Кыргыз телеси 60 жашта
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Салтанатта КТРКнын тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордун ыр, күү, бийлери менен коштолду. Мындан 60 жыл мурда, 8-декабрда обого кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү чыккан. Бул күн Кыргыз телерадиоберүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. КТРКнын курамында учурда алты телеканал: "КТРК", "КТРК Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан",“КТРК Спорт” жана "Ала-Тоо 24" обого чыгууда. Филармонияда өтүп жаткан жыйынга президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев мамлекет башчысынын атынан 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Чыгарылыштар
-
Февраль 26, 2025
Раймалы менен Бегимайдын махабаты сахнада
-
Февраль 09, 2025
"Аманды КГБда иштеген жылдар жабыркатты"
-
Декабрь 14, 2024
Сапаралиев: “Ыстаканда кантың бар” мага тагылган тумар болду
-
Декабрь 08, 2024
Арабаевдин тагдыры сахнада