Бул иш боюнча мурда тергөөдө айыптоо багытында көрсөтмө берген айрым күбөлөр баштапкы түшүнүк каттарынан баш тарта баштады. Самаковду коргоо комитети күбөлөрдүн тергөөдөгү көрсөтмөлөрү бурмаланганы жана басым астында алынганы ачыкка чыгып калды деп билдирүү таратты.
Буга чейин Башкы прокуратура Карганбек Самаков ал жер аянттарын Жаныш Бакиевдин таасири аркылуу коррупциялык жол менен мыйзамды бузуп, трансформациялап, кийин турак жай куруу үчүн соодалаган деп айып койгон болчу.
Күбөлөрдүн күтүүсүз жүрүшү
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарындагы жалпы аянты 262 гектар айдоо жерлери 2008-жылы коррупциялык жол менен трансформацияланган деген негизде Башкы прокуратура мурдагы парламент депутаты Карганбек Самаковго кылмыш ишин козгогон.
Андан соң бул боюнча документтерге кол коюшкан мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго жана экс вице-премьер, ошол кездеги жер комиссиясынын төрагасы Искендербек Айдаралиевге иш ачылган. Бул жерлер боюнча Аламүдүндүн мурунку акимине да кылмыш иш козголгон.
Булардын арасынан алгач депутат Карганбек Самаков кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Буга чейин үзгүлтүккө учурап келген бул иш Бишкектин Октябрь райондук сотунда карала баштады.
Саясатчы Самаковду коргоо комитетинин өкүлү Нурдин Дүйшөнбеков учурда мамлекеттик айыптоо чакырган күбөлөр көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жаткан жагдайга токтолду:
- Күбөлөр берген көрсөтмөлөрүнүн мазмунун билбегени ачыкка чыкты. Буга чейин тергөөчүлөр күбөлөр “Самаков камалсын, ага иш козголсун” деп көрсөтмө беришти деп келишкен. Анан эле сот учурунда мына ошол күбөлөр тергөөчүлөр жазып бергенге эле кол коюп бергенбиз деп түшүндүрүшүүдө. Дагы бир күбө ага жабык номурлардан оперлербиз деп белгисиз адамдар телефон чалышып, басым көрсөтүшкөнүн айтышты. Буга байланыштуу тергөөгө мына ошондой көрсөтмө бергенин белгиледи. Дагы бир нотариус болгон күбө аны тергөөчүлөр камайбыз деп коркутушканынан улам ошондой көрсөтмө бергенин айтты. Анан Аламүдүндүн акими бул иштин бардыгы Бакиевдердин басымы менен жасалган деген мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартып, аны ошондой деп жазганга мажбурлоо болгонун сотко айтып берди.
Буга чейин Аламүдүндүн аталган айылдарынан айдоо жерлерин саткан жарандар Самаковго карата нааразылык акциясына чыгып келишкен. Алар айдоо жерлери арзан баада сатып алынып, кайра кымбатка сатылганына каршы чыгышкан болчу. Андан соң Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен өкмөт аталган жер тилкелерин трансформациялоо боюнча ошол кездеги токтомду жокко чыгарган. Андан соң Чүй облусунун райондор аралык соту Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы Карганбек Самаковго таандык делген 42 гектар айдоо жерди кайра айыл өкмөткө кайтарган чечим чыгарган. Мындай чечимге тараптардын тынчтык келишими себеп болгон.
Тергөө материалдары боюнча Самаков башында бул айдоо жерлерине турак жай курууга уруксат берилсе, ири инвестиция тартыларын айткан. Ал жер тилкелерине “Силк-Роуд” бизнес борбору, “Лаззана” гольф клубу, “Давос” турак жай комплекси жана аквапарк сыяктуу инвестициялык долбоорлор ишке аша турганын жана көптөгөн жумуш орундары ачыларын белгилеген. Бул тууралуу тергөөдө Самаковго каршы көрсөтмө берген күбөлөр тергөө учурунда кемчилик кеткенин айтышып, эми анысынан айный башташты.
“Байтик-Ынтымак” айыл чарба кооперативинин өкүлү Наташа Камчыбекова үлүш жерин саткандардын Самаковго дооматы жок экенин билдирди:
- Анан эми “Давос” деген көп кабат үйлөрдү салды да. Жумуш орундары болду. Биздин айылдын балдары ошол курулушта иштешти. Ошол айтканын аткарды. Мен тергөөгө ошондой деп эле айткам. Башкача болушу мүмкүн эмес, андай башкача көрсөтмө бергеним эсимде жок. Азыр эч кимдин деле доосу жок. Биздин тургундар аларга берилген үлүш жерлерин каалаган адамга сата алат да.
Бирок ошол эле кезде мамлекеттик айыптоочулар күбөлөр эмне себептен башында тергөөдө башкача түшүндүрмө берип, эми минтип сотто тескерисинче көрсөтмө берип жатышканына кызыкты. Байтиктеги үлүш жерин саткандардын бири Жамал Султанбекова тергөөдө түшүнүк катты кыргызча бергенин, бирок кийин тергөө протоколунда анын көрсөтмөсү орусча жазылып, анын мазмуну кандайча болгонун дагы билбей турганын белгиледи. Ошондой эле ал мамлекеттик айыптоочулар менен адвокаттар берген тактоочу суроолордун көбүнө көп убакыт өткөнүнө байланыштуу “эсимде жок” деп жооп берип жатты.
Күбө Жамал Султанбекова өзүнүн баштапкы берген көрсөтмөсү кандайча жазылганын төмөндөгүчө айтып берди:
- Эми аны жазып жатканда кандай абалда жазганым эсимде жок. Мен өзүмө тиешелүү жерди саткан эмесмин. Күйөөм өзүнө караштуу жерин саткан. Мен ага макулдугумду бергем. Бизге акча керек болгондуктан, өз каалообуз менен эле сатканбыз. Ошондуктан дооматым жок. Ошол кезде биздин айылдагылар акчага муктаж болгон үчүн үлүш жерлерин саткан болчу. Көбү эле үйлөрүн оңдошту, карыздарынан кутулушту. Азыр деле элдин көбү кредитте отурушат. Менде эле эки кредит бар. Анан жер сатпаганда эмне кылмак элек...
Мамлекеттик айыптоо: күбөлөрдүн өзгөрүшү таңкалычтуу
Ошол эле кезде мамлекеттик айыптоочу сотко мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жаткан күбөлөргө карата аларга тергөөдө же андан кийин кандайдыр бир басым же кысым болду беле деген суроо менен кайрылды. Бирок ал бул тууралуу күбөлөрдөн бир жактуу жооп алалган жок.
Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу Жеңишбек Нурдинов тергөө учурунда күбөлөр өз ыктыяры менен көрсөтмө бергенин ырастай турган далилдер бар экенин айтып, соттогу бул жагдай аларга дагы түшүнүксүз болуп турганына токтолду:
- Тергөөгө көрсөтмө берип, “жалган болсо жоопко тартылам, туура жазылды” деп колун коюп жатышат. Биз алардан өз ыктыяры менен көрсөтмө алганбыз да. Тигил жерде көрсөтмө берди. Тергөө протоколуна аны окуп туруп анан колун коюшкан да. Эми сотко келгенде башкача көрсөтмө бергендери бизге түшүнүксүз. Мүмкүн башка тараптардан аларга басым болуп жатышы мүмкүн. Ошондой жазгыла деп эч ким аларды мажбурлап кыйнаган эмес. Тергөөдө ошондой көрсөтмө бергендерин болсо, бүгүн сотто жокко чыгарып, эсимде жок дегени кызык болуп жатат.
Жер тилкелери кандайча мыйзамдаштырылган?
Тергөө материалдары боюнча 2008-жылы 27-августта Самаковдун аталган айдоо аянттарын калктуу тилкеге которуу боюнча суроо-талабынан өкмөттүн алдындагы ошол кездеги республикалык жер комиссиясы баш тарткан.
Өкмөт ал жердин кимге таандык экенин териштиргенде анын бардыгы мыйзамдуу экени аныкталган. Мына ошондон кийин гана мага кол коюуга берилген болчу. Биз мында жерди бир категориядан эле экинчисине которуп койдук. Бул деген аны бирөөнүн менчигинен экинчисине өткөрүп берди дегендикке жатпайт.Игорь Чудинов
Бирок Карганбек Самаков ал айдоо аянттарынын категориясын өзгөртүү боюнча экинчи ирет суроо-талап жөнөтүп, анысы 2008-жылы 11-октябрда канааттандырылган. Бул чечимге ошол кездеги жер комиссиясынын төрагасы, өкмөт башчынын орун басары Искендербек Айдаралиев кол койгон. Буга байланыштуу Айдаралиевдин дагы жоопкерчилиги каралып, учурда сотто сурак берүүдө.
Мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиев айдоо аянттарын трансформациялоодо жер мыйзамдары бузулган эмес деп эсептейт:
- Эми менчик ээлери үлүш жерин сатабы же коёбу өздөрү билет да. Бизде жер реформасы бүткөндөн кийин жерди алып-сатууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынган. Жер кодекси боюнча "айдоо жерлерин алты багыт боюнча трансформацияга өткөрсө болот” деп турат. Мына ошолордун бири социалдык объекттерди курууга жана жеке турак жай үчүн жер тилкелерин жарандарга берүү үчүн трансформация кылууга болот. Элдин саны өсүп жатат. Ошондой учурда айдоо аянттары сугат жери болобу же жайыт болобу трансформация кылууга боло турганы мыйзамда каралган.
Тергөө органдары бул жер аянттарын трансформациялоо боюнча өкмөттүн токтомун кабыл алдырууга Жаныш Бакиевдин түздөн түз таасири болгон деген версияны иштеп чыккан. Тергөө органы ошол учурда Карганбек Самаков менен Жаныш Бакиевдин ортосундагы мамиле жер сатуу кызыкчылыгына байланышкан деп шектенген эле.
Анда айдоо аянттарын арзан баада сатып алып, трансформациядан кийин аларды кайра турак жай куруу үчүн кымбат баада сатууга байланышкан коррупциялык схеманын тамыры табылгандыгы жарыяланган болчу. Бирок Самаковдун санаалаштары айдоо аянттарынын трансформацияланышы мыйзамдуу деген ойдо. Анткени жер аянттарынын көпчүлүк бөлүгү үлүш жер катары жеке адамдардан сатылып алынган.
Жерди трансформациялоого түрткү берген негиздер
Бирок бул ишке кириптер болуп жаткан мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов айдоо аянттарын башка категорияга өткөрүү тартиби бузулган эмес деп белгиледи:
- Документтерди изилдөө жана экспертиза жасоо сыяктуу иштердин бардыгы ошол кездеги жер комиссиясына тиешелүү болчу. Өкмөткө болсо аппарат менен мамлекеттик каттоо даярдаган токтом гана келип түшкөн. Ал токтом “Чүй облусунун жер аянттарын трансформациялоо демилгесин колдоо” деп аталган. Буга чейин ал айыл өкмөтүнөн баштап өкмөткө чейинки үч этаптагы бийлик инстанцияларын басып өткөн. Өкмөт ал жердин кимге таандык экенин териштиргенде анын бардыгы мыйзамдуу экени аныкталган. Мына ошондон кийин гана мага кол коюуга берилген болчу. Биз мында жерди бир категориядан эле экинчисине которуп койдук. Бул деген аны бирөөнүн менчигинен экинчисине өткөрүп берди дегендикке жатпайт.
Бул жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынган. Ал Самаковдорго ишти жабууну убада кылып, 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Башкы прокуратура буга чейин Карганбек Самаков ал жер тилкелеринин көбүн сатып, 8 млн. доллардын айланасында мыйзамсыз киреше тапкан деген негизде кылмыш иш козгогон болчу.