес. Биздин мурда кабыл алынган президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө мыйзам бар. Ал жерде экс-президентке тиешелүү атайын жоболор каралган. Бул мыйзамда ошол жоболор кайталанып, керек болсо кеңейтилип, өзгөртүлүп кабыл алынат. Бирок азырынча эски мыйзам иштеп турат.

«Азаттык»: Эми кандай болуп атат. Жаңы мыйзамдын жоболору күч менен кетирилген эки президентке жайылтылбай боло турган болдубу? Маселен Акаевдин жактоочуларынан ал Бакиев менен теңештирилгенине нааразы сөздөр чыкты эле соңку күндөрү.

Данияр Нарынбаев: Жогорку Кеңеште каралып атканда бул маселе сөзсүз түрдө көтөрүлөт, каралат, ушул мыйзамда тиешелүү жоболор жазылат. Менин жеке пикирим боюнча, Акаевге тиешелүү жоболорду кийинкиге калтырат элем. Бакиевге тиешелүүсү каралып, ушул мыйзамда чечилет деген ойдомун.

«Азаттык»: Жаңы мыйзамда албетте Кыргызстан өзүнүн экс мамлекет башчысына кам көрөт. Мындай шартта экс-президент өз болочогун, андан аркы карьерасын аныктоодо колу-буту мыйзам аркылуу байланабы, же байланбай, ал кааласа эл аралык уюмдарга иштеп кете алабы? Дегеле өлкөнүн бедели үчүн экс-президенттин өлкөдө калганы туурабы, же кааласа сыртка иштеп кеткени деле туурабы?

Данияр Нарынбаев: Президент да адам. Конституциябызда белгиленгендей, эң биринчи адамдын укуктарынын бири бул каалаган жерге, каалаган тармакта иштегенин эч ким чектей албайт. Бирок ошол эле мыйзамда бир жобону сунуштап атабыз, экс-президенттик наамды алган күндөн тарта жаңы шайланган президент милдет катары экс-президентти мамлекеттик, же коомдук иштерге аралаштырып, чакырып, сунуш кылышы керек деген милдет катары тагылыш керек деп атабыз. Себеби биздин экс-президенттерибизди мындан ары ушундай жол менен кете турган болсок, чоң тажрыйбаны топтогон, мамлекетте болуп аткан иштерди жакшы билген адам катары мамлектибизге андан ары да элдин кызыкчылыгына иштеткенге шарт түзбөсөк болбойт. Бирок бул сунуш катары болот. Мажбур түрдө бул жака иште деп эч ким айта албайт, ал адамдын өз эрки.

«Азаттык»: Экс-президенттин ишин камсыздоонун техникалык жактары чечилгенби, 1-декабрдан кийин Роза Отунбаева кайда отурат, кайда жашайт, ким тейлейт?

Данияр Нарынбаев: Мурда кабыл алынган мыйзам бар. Ал жерде жазылып турат, мамлекеттик резиденциядан атайын турган жай аныкталат, чыгымдары да каралган, анча көп эмес, ошонун негизинде турак-жайы болот, бирөөлөрдү кабыл алам десе ал жерде шарт түзүлөт.

«Азаттык»: Демек муну өкмөт чечип берет?

Данияр Нарынбаев: Сөзсүз түрдө. Бул нерселердин баары өкмөттүн карамагында.

«Азаттык»: Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG