Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Шайлоо алдындагы шашылыш демилге


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизменин негизинде шайлоо системасын реформалоо демилгеси көтөрүлдү.

Парламентте бул боюнча эки депутаттык топ партиялардын депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибин караган эки башка мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга даярдады.

Биринчисинде бирдиктүү шайлоо округунун принцибинде партияга жана анын тизмесиндеги ар бир талапкерге добуш берүү сунушталса, экинчисинде өлкөнү 13 шайлоо округуна бөлүп, партиялар талапкерлерин аймактык өкүлчүлүктүн негизинде көрсөтүү тартиби каралган.

Коммунист менен демократтын сунушу

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанарбек Акаев иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттик шайлоону партияга гана эмес, партиялык тизмедеги ар бир талапкер үчүн добуш берүү эрежеси менен өткөрүүнү көздөйт. Бул преференциалдык шайлоо ыкмасы деп аталып, пропорционалдык-партиялык жана мажоритардык-көп мандаттуу шайлоо системаларынын айрым артыкчылыктарын ичине камтыйт. Мында азыркыдай эле бирдиктүү жалпы республикалык округдан талапкерлер көрсөтүлүп, партиялык тизмедеги иретине карабастан, алган добушуна жараша депутаттык мандат алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттардын бири Исхак Масалиев шайлоочуга партиялык тизмедеги талапкерди кошо тандоо мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

- Келаткан парламенттик шайлоодо бул эрежени киргизүүгө бир аз техникалык жактан убакыт кетиши мүмкүн. Бирок биздин шайлоочулар шайлоо бекетине барып, кайсы бир партияны тандап эле калбастан, анын партиялык тизмесиндеги конкреттүү талапкерге добушун берет. Шайлоочу добуш берүү учурунда конкреттүү адамга ишеним көргөзүп жатканын билиши керек. Ошондо аталган партияга ким кандай добуш алып келгени так болуп, кийин добуштарды эсептеп чыгарууда жана депутаттык мандат тапшырууда талаш-тартыш болбойт. Саясатчы болуп, мыйзам чыгаруу иши менен алектене турган адам өлкөгө таанымал болушу шарт.

Буга чейин бул шайлоо ыкмасынын кемчилиги катары шайлоочулар үчүн партияны жана андагы талапкерлерди тандоонун татаалдагы белгиленген. Анткени мыйзам долбоорун талкуулоодо кагаз бюллетенге партияларды жана талапкерлердин тизмелерин киргизүүнүн ыңгайсыздыгы боюнча маселе келип чыккан. Бирок мыйзам демилгечилери эл аралык уюмдардын көмөгү менен электрондук бюллетендерди киргизүү мүмкүнчүлүгү бар экенин сунушташкан.

Депутат Жанарбек Акаев бул ыкма талапкерди партиялык тизмеге киргизүү аркылуу ага мандат сатууга чек коё турганын белгиледи:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

- Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча депутат боло турган талапкерди "тизмеде ордуң №5 же №10 болосуң" деп партия лидери тандайт. Биз сунуштаган долбоордо партияны жана партия көрсөткөн тизмедеги талапкерди да шайлоочулар өздөрү тандап, добуш беришет. Депутаттыкка талапкер 500-600 миң доллар акчасын партия лидерине берип коюп, "чыйт" түкүрүп жата албайт. Бул мыйзам талапкерди эл менен тыгыз иштөөгө мажбурлайт. Эл менен иштеше албаса, элге жек көрүндү болгон талапкер болсо, анда партиялык тизмеден ылдый сүрүлүп кала берет. Жигердүү талапкерлер партиялык тизмеде канчанчы орунда турганына карабастан жакшы добуш алса, анда ал алдыга чыгып, депутаттык мандат алууга мүмкүнчүлүк болот.

Атаандаш мыйзам долбоору

Ошол эле кезде вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган парламенттин 16 депутаты демилгечи болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда да партиялык шайлоо принциби сакталып, бирок партиялык тизмени түзүүдө аймактык өкүлчүлүк эске алынган.

Мыйзам долбооруна ылайык, парламенттик шайлоодо өлкө он үч округга бөлүнүп, ар бир партия ошол округдардан талапкерлерин көрсөтөт. Демилгечи тарап парламент элдик өкүлчүлүктүн органы болгондуктан анда аймактардын өкүлдөрү толук көргөзүлүшү керек деген жүйөнү келтирди.

Бул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Улукбек Ормонов алар сунуштаган мыйзам долбоорунун айырмачылыгы тууралуу буларга токтолду:

- Партияга жана талапкерге бирдей добуш берүү болсун деген сунушка бардыгы эле каршы болуп жаткандыктан, анда биз парламенттик шайлоодо 13 шайлоо округун түзүп, ар бир партия ошол аймактарда ондон депутаттык орун боло турган болсо, өзүнүн партиялык тизмесин түзүп, ар бир партия ондон талапкер көрсөтө алат деген ченемди сунуштап чыктык. Бул эми партиялык эле шайлоо. Бирок талапкерлер элге жакын болсун деген ойдо, аймактык кызыкчылыкты эске алып, ушул ыкманы иштеп чыгып, киргиздик.

Шайлоо системасын өзгөртүү зарылдыгы

Негизинен эки башка мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттык топтун экөө тең партияларды тандап, тизмедеги талапкерлерге кошо добуш берүү тартибин караган шайлоо ыкмасын сунушташууда. Мыйзам долбоорлору парламенттик шайлоону жалпы республикалык шайлоо округу же аймактык шайлоо округдарга бөлүү тартибинен гана айырмалана турганы көрсөтүлгөн.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев кандай болгондо дагы азыркы шайлоо системасы чоң реформага муктаж экени көрүнүп калганын айтты:

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

- Азыркы шайлоо мыйзамдары байларга гана артыкчылык берип койгон. Ал эми азыр колунда бар байлар кимдер? Алар аткезчилик менен иштеген же кылмыштуу жолдор менен киреше тапкан ишкерлер, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү же бирөөнүн мүлкүн тартып алган рейдерлер. Азыркы шайлоо системасы менен шайлоо болсо, ушул эле адамдар кайра парламентке келишет. Алар шайлоого барышпайт. Алар мандатты сатып алышат. Азыр ушул шайлоо системасын кескин өзгөртүү боюнча кооомдук талап болуп турат. Ошондуктан мыйзам чыгаруучулар ийри отуруп, түз кеңешип бул кемчиликти оңдошу зарыл.

Буга окшош мыйзам долбоорун 2014-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан. Анда талапкерлердин партиялык тизмесин аймактык округдар боюнча түзүү жана ар бир талапкерге добуш берүү эрежеси сунушталган.

Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алып, бирок кийин шайлоонун бул ыкмасы регионализмге алып келет деген шылтоо менен четке кагылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG