Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Оппозиция сот чечимдерин талкуулагысы келет


"Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери депутаттар соту учурундагы нааразылык акцияда. Бишкек, 29-март, 2013.
"Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери депутаттар соту учурундагы нааразылык акцияда. Бишкек, 29-март, 2013.

Оппозициячыл маанайдагы саясатчылар сот чечимдерин анализдеп туруу үчүн коомдук кыймыл түзүү демилгесин сунуштады.

Бул демилге 1-июлда Бишкекте талкууланып, "Ата-Журт" партиясынын депутаттары уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүү ниетин билдирди. Ошол эле учурда бул ишти сотторго басым жасоонун бир формасы катары баалагандар да бар.

“Ата-Журт” демилгени колдоду

1-июлда Бишкекте айына бир ирет чогулуп, сот чечимдерин талкуулап туруучу аянтча түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул демилгени “Ата-Журт” партиясынын шаардык сот актаган депутаттары колдоого алышууда.

Маселен, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров бул аянтча кайсы бир иш боюнча соттун чечимин талкуулаганга, анын мыйзамдуу же мыйзамсыз болгондугун аныктаганга жардам берет деп ишенет.

- Бул демилгени бизге Марат Кайыпов сунуш кылды. Мамлекетте укугу бузулган адамдар көбөйүп кетти, соттор адилетсиз, мыйзамсыз иштерди көп жасай баштады. Ошого байланыштуу укук коргоочулар кыймылын түзөлү деген экен. Биз келип катыштык, колдоп бердик. Анткени бул туура. Биз да мунун баарын өз башыбыздан өткөрдүк.

Бирок Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 17-июнда аларды актап чыгарган Бишкек шаардык сотунун өкүмүн адилет деп баалашкан. Прокурорлор болсо бул үч депутатты 10 жылга чейинки мөөнөткө соттоону суранган болчу.

Аталган кыймылды уюштуруу жана түзүү иштеринин башына мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов шайланды. Кайсы бир соттун кабыл алган өкүмү аянтчада талкууланып, кабыл алынган чечимдер жана сунуштар Соттор кеңешине, президентке жана парламентке жөнөтүлүп турмакчы.

Депутат Садыр Жапаров кыймылдын максаты тууралуу буларды айтат:

- Бул кыймыл отчет албайт. Сот адилеттүү, мыйзамдуу чечим чыгардыбы же буйруктарды аткарып жатабы деген маселени талкуулап, бүт коомчулукка жеткирүүнү гана максат кылып жатат.

Сот чечими талкууланбаш керек

Мындай кыймыл түзүү боюнча алгачкы жыйынга Азиза Абдрасулова менен Токтайым Үмөталиева сыяктуу укук коргоочулар жана бирин-экин уюмдардын өкүлдөрү келгенин эске албаганда, негизинен “Ата Журт” партиясына жакын адамдар катышты.

Андыктан бул көрүнүш түзүлүп жаткан кыймыл же аянтча ушул гана партиянын таасиринде болуп калат деген пикирлерди да жаратпай койгон жок.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова эгер андай болсо бул демилгенин келечеги жок деп эсептейт:

- Эгерде “Ата-Журт” партиясы өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп, ушул аракеттерди жасап жатса, анда бир-эки тегерек үстөлдөн кийин эле бул аянтча токтоп калат өзүнөн-өзү эле. Бирок бир жагынан бул үч депутатты да түшүнсө болот. Анткени түрмөдө тогуз айга жакын отуруп чыгышты. Ошондуктан булардын аталган маселеге кайрылып жатканын мен адам катары туура деп эсептейм.

Негизинен жыйынга катышкан укук коргоочулар аянтча түзүү боюнча демилгени колдоого алышты. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева мыйзамдардын чийкилигин талкуулап, ошону менен бирге экономикалык жана кылмыш иштери боюнча багыттарда иш алып барууну сунуштады.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, сот өз чечими боюнча жоопкерчиликке тартылбайт жана түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес. Ал басым катары саналат.

Ошондуктан бул аянчада соттун кабыл алына элек чечимдери талкууга алынбашы керек дейт укук укоргоочу Азиза Абдрасулова:

- Соттордун күчүнө кирген гана чечимдерин, өтө маанилүү сот чечимдерин гана талкуулайлы деп жатышкандары туура. Бирок жеке мен өзүм соттун чечимин талкуулаганга каршымын. Мыйзамга ылайык, сот өз чечимин мыйзамдарга жана ички туюмуна карап кабыл алат. Ошондой эле кабыл алган чечими үчүн жооп бербейт. Ошон үчүн бул жерде өкүм кабыл алган сотту күнөөлөп эмес, эгер чечими туура эмес болуп калган болсо, андан чыгуунун жолдорун талкууласа болот.

Эки жаат соттошуп жаткан соң, адатта ар бир сот чечиминин артында нааразы тарап болот. Андыктан сот чечимин талкуулоого каршы чыккандар бар.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев өнүккөн мамлекеттерде соттун чечими талкуулоого жатпасын, бирок Кыргызстан ал деңгээлге жетүүнүн жолдорун издеп жатканына токтолду:

- Бул нерсени жаңы бутуна туруп келе жаткан мамлекет үчүн керектүү нерсеби деп ойлоп жатам. Бирок негизи өнүккөн мамлекеттерди - Европаны, Американы алсак, аларда соттун чечимин талкууга алууга эч кимдин акысы жок.

Кыргызстан эки жыл мурда сот реформасын жарыялаган. Бирок анын жүрүшү жана натыйжасы боюнча да эки ача пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG