Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Абдрахмановдун "улутчул" күндөлүгү (3-бөлүк)


Жусуп Абдрахманов
Жусуп Абдрахманов

Быйыл Кыргызстан өлкө эгемендигинин 25 жылдыгын белгилейт. ​Кыргызстандын ХХ кылымдын 1920-30-жылдарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери Жусуп Абдырахмановдун саясий ишмердүүлүгү, эл үчүн жасаган кайраткер аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү, жазган эмгектери бүгүнкү азат Кыргызстандын жетекчилерине, жаштарына, жалпы элине дем бере турган, осуят болор мааниси чоң. Элдин өз эгемендигин өзү чечиши керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп, Москванын алдына койгон. 1927-32-жылдарда Жусуп Кыргыз республикасынын Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштеп турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин эки жолу кайталап коёт. Кийин Жусуп камалганда так ушунусу "улутчулдук"деп бааланган. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгын айтышат.

Айтылуу жердешибиздин артында калган урпактарына жеткен орошон ойлору катылган күндөлүгүнөн журналист Бакыт Орунбековдун котормосунда жарыялайбыз. (Абдрахманов күндөлүктү орус тилинде жазган).

(3-бөлүм)

26.IX.

Эртең менен Союздук Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун кеңешмесинде болдум. Рудзутак менен жолугуп, темир жол жөнүндө дагы сүйлөштүм. Москвада чечиле турган бир топ маселелер боюнча Дублицскийге (34) тапшырма берди. Дубл. жакшы кызматкер. Эгер бир топ кызматкерлер Кыргызстанды ал сүйгөндөй сүйсө жаман болбос эле. Андай болбой жатпайбы. Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан берилип сүйүп, ал үчүн күйүп-бышып иштеп, кам көрүүчү мамлекет эмес, аны туйтунуп байып алуунун объектисине айландырып алышкан. Менин элимдин бактысыздыгы ушунда.

Искендер келиптир, анын сөзү боюнча жаңылык, өзгөрүү деле жок. Сөз арасында айтып калды, мени партиялык ишке жиберет экен деп. Бул жаңылык эмес эле.

Өнөр жай тибиндеги кулактык жөнүндө мыйзам жиндидей документ. Бул деле жаңылык эмес. Ачуу болсо да моюнга ала турган нерсе, короодогу чочколор бейкапар жаткандай эле Кыргызстандагы иштеп жаткан адамдардын көбү өлкөнүн тагдыры жөнүндө кайдыгер. Бул өзгөчө жергиликтүү элге таандык.

Мени Исайко, Якупбаев, Дублицский жана Муся... узатышты.

Кош бол, Москва!

1.X.28 ж.

Бүгүн Ташкентке келдим. Токо менен жолуктум. Вагондон түшкөндө ал менден жалгыз келдиңби, башка жолдоштор келген жокбу деп нече жолу сурады. Анын суроосунун төркүнү түшүнүктүү эле, М., келген жокпу дегени. Ооба, ал мени менен келген жок, мындан ары ал эч качан мени менен жүрбөйт.

Жолдо келатып күндөлүк жазбадым. Ошондуктан жолдогу таасирлеримди бүгүн жазып отурам. Жолдо жакшы келдим. Жолдошторум менен шахматта салгылашып көрдүм. Ван Центенанын “Счастливые дни”, Спиридовичтин “Записка жандарма”, Мережсковскийдин трилогиясынын “Антихрист” бөлүгүн окуп чыктым.

Акыркы эки түн уктаган жокмун. Ал түндөр ачык жана сулуу болуп турду. Көңүлүм ачылып азия түндөрүн сагынып калганымды сездим. Азиянын айлуу, ажайып түнүн жакшы түшүнүш үчүн Азияда жашаш керек. Кызыл-Ордодон вагонго Харитонов отурду. Аны ошондо жакындан билдим. Жакшы жолдош.

Бүгүн Тер (35) менен Гикалодо (36) болдум. Зеленский (37) Ташкентте жок экен. Чума жөнүндө тири укмуштарды айтышты. Экөө тең кыргыздын “патриоттору” болуп калышты.

Тер менен Орто Азия Федерациясын уюштурууну тездетүүнүн зарылчылыгы жөнүндө жана кыргызга тиешелүү башка маселелер боюнча сүйлөштүм. Гикало менен обкомдогу башка жашыруун суроолорду талкууладым. Ал мага партиялык ишке өтүүнү сунуш кылды. Эл комиссарлар советине ким келет? Мындан эч нерсе чыкпайт окшойт. Чыкпаганы ушул, эгер Эл комиссарлар советине Эркинди (38) отургузушпаса мен партиялык ишке өтпөйм. Эл комиссарлар советинде иштер чачтан көп, бардык курулуш иштери топтолгон, башкалары утулушат.

... ЭКОСОнун кеңешмесинде болдум. “Интергельпону” сырье менен камсыз кылуу боюнча “согуштум”. Тер мени колдоп, оюм ишке ашты. Фрунзеге жөнөдүм. Ал жакта эмне күтүп жатат?

4. X.

Мен эми өз шаарымда, өлөң төшөгүмдө. Таң калычтуусу баары чоочундай, баары жийиркеничтүү. Жумушума бардым. Колуман келет. Бул Мурат. Володя (39) Нат (40) менен эмне болдуң, деп сурады. Бүттү. Бүттүбү? Мүмкүн - телеграмма жок, кат да жок.

Эл комиссарларын кабыл алдым. Иштердин абалы менен тааныштым. Бюджетибиз жакшы эмес жана айыл чарба салыктары боюнча аша чабуулар бар...

5.X. (Жума)

Эл комиссарлар советинде иштедим. Эл комиссарларын жана кооператив кызматкерлерин кабыл алууну уланттым. Мал чарба кооперацияларында иш начар. Кыймылдаган жан жок. Шаров (41) менен Иванов (42) менде болушту. Алар Курулуш боюнча эл комиссариатынын темир жолдун Токмок веткасын курууга даярдык көрүү жөнүндө буйругу бар экенин айтышты. Линияны Кант станциясына жеткирүү үчүн 700.000 рубль жетпейт экен. Зелинскийге тапшырма берүүнү чечтим, ал Борбордук Комитеттин пленумуна барганда каржылоо маселесин аягына чейин чыгарыш керек. Колунан келбесе өзүм барууга туура келет, чоңдордун эшигин дагы жыртышым керек. Башка арга жок...

6.Х.

Мага Эл комиссарлар советинин айыл чарбасы жөнүндөгү резолюциясынын долбоорун карап берүүгө беришти. Практикалык эч нерсеси жок. ВКП (б)нын облустук комитетинде мен сунуш кылгандарды кайра чампалап, аябай сабатсыз жазышыптыр. Суусу көп. Бюджеттин абалы мышык ыйлагыдай. Маданий-социалдык чыгашалардын көлөмү азайган. Капиталдык салымдар менен гана азгырылып, эң негизги - маданий керектөөбүздү унуттук.

Түшкү тамакты Владимирдикинен ичтим.

Нан боюнча комиссиянын кеңешмесин өткөрдүм. Нан бышыруучу жабдуулардын абалы кейиштүү. Кооперациянын, Азиянын, Кыргызсооданын 4 кызматкерине сөгүш жарыялоо менен жумуштан алууну сунуш кылдым.

8.Х.

Эл комиссариатынын совети аркылуу “Мясопродукты” уюмунун мүчөлүк акыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өткөрдүм. Көп эмгек кетти. Эң кейиштүүсү, менин иштеги коллегаларым жөнөкөй эле нерсени түшүнүшпөйт. Эт базаларын уюштурмайын малчылардын, өзгөчө жарды-жалчылардын материалдык абалын жакшыртуу, кичинеден каражаттарды топтоп мал чарбачылыгын өстүрүүгө материалдык база түзүү жөнүндө сөз кылууга болбойт. “Кыргызстан Октябрдын 11 жылдыгына” брошюрасын жазып баштадым. Түнкү 11ге чейин Эл комиссарлар советинде отурдум. Үйдө иштей албайм.

Кабинет, андагы түзүлгөн шарт жумушка баш отуң менен кирип иштөөгө түрткү берет, эртең эмне болорун азыраак ойлоносуң. Менде таң калычтуу нерсе, элден оолактамай сезим пайда болду. Жакын адамдарымдын жана жолдоштордун арасында жүрсөм да өзүмдү жалгыз сезем. Кимдир бирөөнү издейм, бирок таппайм. Мындай сезим көпкө созулабы?

09.X

Күн эмнегедир билинбей эле өтүп кетти. Бир нече дыйкандарды кабыл алдым. Алар бардыгы айыл чарба салыктарынын оордугуна нааразы. Чындыгында аша чаап кетишкен. Эгер өткөн жылы 10 рубль төлөшсө, бул жылы 100дөн төлөшө турган болуптур. Бул туура эмес, бирок муну оңдоо менин колуман келбейт. Бул “алысты көргөн “ борбордогу башчыларыбыздын кылганы.

Орто Азия Федерациясын түзүүнү тездетүү тууралуу Зеленскийге сунуш иретинде жолдомо кат жаздым. Бул маселенин менимче, азырынча жетишсиз...зарылдыгын негиздедим.

Бүгүн Ташкентке Орто Азия Борбордук Комитетинин бюросунун пленумуна барганы даярданып жатсам, пленум 20сына жылдырылганы тууралуу телеграмма алдым. Жакшы! Дагы бир жума иштеп коеюн. Эл комиссарлар советинин мамлекеттик соода тууралуу токтомун өткөрдүм. Сырьелорду даярдоо башкармалыгынын капиталын жана менчигин мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Кыргыз айыл чарба союзуна өткөрүп бердим. Акыркы маселе Эл комиссарлар советинин мүчөлөрүнүн арасында кайчы пикирлерди жаратты.

Партбилеттери бар колонизаторлор мал чарбачылык тармагына бардыгын өткөрүп берүүнү эч каалашкан жок. Күч менен өзүмдүн оюмду өткөздүм.

13.X.

Шубриков менен Эл комиссариаттарынын аппараттарынын абалы жана азыркы кыргыз жетекчилери тууралуу көпкө сүйлөштүм. Жыйынтыктарды чыгарыш керек. Бекерпоздор менен алыска баралбайсың.

Азиялык жалкоолук – жергиликтүү кызматкерлердин негизги жетишпегендиги. Ал оору “чалдарга” эле эмес, жаштарга да жуккан. Шубриков мени Худайкулов (43) менен Бабахановго (44) барганым үчүн күнөөлөдү. Анын түшүнүгү боюнча ал чоң саясий кылмыш экен, бул маселени бюрого коем деди. Эгер ошондон саясий кылмыш тапсаңар кызматтан кетейин дедим.

Албетте, маселенин төркүнү кимге барганымда эмес, ушундай майда-барат нерселердин жардамы менен менин оозумду жабуу болууда. Майнап чыкпайт, жаңылышат.

Шилтемелер:

34. Дублицский В.Н. – Кыргызстандын Москвадагы өкүлүнүн орун басары.

35. Тер-Егназаров М.А – Орто-Азия экологиялык советинин төрагасы.

36. Гикало Н. – ВКП (б) Борбордук Комитетинин Орто-Азия аткаруу комиссиясынын мүчөсү.

37. Зеленский И.А. – 1924-31-жылдары ВКП (б) Борбордук Комитетинин Орто-Азия аткаруу бюросунун төрагасы болгон.

38. Эсенаманов Эркин - Кыргызстандын жергиликтүү партиялык жетекчилеринин бири. 1937-жылы репрессияга кабылган.

39. Шубриков В.П.- 1927-29-жылдары партиянын Кыргыз обкомунун биринчи секретары болгон.

40. Сөз М.Я. Натансон жөнүндө болууда.

41. Шаров – ким экендиги аныкталган жок.

42. Иванов – ким экендиги аныкталган жок.

43. Худайкулов Р. – 1918-жылдан компартиянын мүчөсү. 1926-жылы “Ур-Токмок” террордук уюмунун жетекчиси деп күнөөлөнгөн.

44. Бабаханов Д. - 1918-жылдан компартиянын мүчөсү. 1926-жылы террордук уюмуна катыштыгы бар деп күнөөлөнгөн.

XS
SM
MD
LG