Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Жалал-Абад бийлиги жер сатууга чектөө койду


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаар бийлиги калаа аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке адамдарга сатууга 2016-жылдын соңуна чейин тыюу салды. Мындай чечим 29-июнда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.

Токтом 1-июлдан тарта күчүнө кирет. Шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов “Азаттыктын” ушул жааттагы суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Шаар аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке адамдарга сатууга мораторий жарыялоого кандай зарылчылык болду?

Нишанов: Шаар мэриясы азайып бараткан жерлерди сактап калуу максатында ушундай чечим кабыл алып берүүнү өтүнүп, бизге кайрылган. Ошондуктан 29-июнда кезектеги сессияда ушундай токтом кабыл алдык. Себеби шаардагы муниципалдык менчиктеги жерлер өтө азайып кеткен.

“Азаттык”: Сатууга тыюу салынган канча жер бар?

Нишанов: Ушул тапта үч гектардын айланасында эле жер калган. Негизи бул маселе шаардык бюджетти кабыл алып жаткан учурда байкалды. Киреше булакты толтурууда базарлардын, муниципалдык жерлердин ижара акылары чоң роль ойнойт. Бюджетибиз ошол жерлерге көз каранды десек да болот. 2013-2014-жылдар аралыгында борбордук базардын тегерегиндеги 120 чарчы метр жер 50 миң сом акчага сатылып кеткен.

“Азаттык”: Бирок сиздердин токтомдо “инвесторлорго шарт түзүүгө жана социалдык имараттарды курууга уруксат берилет” деп турат. Ушуну кененирээк түшүндүрүп бересизби?

Нишанов: Эгер инвесторлор келип, көп кабаттуу үй салууну сунуштаса, же бала бакча, мектеп куруу демилгесин көтөрсө, алар үчүн токтом роль ойнобойт. Жеке максатты көздөгөн кишилерге сатууга гана тыюу салынды.

“Азаттык”: Былтыр да жер сатууга бир жылдык мораторий киргизилген экен. Бирок жарандардын жер сатып алуу укугу да бар эмеспи?

Нишанов: Буга чейин мэрдин буйругу менен алты айдан эки жолу мораторий жарыяланган. Ооба, жарандардын укугу да бар. Бирок жерди сактап калуу зарыл болуп турат. Ал жерлерди жеке кишилердин же кай бир топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, коомго пайда келтире турган максатта колдонууну туура деп эсептедик.

XS
SM
MD
LG