Ошол эле кезде жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин шайлоо штабынын бир бөлүгүнө айланып, даяр үгүт материалдарын жайгаштыруу менен гана алек болуп калганы сынга алынды.
Үгүт өнөктүгүнүн абалы боюнча уюштурулган талкууда маалымат каражаттарына карата бир катар сын-пикирлер айтылды. Мындай жагдай шайлоочулардын талапкерлер тууралуу акыйкат маалымат алуусуна тоскоол болору белгиленди.
Ошондой эле фейк (калп) жаңылыктар күчөп, талапкерлерди бир жактуу каралаган же мактаган маалыматтардын агымы көбөйүп жатканы талдоого алынды.
Медиа "куралга" айланганда
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган талкуу учурунда медиа эксперт Азамат Тынаев жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы үгүт иштерине жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал медиа каражаттары коомдук кызыкчылыкты алып жүрүүчү социалдык милдетинен четтеп, талапкерлердин шайлоо штабдарынын бир бөлүгүнө айланып калган жагдайдан кеп салды.
Шайлоо: "кара пиар" чектен чыкты
Шайлоо: "кара пиар" чектен чыкты
Азамат Тынаев жалпыга маалымдоо каражаттары президенттикке талапкерлер жана шайлоо жараяны туурасында бейтарап анализ жасай албай жатканын сынга алды:
- Биздин бир топ эле чоң редакцияларда деле талапкерлердин штабдарынан жана алардын каражатынан көз каранды болбогон маалымат саясаты такыр жүргүзүлбөгөнү ачыкка чыгып калды. Азыр бардык эле жергиликтүү редакциялар ошол талапкерлердин шайлоо штабдарынан түшкөн үгүт материалдарын кайрадан иштеп чыгып, жайгаштыруу менен гана алек.
Алардын негизги күчтөрүнүн баары мына ошол жакка гана багытталып жатат. Талапкерлердин баарын тегиз карап, алардын буга чейинки ишмердигин объективдүү таразалап, шайлоочуларга ар бир талапкердин алган саясий багытын, кызыкчылыктарын, баалуулуктарын жана шайлоо алдындагы убадаларын чечмелеп, анализ жүргүзүп, маалымат берүү деген дээрлик жокко эсе. Жалпыга маалымдоо каражаттарында бул иштер менен алектене турган адам калбай калыптыр. Азыр биздин жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин шайлоо штабынын эле бир бөлүгүнө айланып калгандай элес калтырат. Анан ырасталбаган, такталбаган жана булагы көрсөтүлбөгөн маалыматтарды фейк аттар менен фейк жаңылыктар катары жайылтуу өнөкөтү күч алды.
Маалымат таратуудагы азыркы көрүнүштөр келип-келип эле, биздин коомдогу саясий маданияттын деңгээлин көргөзүп турат.Абдыжапар Бекматов
Ошол эле кезде интернеттеги фейк аккаунттар аркылуу социалдык тармактарда жана жаңыдан ачыла калган сайттар аркылуу ырасталбаган жана булагы көрсөтүлбөгөн ушактар кеңири жайылып жатканы белгиленди. Ал жалган жалааларды жайылткан тараптарды таап, чара көрүү маселеси көтөрүлдү. Бирок интернеттеги дайыны белгисиз маалымат булактарын аныктоо татаал экени айтылды. БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бул жагдай туурасында мындай деди:
- Мына ошол маалымат таратуудагы азыркы көрүнүштөр келип-келип эле, биздин коомдогу саясий маданияттын деңгээлин көргөзүп турат. Анткени мына ошондой мүнөздөгү каралоолор жана фейк"маалыматтар биздин шайлоочулардын талапкерлер тууралуу кеңири маалымат алуусун камсыздаганы менен айрым учурларда аша чаап, кооптуу жагдайларга жол берүүдө. Анткени маалымат каражаттарынын өкүлдөрү айрым бир талапкерлердин куралына айланып калганы баса белгиленип айтылды. Мен шайлоонун мына ушундай этаптарында ушуга окшогон нерселерден этият болууга чакырат элем.
Эки жээктин эрегиши
Акыркы учурда реалдуу атаандаштыкты жарата ала турган талапкерлерге карата каралоо өнөктүгү кеңири жайылды. Ал адистешкен шартта жана системалуу деңгээлде уюштурулуп жатканы көрүнүп турат.Бегалы Наргозуев
Ал арада оппозициялык саясатчы Бегалы Наргозуев бийлик атаандаш талапкерлерди каралоо үчүн маалымат ресурстарын кеңири колдонуп жатат деп айыптады. Анын айтымында мындай өнөктүк, адистешкен жана тутумдашкан шартта даярдалган:
- Шайлоо өнөктүгү учурда өзүнүн курч фазасына келип жетти. Бул жагдайдан алып караганда маалымат каражаттарында туура эмес үгүт иштерин жүргүзүү дагы соңку мезгилде агрессивдүү мүнөзгө өттү. Айрыкча реалдуу күрөш жүргүзө ала турган талапкерлер чыккандыктан бул шайлоо өнөктүгү учурунда бийлик системалуу түрдө, жогорку деңгээлдеги "кара пиарды" уюштурууну күчөттү. Акыркы учурда реалдуу атаандаштыкты жарата ала турган талапкерлерге карата каралоо өнөктүгү кеңири жайылды. Ал адистешкен шартта жана системалуу деңгээлде уюштурулуп жатканы көрүнүп турат.
Анткен менен башка бир талдоочулар каралоо бир гана бийлик жактан эмес, ага атаандаш талапкерлердин штабдары аркылуу да жайылып жатканын эскертишти. Үгүт өнөктүгү учурунда талапкерлерди карандай каралоого байланыштуу БШКга жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн 27 арыз келип түшкөн. БШКнын үгүт иштерди көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу бул арыздарды карап чыгып, айрымдарына эскертүү берген.
БШКнын мүчөсү Назарали Арипов маалымат айдыңындагы кармаш үч талапкердин ортосунда жүрүп жатканын белгиледи:
- Арыздардын баары негизинен түздөн түз шайлоо алдындагы өнөктүк учурундагы үгүт иштерине байланыштуу. Бул жерде бирөөнүн үстүнөн экинчиси арызданып, негизсиз каралоолор болгону туурасында даттанган учурлар болуп жатат. Маалымат каражаттары жана социалдык түйүндөр аркылуу 13 талапкердин арасынан үчөө үгүт иштерин катуу атаандаштыкта жүрүзүп, иш алып барышууда. Ошол атаандаштыктын негизинде бирөөнү мактоо же башка атаандашты каралоо сыяктуу көрүнүштөр орун алууда. Мындай каралоолор мурда дагы болгон. Мындан кийин дагы боло бермекчи. Анткени бул саясий күрөштүн бир усулу катары колдонулган табигый көрүнүш.
Мындан сырткары БШКнын мүчөсү Назарали Арипов каттоодон өтпөгөн интернет сайттары жана чет элдик басылмалар аркылуу үгүт эрежелерин одоно бузган учурлар байкалып жатканын белгиледи. БШКнын алдындагы жумушчу топ эреже бузган бардык маалымат булактарын толугу менен көзөмөлдөп, үлгүрө албай турганы мисалга алынды.