Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Кадрлары күчтүү өлкөнүн кадыры да жогору


Кыргызстанда мамлекеттик кадрларды даярдоо озуйпасын Евробиримдик көтөрүүдө. Заман талабына төп келе турган кадрларды даярдоо жаатында абал кандай?

Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин стат-катчысы Тынычбек Табалдиев башка кесиптештери менен бирге Европадан тажрыйба алып келди.
Эгер мамлекеттик жетекчи кызматчыларды даярдоочу Президенттик башкаруу Академиясы заманга жараша адистерди даярдоого дарамети жетпей жатканын кеп салууда.

Кадрдык өксүктү жоюу үчүн Кыргызстан Евробиримдиктен жардам сураган. Өлкөнүн мамлекеттик Кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев Евробиримдиктин көмөгү аркылуу 28 стат-катчы Финляндия, Ирландия, Латвиядан тажрыйбага каныгып келгенин айтты.

- Иш-чаранын башкы максаты - Финляндия, Ирландия, Латвия өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматынын системасы менен таанышып чыгуу, тажрыйба алмашуу болду. Биз ал жерден айрым министрликтердин, ведомстволордун иштери менен таанышып, кесиптештер менен тажрыйба алмашып, ар кандай дискуссияларды өткөрдүк. Бул өлкөлөргө окууга баруунун бирден-бир себеби Кыргызстандын кадрдык башкаруу системаларынын аларга бир аз окшоштуктары болду. Мамлекеттик башкарууда стат-катчылар өз ордун тапты десек болот.

Евробиримдиктин “Кыргызстанда мамлекеттик кызматты реформалоого жардам көрсөтүү” долбоорунун жетекчиси Стивен Ньютондун айтымында, учкул заманга төп кадрларды даярдоо жагынан Кыргызстандын муктаждыгы дале көп.

- Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин макамын, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн 24 иш-чара өткөрүлүп, ага 720 кызматкер катышты. Ошондой эле мамлекеттик 45 кызматкер чет өлкөлөрдөн тажрыйба алмашып келишти.

Айрыкча өлкөдө кадр саясатын жүргүзүү милдетин аркалаган стат-катчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу иш-чарасына 28 кызматкер катышып, атайын сертификатка ээ болушту. Кыргызстанда айыл чарба кадрларын даярдоо, окутуу маселелери көйгөйлүү болуп турат. Бул багытта да аймактык семинарларды уюштуруп, англис, орус жана кыргыз тилдеринде үчтөн китеп чыгардык.

Жогорку кызматтарда "май токочтор"

Совет курамында экенинде Кыргызстандын мамлекеттик чечүүчү орундарга кадрлар Москвада даярдалып жиберилчү. Өлкө эгемендик алгандан бери мамлекеттик кызматкерлерди ар кайсы окуу жайдан жана Президенттик башкаруу академиясын бүткөндөрдүн арасынан тандап келишкен.

Ошол эле кезде кадр жайгаштырууда тааныштык, туугандык жана коррупциялык көрүнүштөр кеңири орун алганына Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов көңүл бурду.

- Себеби кадр маселесин министр же жетекчи өзү жеке чечип, стат-катчылар четте калып келүүдө. Ошондой эле чет өлкөдөн окуп келгени менен алардын тажрыйбасы Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келбейт.

Буга чейинки эки президенттин убагында кадр жаатында чоң кемчиликтер болуп келген. Кадр кызматына резюме таштап, таанышы жок ишке орношкондор өтө сейрек болгон. Учурда деле жумушка кирүү үчүн жакшы тааныш керек экени баарыбызга маалым. Ошол эле маалда айлык акынын аздыгы мамлекеттик кызматка жаштардын жана жаңы замандын кадрларынын келишине шарт түзбөй жатат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда азыр 18 миңге жакын мамлекеттик кызматкер иштейт.

Тез өзгөрүп жаткан заманда жаңы кадрларга муктаждык да кескин өсүп жатканынан улам бул өлкөдө былтыр мамлекеттик Кадр кызматы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG