Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Жалал-Абад: июнь окуясына төрт жыл...

12-июнь, 2014-жыл. Жалал-Абад.
12-июнь, 2014-жыл. Жалал-Абад.

Бүгүн Жалал-Абадда 2010-жылы июнь окуяcында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы Бишкек-Ош жолунун боюнда болуп өттү.

Июнь коогалаңында Жалал-Абадда 78 адам каза болгон. Базар-Коргон районунан Аскар Караевдин бир тууган иниси да ошондо көз жумган. Караев өмүрдөн улуу эч нерсе жок экенин белгилеп, июнь окуясына тиешелүү адамдар толугу менен кармалып, жазасын албай жүргөнүнө токтолду. Каргашага айыпталып, сот тарабынан эркинен ажыратылгандан кийин камакта отурган кылмышкерлерге мунапыс берүү жөнүндөгү айрым кызмат адамдары менен укук коргоочулардын сунуштарын четке какты;

- Бул окуя капилет чыкты. Ойлогон да, түшүбүзгө да кирген эмес эле. Боордош бир тууган элбиз, тилибиз, дилибиз бир, ичибизде котур ташыбыз жок. Көңүлүбүз ачык, кең пейил, айкөл эл экенбиз. Болоор иш болду, боёосу канды. Ошол карагашада элди элге тукуруп, кутум жасаган экстремист – сепаратисттердин азырга чейин өз жазасын албаганы бизди аябай өкүндүрөт. Биздин мамлекетибизде экинчи ирет мындай тарыхтын кара тагы кайталанбасын! Кыргыз эли бир нече миң жылдык тарыхка ээ. Эл өзүн өзү басты. Эсибизге келели! Жанагы бузуку, ичи арам, койнунда котур ташы бар, кагыштырып коюп качып кеткендердин тилине мындан кийин кирбейли, туугандар. Айрым саясатчылар абакка кесилгендерге мунапыс берип, чыгаралы дейт. Жок, алар тиешелүү жазасын аягына чейин өтөсүн. Издөөдө жүргөн тарых кечирбей турган кара мүртөз адамдарды жоопко тартып бергиле.

Анткен менен облуста июнь окуясына шектүү кырк бир кишиге эл аралык издөө жарыяланган. Алардын жетөө кармалып, соттолгон. Калган отуз төрт адамды издөө иши улантылууда. Издөөдө жүргөн айрым адамдарды Кыргыз Республикасы менен келишимдин жоктугуна байланыштуу алар баш калкалап жүргөн өлкөлөр берүүдөн баш тартууда. Облус прокурору Кылычбек Токтогулов алардын ичинен төрт кишинин Орусияда кармалып тургандыгын билдирди;

- Алардын экстрадиция болуп келбей жаткан себеби, экөө Орусия Федерациясынын жарандыгын алышкан. Дагы экөө биздин аракеттерди сотко бергендиктен соттор карап жатышат. Ошон үчүн алар кармалып турушат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Марапат Балтабаеванын төрт жыл мурдагы каргашада күйөө баласы Жамалдин Низомов көз жумган. Жамалдиндин артында калган үч жашар кызын Марапат Балтабаева багып алган. Ал күйөө баласынын өмүрүн кыйгандардын жоопко тартылып же тартылбаганын эстей албады;

- Күйөө бала жыйырма беш жашта болчу. Кызымдын мүлкү күйдү. Издешкен жок. Кызы туулгандан бери менин колумда. Кызым турмушка чыгып кетти.

Жалал-Абадда июнь коогасын эскеришти

Мамлекет курган чоң эстеликтен тышкары Бишкек-Ош жолунун боюна, Сузак районундагы "Санпа" заводунун тушунда 2010-жылдын 12-13-14-июнь күндөрү болгон улут аралык чыр-чатакта набыт болгон адамдардын аттары чегилип жазылган кичинекей эстелик да бар.
1/9 Мамлекет курган чоң эстеликтен тышкары Бишкек-Ош жолунун боюна, Сузак районундагы "Санпа" заводунун тушунда 2010-жылдын 12-13-14-июнь күндөрү болгон улут аралык чыр-чатакта набыт болгон адамдардын аттары чегилип жазылган кичинекей эстелик да бар.
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
"Санпа" окуясында шейит болгондордун туугандары жергиликтүү бийликтин көмөгү менен тургузушкан.
2/9 "Санпа" окуясында шейит болгондордун туугандары жергиликтүү бийликтин көмөгү менен тургузушкан.
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
Митинг-реквиемге республиканын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Нурбек Жээналиев, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон шаар - райондорунун башчылары, окуяда шейит кеткендердин жакындары, күч түзүмдөрүнүн жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
3/9 Митинг-реквиемге республиканын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Нурбек Жээналиев, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон шаар - райондорунун башчылары, окуяда шейит кеткендердин жакындары, күч түзүмдөрүнүн жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
Калабада курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
4/9 Калабада курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
5/9
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
6/9
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
Жалал-Абад облусунда төрт жыл мурун болгон калабада 78 адам каза тапкан.
7/9 Жалал-Абад облусунда төрт жыл мурун болгон калабада 78 адам каза тапкан.
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
8/9
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
9/9
Бишкек-Ош жолунун боюна өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында 2010- жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон коогалаңдын курмандыктарын эскерген митинг-реквием өттү.
Артка
Алдыга


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, июнь окуясы боюнча козголгон 954 кылмыш иштин ичинен токсон үчүнүн бети ачылган. Ал эми адам өлтүрүү окуясы боюнча козголгон отуз үч кылмыш иштин тогузунун бети ачылган. Калган жыйырма эки кылмыш ишинин бети ачыла электигин Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Мелис Шералиев билдирди;

- Издөөдө жүрүп, кармалып келген жети адамдын ичинен үчөө соттолуп, чечим чыгарылды. Калгандары Орусияда же башка мамлекеттерде жүрүшөт. Кармалгандарды экстрадициялоо маселеси азыркыга чейин чечиле элек. Алардын арасында, былтыр же мурдагы жылы кармалгандар да бар.

Эскерүү каадасында июнь курмандыктарынын арбагына багышталып куран окулду. Алар үчүн турган эстеликке гүлчамбар коюлду.

2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини кошуналаш Жалал-Абад облусуна чейин жеткен. Расмий маалыматтарда бул каргашадан 426 киши курман болуп, 35 киши дайынсыз жоголгону, дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганы айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG