Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 09, 2025
Варшава: "Сөз эркиндиги боюнча чындыкты айттык"
-
Октябрь 09, 2025
Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды
-
Октябрь 09, 2025
Орусиядан чыгып кетип, Сербиядан орун тапкан мигранттар
-
Октябрь 08, 2025
Ош - Кара-Суу автожолу: 1200дөн ашуун бак-дарак көчүрүлөт
-
Октябрь 08, 2025
Газа боюнча сүйлөшүүгө Трамптын күйөө баласы кошулду
-
Октябрь 08, 2025
Мыйзамсыз курулуштарды бузуу убактылуу токтотулду