Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Элеттиктер Шамбесайды иштетүүгө каршы чыкты


Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын тургундары Шамбесай алтын кенин иштетүүгө каршы митингге чыгышты. Инвесторлор менен жергиликтүү эл тил табыша албагандыктан кен иликтөөгө лицензия алынганы менен иш токтоп турат.

Митингге чыккандар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышты. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтып чыгышты.

- Чалгындоо иштеринен кийин бул чуңкурларды жаап кетиши керек эле. Себеби элдин конушуна жакын. Мына булар ачык жатат.

- Кен ачылса биздин өндүргөн мөмө-жемишти, эгинден алган түшүмдү бул радиация деп эч ким сатып албай коёт. Азыр да бизге кулак түрүп турушат.

Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар кытайлык “Тианди” компаниясынын өкүлү Вентао Ли экологияга зыяны тийбей турган ыкма иштелип чыкканын жана кенден түшкөн акча жергиликтүү казынаны байытаарын чогулган элге айтты.

- Биздин технология экологияга зыяны тие тургандыгы айтылганда биз башка жолун иштеп чыкканбыз. Азыр экологияга терс таасир бербегендей жол менен иштейбиз.

“Тианди” компаниясынын юристи Куттубек Рыскулов буларды белгиледи:

- Компания бүгүнкү күндө Шамбесай кени боюнча 3 млрд. сом инвестиция алып келүүгө даяр. Бул деген биздин өлкөнүн казынасына 300 млн. сомдон ашык салык төлөнөт дегенди билдирет. Кадамжай районуна 200 млн. сом, Майдан айыл аймагына 50 млн. сомдон ашуун салык түшөт.

Бирок майдандыктар менен кытайлык компаниянын өкүлдөрү тил табыша алган жок. Чогулган эл аймакта кен иштетүүгө толугу менен каршы экендигин билдиришти.

Шамбесайлыктар митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Кытайлык компаниянын акыркы картасы боюнча Майдан айылынан бир нече турак үй жана короо жайлар алардын аймагына кирип калган. Долбоор боюнча кен иштетүү ишканасы айылга өтө жакын болгондуктан жергиликтүү тургундар кооптонуп жатат.

Майдан айылдык кеңешинин депутаты Мурза Курмушуев буларды айтты:

- Булардын координаттык чекиттерин көргөнүбүздө каръердин аймагына 87 турак жай кирип калган. Ага каршылык көрсөткөнүбүздө эми азыр биз турган жерден тосмой болушуптур. Бул эл турган жерлер бургулоочу жабдыктарды орното турган жер. Алар мына бул айылдын ичинде да бургулоо иштерин жүргүзүшкөн.

Кен иштетүү боюнча кытайлык компания өкүлдөрү менен жергиликтүү эл ортосундагы сүйлөшүү аягына чыкпай, келгендер таркап кетишти.

Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG