Жер адистери 2011-жылы прокуратура сотко документ даярдап, бирок айрым мүчүлүштүктөрдүн айынан талаштуу жер Кадыржан Батыровдун мүлктөрүнүн тизмесине кирип калганын айтышат. Менчик ээси мыйзам сактоо кызматкерлеринин катасынан мамлекет карамагына өтүп кеткен мүлкүн кайтаруу боюнча Жогорку Сотко кайрылганы турат.
Жалал-Абад шаарынын тургуну Сүйүнбек Алибаев сегиз жылдан бери иштетип келе жаткан чакан заводунун жери мамлекеттин карамагына өтүп, улутташтырылып кеткенин билген эмес. Качан гана ага адистер келип, документтерин териштире баштаганда түшүнгөн.
- Бул жерди мен Кадыржан Батыровго тиешелүү “Ал-Каб” деген ишкананын кожоюну Адахан Файзуллаевден 2008-жылы сатып алгам. 2009-жылы бул жерге Кызыл китеп даярдадым. Анан бул жерге чакан ишкана ачтым. 2015-жылы Батыровдун мүлктөрүнө ээлик кылган “Элдик” ишкана келип бул жер мамлекетке өткөнүн билдирди. Ошол учурдан тартып мен тиешелүү органдарга кайрыла баштадым. Бирок колумда менчигимди тастыктаган бардык документтер болгон үчүн мен мындай кырдаал жаралат деп буга чейин ойлогон эмесмин.
Жеке ишкер сатып алган 31 сотик жерине таш кесүүчү чакан завод ачкан. Буга чейин прокуратура жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн адистери келип, улутташтырылган объект катары текшерүүгө алган жана ижара акы төлөө тууралуу шарттар коюлган. Бирок Алибаев алардын баарынан баш тартып, учурда мүлкүн сот аркылуу өзүнө кайтарып алууга киришти.
- Бул багытта биз прокуратурага кайрылганбыз. Бирок алар бул ишти сот аркылуу гана чечип алуу сунушун беришти. Райондук жана облустук соттор дагы чечип бере алган жок. Эми болсо Жогорку Сотко кайрылуу үчүн документтерди даярдап жатабыз. Кээ бир кызматтардын кенебестик мамилеси бизди ушинтип кыйынчылыкка дуушар кылууда.
2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сот аркылуу өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго тиешелүү 28 объект 2013-жылы конфискацияланган.
Батыровдун соттоштурган жери
Июнь апаатынын күнөөкөрлөрүнүн бири деп табылган Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн башкаруу милдети жүктөлгөн Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы "Элдик" ишканасы "Кыргыз Петролеум" компаниясын сотко берип, тогуз гектар жердин ижара акысын өндүрүп алууну көздөөдө.
Ошол учурда облустук прокуратуранын сунушу менен жерге жайгаштыруу бөлүмдөрүндө Батыровго тиешелүү болгон мурдагы бардык мүлктөрдүн тизмеси алынган. Аларды мамлекетке өткөрүүдө прокуратура иш алып барганын Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурдин Мисиралиев ырастады.
- 2011-жылы прокуратура бизден Кадыржан Батыров жана анын жакындарына таандык бардык мүлктөрдү берүүнү суранган. Биз сатылганга чейин баштапкы мүлктөрүнүн баарын тактап, прокуратурага маалымат бергенбиз. Ал жерде алар кандай негизде сатылган, жакындары эмеспи деген маселени да карап чыгышкан. Бирок менчик ээси болгон башка адамдарды улутташтырууга киргизбеш керек болчу. Кандай негизде Сүйүнбек Алибаевдин менчиги улутташтырылып калганын биле албайт экенбиз. Бирок биздин компьютерде Алибаевдин документиндеги мүлкү мамлекеттин карамагында деп катталып турат. Эми ал өз мүлкүн сот аркылуу гана өзүнө кайтарып алса болот.
2015-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык Кадыржан Батыровдун сот аркылуу конфискацияланган мүлктөрү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун алдында “Элдик” мамлекеттик ишкана уюшулган.
Учурда аталган ишкана жетекчилиги да жеке ишкердин мүлкүн мамлекет талашууга укугу жок деп билет. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Нурлан Жумабаев мындай дейт.
- Бул ишкер кезегинде Батыровго тиешелүү “Ал-Каб” ЖЧКнын кирпич заводунун кампасы жайгашкан жерден 2008-жылы бир аз жер тилкесин бөлдүрүп алып сатып алган экен. Бирок мүлктөр конфискацияланып жатканда бир идентификациялык номер менен катталып, улутташтырылып кеткен. Ошол себептүү жеке ишкердин жери көрүнбөй калган. Ал жер биздин баланста тугандыктан тактоо үчүн барсак менчик ээси башка болуп чыкты. Биз анын укугун бузгубуз келген жок жана бул тууралуу тиешелүү тараптарга билдирүү бердик. Эми алар бир гана сот аркылуу чечишип алса болот.
Жогорудагы жагдай боюнча жеке ишкер шаардык жана облустук сотко чейин кайрылып, бирок алар кароодон баш тартышкан. Ишкердин жактоочусу Осмон Нарбеков укук коргоо органдарынын шалаакылыгы ушул жагдайга алып келди дейт.
- 2011-жылы облустук прокуратура Кадыржан Батыровдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын тергөөчүлөрү ага тиешелүү мүлктөрдү камакка алуу боюнча сотко аныктама берген. Анан сот аркылуу мүлктөрдүн баары камакка алынган. 2014-жылдын декабрь айында алар мамлекетке текшерилип өткөрүлүп алынган. Ошол учурда да ал жер тилке ишкерге таандык экенин көрүп туруп, өткөрүп салышкан. Бул жерде тийиштүү кызматтардын шалаакылыгы ушул жагдайга себеп болууда.
Мамлекетке улутташтырылган Кадыржан Батыровдун 28 мүлкүнүн үчөөсү башка адамдарга тиешелүү экендиги аныкталып, азыр ушул маселе сот аркылуу кайра каралып жатат.