Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

Кыргыз-казак алакасы: маданият саясаттан бийик


Кыргыз-казак чек арасында турган адамдар. 10-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасында турган адамдар. 10-октябрь, 2017-жыл

Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси бузулуп, чек арада тоскоолдуктар жаралган күндөн тарта социалдык тармактарда эки өлкөнүн жөнөкөй тургандарынын бири-бирине көмөктөшкөн видеолору, өнөр адамдарынын ынтымакка чакырган роликтери тарады.

Жакында эле казак-кыргыз жаш юмористтери биригип чек арадагы тоскоолдуктун махабатка таасири тууралуу тамашалуу ролик тартышкан. Анда жаш жигит Бишкектеги сүйүктүүсүнө барарын апасына айтса, ал каршы чыгат. Бишкектик кызды атасы Алматыга жибербей коёт. Видеонун аягында алардын ата-энеси балдарынын чек арада сааттап кезек күтүүсүн каалабай жатканы белгилүү болот.

Жаш юморист Нурсултан Курсаналы уулу ушул роликти биргелешип тартууну казакстандык кесиптештери сунуштаганын айтып берди.

- Казакстандан Юфрейм командасынан чалышты. Алардын Инстаграмда 3 миллионго жакын катталуучусу бар. Роликти ошончо адам көрөт. Анан сценарийин биз түзүп чыктык. Кандай гана саясий оюндар болбосун кыргыз-казак бир тууган болуп кала берет. Ушул маселени көргөзөлү дедик.

Коңшулардын мындай мамилесинде өнөр адамдарына дагы четте турган жок. Маселен, белгилүү кыргыз төкмө акыны Жеңишбек Жумакадыр казак президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып ырдады.

Калың эл турат, кыйналып,

Айкөлдүк кылып Нур ага,

Чек араңызды ачыңыз.

Өзөндө суубуз бир эле,

Өзгөчө катуу кетпеңиз,

Өзөккө ууну сеппеңиз,

Ач калса багып алышкан,

Айрыкча, кыргыз даанышман,

Ошол тарыхты эстеңиз, – деп ырдаган Жеңишбек акын кыргыз-казактын бир тууган экендигин баса белгилеп, чек ара маселесин жөнгө салууну сураган.

Кыргызстандын Эл артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова бул окуяга жүрөгү ооруп турганын жашырган жок.

- Мындай учурда чыгармачыл адамдардын жүрөгү оорубай койбойт. Бийлик карапайым элдин ынтымагына көлөкө түшүрбөшү керек. "Алыскы туугандан жакын коңшу артык" деген сөз бар. Жакшылыкка кубана билген, өнөр казынабыз бир элбиз. Журт башында тургандар эки элдин карым-катышын бекемдеп турушу керек. Тынчтык, ынтымак бар жерде ырыс уялайт. Элге жакшылык кылган унутулбайт. Менин аткаруумда Мухтар Шахановдун "Эр Манастын элинде" деген ыры менен казактын "Адеми ай" деген элдик ыры бар. Мындай ырлар кыргыз менен казактын ар бир ырчысынын аткаруусунда бар.

​Казакстандын эмгек сиңирген маданият кызматкери Сауле Жанпейисова да ушундай эле пикирде:​

Сауле Жанпейисова
Сауле Жанпейисова

- Быйыл жазда Ысык-Көл аймагында эл аралык фестиваль өттү. Ошондо калыстар тобунун мүчөсү болдум. Эки баш байгенин бирин шакиртим Элмира Дауренбекова, экинчисин Элмира аттуу кыргыз ырчысы алды. Фестивалга бир нече мамлекеттин өнөрпоздору катышты. Өнөр жагынан кыргыз менен казак бири-биринен озуп кетип же артта калган эмес. Ошондуктан кыргыз-казак бир тууган деп айтылып калган. Кыргыз менен казакты эч ким айырмалай албайт. Тили да, дили да бир, казакча айтканда жыры, кыргызча айтканда ыры бир. Бир нече жолу Кыргызстанга концертке барды. Ал жактын ырчыларын да чакырып жүрөбүз. Саламат Садыкова деген эжебиз казак элинин ырчысындай болуп калды. Роза Багланова эки элдин тең Эл артисти. Роза апабыз дүйнө салган күнү Кыргызстанга симпозиумга бардым. Ошондо жыйналган эл ордунан туруп, Багланованы эскерип, урмат-сый көргөзүштү. Бул өнөргө, элибизге болгон урмат-сый эмей эмне?

Казакстандын Эл артисти, кинодраматург Талгат Теменов:

- Кыргыздын "Бетеге кетет бел калат, бектер кетип эл калат" деген керемет сөзү бар. Анын сыңарындай мунун баары убактылуу нерсе. Казак менен кыргыз эзелтен куда-сөөк болгон, бири-бирин издеген калк. Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармаларын Мухтар Ауезов окуп, батасын берген. Эки элдин өнөр жолу тыгыз байланышта. Кыргыз баурларым менен досторума айтарым, сабыр керек. Кыргыз менен казак эч качан жоолашкан эмес. Канча казак кыргыз элинин арасында, канча кыргыз казак элинин арасында жашап жатат.

Сентябрь айынын башында Кыргызстанда өткөн театр фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болдум. Ага Кыргызстандагы театрлар менен Казакстандагы жаштар театры барды. Нурканат Жакыпбай эң мыкты режиссер деген сыйлыкты жеңип алды. Чыгыш Казакстан театры да сыйлык алды. Мунун баары казак менен кыргыздын достугунун күчү.

Убакыт өтөт, баары кар сыяктуу эрийт. Жамбыл, Шу, Кеген, Нарынколдо кыргызча ырдабаган казак жок. Алтынбек Коразбаев кыргыздын өз ырчысына айланган. Актер Досхан Жолжаксынов кыргыздын кинолоруна тартылса, кыргыз актерлор биздин тасмаларга түшүп жүрөт. Бири-бирибизди өлүмгө кыйбаган калктарданбыз.

Казак эстрадасынын белгилүү ырчысы Саят Медеуов эки элдин ортосундагы достук эзелтен келатканын эске салды:

- Жамбыл атабыз кайтыш болгондо кыргыздар келип көңүл айткан экен. Ошондо "Жамбылдын дүйнөдөн өткөнүн бизге эмнеге айтпадыңар, топурак салбай калдык. Акындын сөөгү силердики, эти биздики эле го" деп жоктогон жайы бар. Ошол кезде Умбетали Карибаев чыгып кайрат айткан. Белдешем десең эл көп, элдешем десең эл аз. Кенен Өзүрбаевдин Базар менен Назары кайтыш болгондон кийин кыргызга барган. Ошондо кыргыздын Осмонкул деген акыны козусу менен кымызын алып келип бата кылган экен. Ошол көңүл айтууда эки элдин достугу тууралуу сөз болгон. Алар казак акындарын, ырчыларын, бийчилерин тааныйт. Казак акыны Багдат Самединова менен композитор Алтынбек Коразбаев эки элдин орток таланты. "Сенин да кийгениң ак калпак, менин да кийгеним ак калпак, сенин да бетиң жап-жалпак, менин да бетим жап-жалпак" деген тамашалуу сөз бар. Агайындар ортосунда достук үзүлбөөгө тийиш.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, кинорежиссер Бусурман Одуракаев:

- Казак менен кыргыз адабияты, музыкасы мурда кандай болсо азыр да ошондой. Быйыл Казакстандын эмгек сиңирген коомдук ишмери, белгилүү жазуучу Рахымжан Отарбаевдин республикалык театралдык фестивалын өткөрдүк. Кыргыз театрлары анын тогуз чыгармасын сахналаштырдык. Бул драматургга эмес, жалпы казак элине сый, бир туугандык, ынтымактуу мамилебиздин белгиси. Президенттер келет-кетет, эл эмне болорун ойлоо керек. Кыргыз менен казактын ортосунда мамиле сууп калабы деген кооптонуу бар. Бирок эч качан андай болгон эмес. Сайдын ары жагында казактар, бери жагында биз турабыз. Адабиятыбыз, маданиятыбыз бири-бирибизге оошо берет. Былтыр Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү өттү. Анын алдында Астана менен Алматыда болгон. Ал токтобойт.

Ал эми кыргызстандык кинорежиссер Руслан Акун эл жакшылары орток пикир табат деген ишенимде:

- Боордош кыргыз менен казак элинин мамилеси сууп баратат дегенге кошулбайм. Балким кыргыз менен казак бийлигинин ортосундагы мамиле сууп бараткан чыгаар, бирок элдин мамилеси муздабайт. Мен жакында эле чек арадан өттүм. Кыргыз эли да, казак эли да кыйналып жатат. Эң башкысы эмоцияга берилбей, жагдайды токтоолук менен жеңүү керек. Байыртан келе жаткан ынтымакты сактап калуубуз абзел. Саясат кээде мамлекеттер арасын алыстат, ал эми өнөр менен маданият элди бириктирет. Ошондуктан эки элдин бийлиги сабырдуулук кылып, эки тарапка пайдалуу орток чечимге келет деген пикирдемин.

"Азаттыктын" архиви: Бейшеналиев: Чөжө - кыргыз-казактын акыны

Казакстан 10-октябрдан тарта чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Учурда жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен жүк өткөрүү маселеси чечиле элек.

Макалага "Азаттыктын" казак кызматынын видео, аудио жазуулары кошулду. Асылхан Мамашулу жазган казак тилиндеги макала менен бул жерден тааныша аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. 

XS
SM
MD
LG