Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Калыбеков: армиядагы абал жакшырды


Кыргызстан аскерлери.
Кыргызстан аскерлери.

Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, соңку алты жыл ичинде мекен алдындагы милдетин өтөп жүрүп өмүрү кыйылган уландардын саны 80ден ашты. Бул өңдүү окуяларга жол бербөө үчүн эмне кылуу керек? Чек ара, коопсуздук маселелерин иликтеп жүргөн көз карандысыз эксперт Улукман Калыбеков "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиздин байкооңузда армиядагы терс көрүнүштөрдүн себептери кайсылар?

Улукман Калыбеков: Бул жерде көп маселе бар. Терс көрүнүштөргө билимдин тайкылыгы, материалдык жетишпестик, тартиптин жоктугу түрткү берип, жаштардын да психикалык жактан туруксуздугу кошул-ташыл болууда. Ушунун айынан коомго жат нерселер, мушташ, бирин-бири уруп-сабоолор, үстөмдүк кылган учурлар орун алып, анын арты айрым убакта өлүм менен аяктап жатат.

Ошондуктан ар бир армияга чакырылган уланга аяр мамиле жасалышы керек. Анткени ата-энеси алпештеп баккан баласын мекенин коргосун деп мамлекетке аманатка берип жатат. Ошону эске алып, аларга көңүл бөлүү зарыл.

Аскерлердин кийим-кечектери аз да болсо оңолду, тамак-аштары жакшыра баштаганын байкап жатам.

Эгерде аскердин оорулуу экени же кандайдыр бир психикалык жактан өзгөрүүлөр байкалса, аны ачык айтып, башка бөлүккө которуу же башка чара көрүү керектигин офицерлер жетекчилерине кабарлашы керек. Жоокерлердин абалына байкоо салынса болмок. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат.

Дагы бир жагдай, бизде жарандар милдеттүү түрдө аскердик милдетин өтөөгө тийиш деген талап бар эмеспи. Анткен менен көбүнчө колунда жоктордун, айылда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары эле барып калып жатпайбы. Ошолор эле кийин офицер болуп иштеп калууда.

“Азаттык”: Армиядагы терс көрүнүштөрдү алдын алуунун кандай жолдору бар? Армия канткенде жакшырат?

Улукман Калыбеков: Акыркы 25 жылдан бери бул тармакта реформа болуп жатат. Бул да изденүүнүн бир жолу. Мурун деле кайгылуу окуялар болуп келген, бирок жабылуу бойдон калып калчу. Азыр коом ачык болуп, мындай нерселердин ачыкка чыгып жатканы жакшы көрүнүш.

Ата-эне алпештеп баккан баласын мекенин коргосун деп мамлекетке аманатка берип жатат.

Бирок, менин пикиримде, келишимдик негизде аскерде милдет өтөө тажрыйбасы калыптанса, кайгылуу окуяларга бөгөт коюлмак. Өнүккөн өлкөлөрдө милдеттүү түрдө аскерге чакыруу өнөктүгү жок. Алар аскерлерди келишимдик негизде кабыл алат. Ошол ыкманы биз да алышыбыз керек.

“Азаттык”: Кыргыз армиясынын азыркы абалына жана аскерлерге түзүлгөн шартка кандай баа бересиз?

Улукман Калыбеков: Он жыл мурун Куралдуу күчтөрдүн абалы аябай начар болчу. Азыр шарттар акырындап жакшырып келатат. Мамлекеттин аскер кызматкерлерин үй менен камсыздоо, жоокерлердин казармаларынын шартын жакшыртуу, жаңы казармаларды куруу аракеттерин оң бааласа болот. Аскерлердин кийим-кечектери аз да болсо оңолду, тамак-аштары жакшыра баштаганын байкап жатам. Мурункудай ач калып, кезерген балдар жок. Ошол эле маалда реформанын алкагында терс көрүнүштөргө жооп берген жетекчилер, офицерлерди жазалоо күчөтүлсө, калгандарына сабак болмок деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG