Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Апта: террорчуларды издөө, мандат талаш...


Абактан качкандарды издөө учурунан бир көрүнүш, 14-октябрь, 2015-жыл
Абактан качкандарды издөө учурунан бир көрүнүш, 14-октябрь, 2015-жыл

Узап бараткан аптада Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды. “Жайшул Махдинин” мүчөлөрүн кармоо операциясы жүрдү. Тогуз айда Кыргызстан экономикасы эмнеге жетишти?

15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 120 орундуу Жогорку Кеңеште Социал-демократтар партиясы 38 мандат алышты. “Республика Ата-Журт” 28 депутаттык орунга, “Кыргызстан” 18, “Өнүгүү-Прогресс” 13, “Бир Бол” 12, “Ата Мекен” 11 мандатка ээ болду. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын бекиткен токтомун жарыялаган жок. Бул талдоочуларды ар кандай жоромолдорго түрдүүдө. Анын ичинде партиялардын соттошуу мүмкүнчүлүгүн чектөө катары бааланууда.

Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланар алдында күтүлгөндөй эле КСДПдан сырткары бардык партиялардын тизмесинде өзгөрүү болду. Өзгөчө “Республика Ата-Журт” жана “Кыргызстан” партияларынын тизмесинде олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн талапкерлер тизмеден чыгарылды.

Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев партиянын жыйынында, 20-октябрь, 2014-жыл
Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев партиянын жыйынында, 20-октябрь, 2014-жыл

Мындай чечим айрым талапкерлерди Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгууга түрттү. Митингге чыккандар тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазбаганын билдиришүүдө.

“Республика Ата-Журттун” өкүлдөрү өз кезегинде тизмеден чыгарылгандар өз округдарынан жетиштүү добуш алалбай калгандар экенин кабарлашты. Эки ортодогу бул келишпестик тизмеден чыгарылган талапкерлер менен партия лидерлеринин соттошуусуна алып барышы күтүлүүдө.

“Бир Бол” партиясы биринчи ондуктагы Лунара Мамытованы тизмеден чыгарса, “Ата Мекен” мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди жана Асия Сасыкбаеваны мандат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Мыйзам боюнча партиялык тизме менен, ал эми иш жүзүндө бир мандаттуу округдардан өткөрүлгөн шайлоо ошентип жаңжалдарды жаратты. Келечекте мындай жаңжалдарга жол бербеш үчүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунуштары кайрадан жаңырды. Айрым саясат таануучулар партиялык тизмелер коррупцияны күчөткөнүн айтып, пропорционалдык жана мажоритардык ыкма менен шайлоо тартибине өтүүнү сунушташты.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бир мандаттуу округдардан шайлоого баруу зарылчылыгын турмуш далилдегенин айтат:

- Партиялар өздөрү да округдар менен иштешип жаткандан кийин кайра эле бир мандаттуу округга келгенге жол ачылып калды. Муну мыйзам жолу менен, Конституцияны өзгөртүү менен жасаш керек. Бул үчүн референдум дайындалыш керек. Экинчи жагынан, шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү каалаган жарандар көп болсо, анда өздөрү аракет жасаса болот.

Тизмеден чыгарылган талапкерлер жана партия лидерлеринин ортосунда чыгып жаткан жаңжалга токтолгон Акылбек Сариев мындай жаңжал 2010-жылдагы шайлоодон кийин да чыкканын, бирок алар алдын ала жазылган арыздардын негизинде тизмеден чыгаруудан баш тартып, токтотконун белгиледи. Азыркы БШК, тескерисинче, мурунку жазылган арыздардын негизинде талапкерлерди тизмеден чыгарды.

Коалиция түзүү милдети, оппозиция убайымы...

Кандай болгон күндө да Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Эми талапкерлерге мандат берилип, жаңы шайланган Жогорку Кеңеш биринчи сессиясына чогулат.

Ал эми эски Жогорку Кеңеш өзүнүн акыркы сессиясын өткөрүп, ишин жыйынтыктады. Парламенттин жаңы курамынын алдында көпчүлүк коалицияны жана өкмөттү түзүү милдети турат.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жаңы коалиция куроо үчүн мандат президент тараптан КСДПга берилеринде шек жок. Ал эми КСДП курай турган коалицияга кирүүгө парламентке өткөн бардык партиялар дилгирлигин билдирип жатышат. Мындай шартта парламентте татыктуу оппозиция болобу деген суроо туулат. Саясат таануучу Марс Сариев татыктуу оппозиция болуу кубаты жалгыз “Ата Мекенде” болгонун, бирок ал 11 мандат менен өтө алсызданганын айтат.

Ал эми саясат талдоочу Талант Эгембердиев парламентке оппозиция боло турган күч келбегенин белгиледи:

- Жаңы бир демилге, долбоор менен жаңыдан келген оппозиция жок. Ал эми оппозиция өзү ар дайым керек. Ал дайым кемчиликтерди айтып туруш керек. Ал узурпацияга жол бербеш керек. Бизде болсо ким коалицияга кирбесе эле оппозиция болуп калды. Негизи ал башкача болуш керек эле. Идеологиялык жактан, программалык жактан оппозиция жок.

Саясатчы Эдил Байсалов "парламенттин бул курамы мурункудай эле өкмөттүн ишин толугу менен колдойт, коалиция программага эмес, кадр бөлүштүрүү жана кимдин кимге жакындыгына карап түзүлөт" деп эсептейт.

Кыргызстанда бийлик учугу президенттин колуна топтолгондуктан жаңы парламенттин келиши өзгөчө бир окуя катары кабылданбай калды. Анын үстүнө парламентте президентке жакын партиялардын үстөмдүк кылуусу баары эски нугунда каларын кепилдейт.

Террорчулар системадагы кемчиликтерди көрсөттү

Бир аптадан бери Кыргызстандын күч структуралары Бишкектин тегерегинде абактан качкандарды издешти. Чүй облусунда жайгашкан №50 абактан тогуз киши 12-октябрга караган түнү качып чыккан. Качуу учурунда Жаза аткаруу мекемесинин үч кызматкери өлтүрүлүп, бирөө оор жарадар кылынган. Жарадар болгон подполковник Тилек Абылгазиев төрт күндөн кийин каза тапты.

Абактан качкандардын бешөө ошол күнү эле кармалган. Калгандардын жашынган жери 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү аныкталып, тартип коргоо органдары "Дордой" базарына жакын жайгашкан жаңы конушту тинтүүгө алышты. Издөө учурунда абактан качкандардын бирөө атып өлтүрүлдү. Ал Данияр Кадыралиев деп жарыяланды. Анын жанындагы Азамат Мүсүралиев изделүүдө. Ал эми алар менен бирге качкан Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдырахмановдун дайыны белгисиз.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 абактан качуу Кыргызстандын Жаза аткаруу системасындагы кемчиликтерден кабар берет. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов:

- Бул жерде системалык чоң кемчиликтер бар. Жөнөкөй эле тартиптин сакталбай калышы бул бери жагы эле. Бул террорчулар лагердик системадагыдай аралашып жүрүшкөн. Ошолорду ушундай жеңилдетилген шартта кармоо жоопкерчиликсиз мамиленин акыркы чеги болсо керек. Бул террорчуларга баары бир. Алар жанын кечип койгон. Булардын мээси экстремисттик идеологияга сугарылган.

Марат Иманкулов мындай жанкечти кылмышкерлер өзүнчө, катуу көзөмөлдө каралыш керектигин кошумчалады.

Абактан качкандар
Абактан качкандар

Абактан качкандар Кыргызстанда тыюу салынган “Жайшул Махди” диний уюмунун активдүү мүчөлөрү деп жарыяланды. Айрым динге жакын адамдар “Жайшул Махди” деген аталышты шииттерге жакындатат. Анткени шииттер кыяматта акыркы имам катары Махдинин келишин күтөт. Марат Иманкулов Кыргызстанда “Жайшул Махдини” түзгөн адамдар аталыштын мааниси жөнүндө түшүнүгү жок болуш керек дейт:

- Минтип атап алгандардын өздөрүндө түшүнүк жок болсо керек. Бирөө мындай кылабыз десе, макул болушса керек. Анткени алардын арасында арабча түшүнгөн, араб тилин жакшы билген бирөө да жок болчу.

Белгилүү болгондой, “жэйш” деген сөз арабчадан которгондо армия дегенди билдирет, ал эми Махди кыяматта келип, адилеттүүлүктү орнотуучу Мухаммед пайгамбардын мураскери катары кабылданат.

Диний аалым Кадыр Маликов имам Махди ишеними сунниттерде да бар болгонун айтат:

- Махдиге ишеним сунниттерде да, шииттерде да бар. Бирок биздеги “Жайшул Махди” шииттик эмес, сунниттик багыттагы террордук топ. Ал радикалдык такфиристтик салафияга ыктаган секта. Сунниттерде имам Махди деп аталат. Бул хадистерде да айтылат.

Кадыр Маликовдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда радикалдуу көз караштагы адамдар 2007-жылы “Жайшул Махди” уюмун түзүшкөн. Бул уюмдун Кыргызстанда тарапкерлери аз. Бирок алардын идеологиясы билимсиз жаштарды тартып кетүүсү менен опурталдуу. “Жайшул Махди” менен "Ислам мамлекети" террордук тобунун, "ал-Каиданын" идеологиясы окшош.

Тогуз айдагы экономикалык көрсөткүчтөр

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикасы жаман эмес көрсөткүчкө жетишүүдө. Быйылкы жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички дүң продукция 106.3% өстү. "Кумтөрсүз" экономикалык өсүш 104.3% түзгөн. Премьер-министр Темир Сариев бул көрсөткүчтөрдү жаман эмес деп атап, кээ бир эксперттердин республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен экономикалык абал начарлайт деген божомолу туура келбей калганын белгиледи.

Ош базары
Ош базары

Өнөр жайы тогуз айда 117% өскөн. Бирок "Кумтөрдү" кошпогондо 102% гана өскөн. Айыл чарбасы өткөн жылы төмөндөгөн болсо, быйылкы жылы 106% өскөн. Бул жалпы республикада түшүмдүн жакшы болушунан да байкалып турат.

Курулуш тармагы өсүү темпин басаңдаткан. 2014-жылы курулуш 121% өссө, быйылкы жылы 107% ашуунга көтөрүлгөн. Бирок Кыргызстандагы курулуш компаниялары үй, батирлерге суроо-талап азайып, курулуш абдан эле төмөндөп кеткенин билдирип келатышат.

Жалпы тышкы соода өткөн жылга салыштырмалуу сегиз айдын ичинде 17% төмөндөгөн. Анын ичинен экспорт 3%, импорт 21% кыскарган. Импорттун мына ушундай төмөндөөсүнө карабай тышкы соодада тескери баланс сакталууда. Маселен, сегиз айда экспорт 917 млн. долларды түзсө, импорт 2 млрд. 720 млн. долларды түзгөн.

Соода балансындагы мындай абал улуттук валюта сомдун да туруктуулугуна олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан Улуттук банктын өкүлдөрү импорттун ордун толтуруу саясатын жүргүзүү талабын көтөрүп чыгышты. Бул абалды өзгөртүү боюнча көп сөздөр айтылып, бирок реалдуу иштер жасалбай келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG