Алар соңку кездери милиция себепсиз токтотуп алып, паспортун текшерген, акча доолаган, тоноп алган учурлар көбөйгөнүнө даттанышууда. Байкоочулар мунун айынан Кыргызстан меймандос өлкө деген туристтик кадыр-баркына шек келип жатканын белгилешет.
АКШда чет элдик жарандарга милициянын мамилеси кандай? Бул боюнча АКШдан келген ыктыярчы, өзүн кыргызча Байсал деп атап алган жигит мындай пикирин билдирди:
Кыргызстанда чет элдик жаран аэропорттон түшкөндөн тарта өзүн коопсуз сезеби? Ошондой эле Кытайда чет элдиктерге милициянын мамилеси кандай?
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan