Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Аткаминерлердин "жолдуу" балдары


“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Венгрия берген 25 гранттык орунга кимдер, кантип тандалганына кызыкты.

Азат Рузиев Венгриядагы акысыз окууга талапкер болгон жүздөн ашык жаштардын бири. Бирок аны Билим берүү жана илим министрлиги сынактан өткөргөн эмес. Азат эмне үчүн тандоо турунан өтпөй калганына ушул күнгө чейин түшүнбөйт.

Азат Билим берүү министрлиги талап кылган бардык документтерди өз убагында тапшырган. Ал мектепте жалаң 4-5 деген баага окуп, 10-классында Flex программасы менен Америкага барып, бир жыл билим алган. Андан соң Борбор Азиядагы Америка университетинде окуусун уланткан. Азат "ата-энем аткаминер болгондо Венгрияда сөзсүз окумакмын" дейт.

"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

​"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет.

Венгрия өкмөтү кыргыз жаштарына берген 25 гранттык орун жең ичинен бөлүнүп, тандап алуу сынагы жабык өткөнүн алгач Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте 18-майда айтып чыккан. Эл өкүлү Венгрияда акысыз билим алуу бактысына айрым аткаминерлердин балдары илинип, билимге суусаган карапайым жаштар четте калганына нааразы.

Билим берүү министрлиги өткөргөн тандап алуу сынагынын негизинде бакалавриатка 10, магистратурага дагы 10 жана докторантурага беш талапкер тандалган. Үчөө аткаминерлердин балдары. Алар: КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминовдун кызы Бегимай Мадеминова, Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун кызы Айым Калысбекова жана Билим берүү министрлигинин коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Марат Усупбековдун кызы Нуркыз Усупбекова.

Венгрияга барчу 25 талапкерди кимдер, кандай жүйө менен тандаган? Окуучулар менен көзмө-көз аңгемелешүү жүрбөсө билим деңгээли кантип бааланган? Коомчулук ушул суроолорго жооп таба албай бушайман.

Жолду бошот, чоң келатат!
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG