Жогорку окуу жайынын журналистика факультетин аяктап, эмгек жолун комсомол комитетинен баштаган адис маданий мекемелерде жетекчилик кызматтарда көп жыл иштеген.
12 жыл мурун баарын таштап көркөм-сүрөт өнөрүнө бой урган сүрөтчү Мирбек Мамбетов эмгектерин «абстракция менен авангардга жакын» деп мүнөздөдү.
Ал өзүнүн Эркиндик галереясында сатыкта турган эмгектерин четинен тааныштырып жүрдү:
«Мына бул эки төө көптөн кийин көрүштү. Алтын куш учуп келип экөөнү бириктирип жатат. Көнүмүш кайталоодон алыс болуш үчүн төөнү ушинтип тарттым. Ички дүйнөмдө жаныбарларды ушундай кылып көрдүм. Атты деле башкача кылып тартмакмын».
Автордун айтымында, төөлөрдүн кездешкени өзүнчө эле чоң бир тарыхты баяндап жаткандай. Жибек жолу аркылуу кербенге кошулуп эки башка мамлекетке кеткен төөлөр кокусунан жолугуп калып ылаалап тургансыйт.
Полотнодо Саймалуу-Таштагы сырдуу жазууларга окшош ар кандай чиймелер камтылган. Сүрөтчү жеке көз карашында ааламды ың-жыңсыз караңгы түн катары көрө турганын айтты:
«Мына бул «Улуу жибек жолу» аттуу чыгармам. Ортодогу кызыл жол - кыргыздардын илгерки жоокерчилик заманы. Улуттун эркиндигин берейин дегем. Кызыл сызыктын четиндеги кара мейкиндик - чексиз аалам. Ааламда ар кандай нерселер болуп кетет. Бул жерде биздин ата-бабалар туура жол таап, туура баратканын айткым келген».
Мамытовдун сүрөттөрүн көбүнчө искусствону түшүнгөн адамдар алат. Аргымак менен сулуу кыздар, табият камтылган картиналар сатылган көчө галереясында анын беш эле сүрөтү илинип турат. Алар көптөн бери сатыла элек.
«Ойлонгон кардарлар сүрөттөрдүн маанисине карайт. Кээ бир адамдар жаратылыштын кооздугун тандайт. Кардарлардын дагы бир түрү кандай сүрөт алып жатканына маани деле бербейт. Эптеп үйүнүн бир жериндеги аянтты жапса же кимдир-бирөөгө белек кылса болду. Сүрөттөрдүн маңызын, түпкү максатын ойлонгон адамдар аз. Бирок соңку жылдары сүрөттү түшүнгөндөр көбөйө баштады».
Деген менен сүрөт дүйнөсүнө элүү жаштан кийин аралашкан Мирбек бул тармакка пайда табыш үчүн келбегенин айтууда:
«Жан дүйнөм ушул жакты самап келдим. Оюмду, ички дүйнөмдү тазалайын дедим. Ыраматылык апама сүрөт тарткым келгенин айтсам, «кагаз чиймелеп буулугуп жүрөсүң, каалаган ишиңди кыл, балам» деп калаар эле. Кийин түшүмө кирип, ошондон баштап сүрөт тартып калдым».
Каарманыбыз эмгек жолун Сары-Жаз аймагында комсомолдун катчысы болуудан баштаган. Кийин Ысык-Көл облустук адабий-музыкалуу драма театрынын администрациясында иштеген. 2000-жылы жумуштан кеткенден баштап колуна кыл калем кармаган.
«Башка жакка баргым келбеди. Далай кызматтарга чакырылгам. Эркиндикти жакшы көрүп калдым да. Анан мени сүрөт өнөрү өзүнө арбап туруп алды. Театрда иштеп, спектаклдерди көрүп, балдарга реквизиттердин, сахнанын макеттерин жасаганга жардам берип жатып сүрөт менен көркөм адабиятка кызыгып кеттим».
19 жылдан бери Мирбек тарткан сүрөттөр АКШга, Европа өлкөлөрүнө чейин сатылган. Бирок алардын ичинен төрт иши гана купулуна толгонун айтты:
«Жүрөгүмө жакын сүрөттөр үч-төртөө эле. Ал эми тартылган эмгектер көп болду. Болжол менен жүздөн ашты».
Элүү жашынан кийин өз алдынча сүрөт тартууну өздөштүргөн Мирбек Мамбетов быйыл 62 жашта. Эркиндикти жакшы көргөн сүрөткер - үч уулдун атасы.