Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Бакиров: мыйзамдуулукту талап кылабыз


“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан КСДП тизмесине байланыштуу жагдайдан улам соттошууга чейин барат.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан КСДП тизмесине байланыштуу жагдайдан улам Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат. Болбосо, соттошууга чейин барышат.

Аймактык шайлоо комиссиясы КСДП партиясынын талапкерлерин каттоодо гендердик норма сакталган эмес деп, 2-декабрда алар сунуштаган тизмени жокко чыгарган. Бирок маселе убагында каралбай, тийиштүү чечим кечигип кабыл алынган деген негизде 5-декабрда ал чечим кайра күчүн жоготкон.

Ал тапта КСДП 24 талапкерди чакыртып алып, тизме мыйзамга ылайыктуу жаңы түзүлгөнү расмий кабарланды.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциянын өкүлү Мирлан Бакиров аймактык шайлоо комиссиясы өзү кабыл алган чечимди өзү жокко чыгарып, мыйзам нормаларын бузганын айтууда.

Бакиров: Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн чечимин өзү кайра карай албайт. Биз ошол мыйзамдык нормалардын баарын көрсөтүп, БШКга кайрылуу жөнөтөбүз жана аны көзөмөлгө алабыз. Эгерде кайра мыйзамды тебелеп чечим кабыл алынса, сотко беребиз. Анткени, биз укуктук мамлекетте жашайбыз.

“Азаттык”: Мыйзам эрежелери сакталып, тизмени жокко чыгаруу талабыңар орундалат ишенимдүү айта аласызбы?

Бакиров: Биз буга тыкыр көз салып турабыз. Аймактык шайлоо комиссиясы ар кандай кысымдардан улам 5-декабрда жыйын өткөрүп, 2-декабрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып жатат. Мыйзам боюнча, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин БШК гана карайт, бул Шайлоо кодексинин 42-беренесинде так көрсөтүлгөн. Азыр чечим жокко чыгарылды, тизме такталды деп коомчулукту адаштырып жатышат.

“Азаттык”: Азыр ар кандай баш айланткан кабарлар чыгып жатат деп жатпайсызбы. КСДП тизмеси боюнча талаштын чоо-жайын так фактылар менен айтып бере аласызбы?

Бакиров: Жалал-Абадда шаардык кеңешке 7 партия ат салышып жатат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 49-беренесинин 7-пунктуна ылайык, талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бир жыныстагы адамдардын санын 70% ашырбашы керек. Муну эске алууга алар милдеттүү. Мындан тышкары, аялдардын жана эркектердин тизмедеги кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш деген норма бар. Бул эрежени КСДПнын аймактык бөлүмү сактаган эмес.

5-ноябрда аймактык шайлоо комиссиясынын 85 талапкерди каттоо боюнча протокол кабыл алынган. "Ата Мекен", "Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын өкүлдөрү тизмени карап чыкканда 70 пайыздан ашууну эркектер, 28% аялдар болуп катталганы аныкталды. Айрым талапкерлердин шаарда туруктуу дареги жана шаардан алынган паспорту жок экендиги күмөн жаратууда. Бизде андай талапкерлер боюнча так маалыматтар бар.

“Азаттык”: КСДПнын тизмеси кайра жаңыланып, бардык эрежелер сакталды деп расмий түрдө кабарланды. Аны да мыйзам бузуу катары сыпаттадыңыз. Буга кандай негиздер бар?

Бакиров: Тизме катталгандан кийин аны алмаштырууга мыйзам жол бербейт. Аны эске албай жатышат. Тизмени кайсы учурда алмаштырууга болот? Эгер талапкер өз ыктыяры менен чыгам десе, саясий партия макулдук берсе гана... Аймактык шайлоо комиссиясына тизмени бере электе мыйзамдагы нормаларды так сакташы керек болчу. Анын үстүнө, Жалал-Абаддагы талаш жагдай БШКда карала элек, эч кандай чечим чыга элек. Аталган партиялар аймактык шайлоо комиссиясына жана БШКга кайрылышкан. БШК ошол арызды карады, бирок аймактык шайлоо комиссиясы чыгарган чечим боюнча отурум боло элек. Ал сөзсүз каралууга тийиш.

P.S.: Маек сайтка жарыяланып жаткан учурда Борбордук шайлоо комиссиясында жогорудагы маселеде отурум болуп жатканы кабарланды.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда кабыл алган “КСДП партиясын шайлоодон четтетүү” боюнча чечимин 5-декабрда жокко чыгарган. БШК өкүлү Дамир Жүндүбаев тизме боюнча 30-ноябрда чечим кабыл алынганына карабай, Аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда кайрадан башка чечим чыгарганы туура эмес болгонун белгиледи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG