Үрүмчүдө кыргыздар Ноорузга арналган майрамдык кечеге чогулушту. Ага Үрүмчүгө келип иштеп, окуп жүргөн Кыргызстан жарандары да катышты. Жарым миңден ашуун киши чогулган салтанат жетекчилердин куттуктоосу менен башталып, ыр-бий менен коштолду. Кечеде кыргыз тилинде жарык көргөн жаңы китептердин көргөзмөсү да болду.
Быйылкы жаз майрамына арналган кечени "Шинжаң эл басмасынын" кыргыз бөлүмү уюштурду. Мындай жөрөлгө Үрүмчүдө он нече жылдан бери уланып, аны ар-кайсы мекемелер, жеке ишкерлер кезектешип өткөрүп келишет. Келерки жылкы кечени уюштуруу кезеги "Шинжаң теле көрсөтүүсүнүн" кыргыз бөлүмүнө тийди. Бектур Илияс, Үрүмчү, 20.03.2013.
Үрүмчүдөгү Нооруз

1
Бабалардын өнөрүн улаган кичинекей манасчы

2
Жарым миңден ашуун киши чогулган салтанат жетекчилердин куттуктоосу менен башталып, ыр-бий менен коштолду.

3
Жаз майрамына арналган кечени "Шинжаң эл басмасынын" кыргыз бөлүмү уюштурду.

4
Комузда кол ойноткон жигиттер

5
Майрамдык кечеге Үрүмчүгө келип иштеп, окуп жүргөн Кыргызстан жарандары да катышты.

6
Кыргыздын таңшыган ыр-күүсү