Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы "Азия чакырыгы" кубогун жеңди. Мелдеш 9-14-апрелде Бишкектеги шаардык муз майданда өттү. Макао, Малайзия, Катар, Индия жана Кыргызстандын командалары катышты.
Хоккей: Кыргызстан "Азия чакырыгы" кубогун утту

1
Бишкекте өткөн мелдешке Макао, Малайзия, Катар, Индия жана Кыргызстандын командалары катышты.

2
Мелдештин жыйынтыктоочу күнү кыргыз хоккейчилери Макао курамасы менен беттешип 8:1 эсебинде жеңди.

3
Бул оюндан кийин Кыргызстандын оюнчулары 12 упай менен көч башына чыгышты.

4
"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте экинчи ирет өттү.

5
Оюнда жараат алган Макаонун хоккейчилеринин бири.

6

7
Кыргыз хоккейчилери ийгиликтүү чабуулга кубанууда.

8
Макао курамасы менен оюнга чейин Кыргызстан Индияны 11:1, Катарды 9:0, Малайзияны 9:5 эсебинде жеңип алган.

9
Мелдешти көрүүгө келген күйөрмандар.

10
"Азия чакырыгы" кубогу үчүн Кыргызстандын хоккейчилери быйыл үчүнчү жолу күч сынашты.

11
2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Макао Кыргызстан курамасына 5:4 эсебинде жеңилип калган. Былтыр Кувейте болгон мелдеште кыргыз хоккейчилери коло медалды тагынышкан.

12
Кыргызстандын командасы бул кубокту жеңип, Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында жогорку дивизиондо ойноого жолдомо алды.

13
2017-жылы топ дивизиондо боло турган оюндардын кайда өтөөрү азырынча белгисиз.

14
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 2017-жылы январь айында Алматыда өтчү 28-Дүйнөлүк кышкы универсиада оюндарына катышат.

15
Жаш хоккейчилер

16
Мелдешти өткөрүүгө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 1 млн 800 миң сом бөлгөн. Ага кошумча демөөрчүлөр менен Кыргызстандын хоккей федерациясы 2 млн 500 миң сом каражат топтошкон.

17
"Азия чакырыгы" кубогунда эң мыкты оюнчу аталган Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Олег Колодий күйөрмандары менен.