Менин баатыр жеңем. Улан Эгизбаевдин акыркы тасмасы
2018-жылы 22-июлда “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев капилеттен каза тапкан. 28 жашында өмүрү кыйылган чыгаан кесиптешибиздин элесин эскерип, анын акыркы видео баянын сунуш кылабыз. Бул баянда Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо койнунда бой жетип, бактысын ошол жерден таап, жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгүн Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу жети жыл мурун тартып келишкен эле.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу