Элвира Сариева “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктап, азыркы кызмат ордунда калууну чечкенин билдирди.
Анын алдында КСДП тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөрдөн мурда уюшма кылмыш топтун лөгү атыккан Дилмурат Акпаралиевдин тизмесинен чыгарганы маалым болду. Дооронов деген фамилиясын өзгөртүп алган, эки ирет соттолуп чыккан, Жалал-Абадда Чаткал менен Ала-Бука райондорун тескеген, кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда “положенец” макамын алып жүргөн Акпаралиев тууралуу “Азаттык” биринчи жазып чыккан болчу. Партиянын штабы Акпаралиевдин тизмеге кантип кирип, кандай жагдайда чыгарылганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Азыр “Кыргызстан” партиясынын тизмеси коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатат. Аталган партия курултайында алдыңкы 13 гана адамдын атын ачык жарыялап, калганын жабык бекиткен. Ишенимдүү булактардын билдиришинче, “Кыргызстанда” тизме боюнча талаш-тартыш катуу болду. Башынан эле эл арасында “капчыктуулар, Социал-демократтар партиясынын тизмесине илинбей калгандар партиясы”, деген атка конгон бул партияда бир эмес эки тизме даярдалганы айтылууда. Бирок Нарын облусунун мурунку губеранатору, тизмеде 13-орунда турган Канатбек Муратбеков тизмеде кутумчулук бар деген сөздөрдү четке какты:
- Тизме жашырылган жок. Курултайда лидердин эсинде 13 адам калган, ошолорду айтты. Ал 170 адамдын баарын эсине сактай албайт да.
“Ата Мекен” партиясынын өкүлү, Талас облусун 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан бери дээрлик беш жылдай башкарган Койсун Курманалиеванын бул партиянын тизмесине кирбей калышы түрдүү күдүк ойлорду жаратты. Анткени биринчилерден болуп кызматын өз эрки менен тапшырып, шайлоого барыш ниети бардыгын билдирген. Койсун Курманалиеванын өзү тизмеге илинбей калган себебин айткысы келген жок:
- Сураныч, ушуну талкуулабай эле коелучу. Мен “Ата Мекенден” эч кайда кеткен жокмун. Бул мен айта турган сөз эмес, туура эмес болуп калат.
Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков менен саясатчы Адахан Мадумаровдун шайлоого бирге барышы боюнча азыр деле талкуу токтой элек. “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясында да тизмеге байланыштуу чыр чыкты деген сөз тарады. Такталбаган маалымат боюнча, ири өлчөмдө акча берген, бирок партиянын тизмесинде 29-орунга илинип калган талапкер таарынган шекилдүү. Партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров “Азаттыктагы” маегинде бул окуя боюнча төмөнкүчө жооп берди:
- Саясий партиялардын тегерегинде эмне деген гана сөздөр жүрбөйт. Азыр шайлоого барабыз деген партиялардын тегерегинде толгон-токой сөздөр бар. Муну ошолордун бири катары кабыл алсаңар болот. Азыр тизмедеги ордуна чейин, 29-орун деп айттыңар. Туура. Эгер ким биз менен пикири дал келбеген болсо, ал бош. Кете берсе болот. Акчасын төгүп коюп, андай-мындай дегендей биз акча жыйнап, акча менен партия кураган жерибиз жок.
“Ар-намыс” партиясынын тизмесине кирген оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соңку партиялык шайлоодо 50 миң доллардай акча короткон экен. Ал "Ар-намыста" каражатка байланыштуу маселе чыккан жок деп ишендирди:
- Ушунча акча чыгарасыңар дегендей сунуш да, талап да болгон жок. Бул округга барасың, ошол жерден добуш албай калсаң деп касам ичиртип, каргантып, баласынын келечеги менен ант берген жокпуз. Эгерде өтсөк өтөбүз, өтпөй калсак буюрганын, башка салганын көрөбүз. Биз “Ар-намыс” партиясына мүчө болдук. Ушул партиянын Жогорку Кеңешке өтүшүнө аракет кылабыз. Ар ким өзүнө иштейт. Мындайча айтканда, биздин аракеттерибиз мыйзамга толугу менен жооп берет.
Эмнеси болсо да, бул шайлоодогу тизме түзүү саясий соодалашуу менен эсте калчудай. Атын ачык атагысы келбеген, бирок абройлуу эле партияларга талапкер болууну каалагандар маселен, алдыңкы 30 орун 300 миң доллардан 500 миң долларга чейин бааланганын айтып беришти. Оштогу серепчи Ыдырыс Кубатбековдун баамында, тизме түзүү ачык-айкын болгон жок, буга чейинки убадалар унутта калды:
- Апрель ыңкылабынан кийинки парламенттик шайлоодо бийликтегилер “бул ирет чукул болуп калды, талапкерлерди иргегенге чоло тийген жок, көбүрөөк таза адамдарды алып келе албай калдык, кудай буюрса кийинкисинде баары жакшы болот, баары тазаланат”, деп убада беришти эле. Бул тизмени түзүү ошол убадалардын баарын жок кылды. Тизме түзүү ачык-айкын болгон жок. Талапкерлер кантип тандалды деген жагдай көмүскөдө калды. Тизмени бир топ эмес, бир-эки эле адам чечкени көрүнүп калды. Кыргызстанда талапкерлерди тандоонун эч кандай критерийлери жок экени белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясына тизмелерди тапшыруу мөөнөтү 25-августта аяктайт. Аталган мекемедеги жумушчу топтун башчысы Канатбек Азиздин “Азаттыкка” билдиришинче, соңку маалыматка ылайык 11 партия тизмесин тапшырды:
- Бардык саясий партиялардын тизмесин 4-сентябрга чейин текшерип бүтөбүз. Биздин байкашыбызча, бүгүн дагы үч-төрт партия тизмесин бериши керек. Талапкерлердин соттолуп-соттолбогону тууралуу маалымдамасынан сырткары биз да өзүнчө ИИМге кайрылып текшеребиз.
Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери расмий түрдө добуш берүүгө бир ай калганда башталат. Негизи 30дан ашык партия шайлоого катышуу ниетин билдирген болчу.