Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

18:32 19.11.2019

18:31 19.11.2019

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.

Спорт журналисти Бакыт Шүкүралиев эки команда үчүн татаал жана маанилүү беттеш болот деп эсептейт. F тайпасындагы экинчи орунга ким чыгаары ушул оюнда билинет.

- Эртең өтө кыйын оюн болот. Айрыкча Кыргызстан үчүн кыйын оюн болот. Анткени, Азия кубогуна чыгуу үчүн болгон тандоо оюндарында тажик футболчулары Кыргызстанга жеңилип, ыза болуп калган. Алар үчүн эң маанилүүсү - ушул тандоо оюндарында тайпадан чыгуу. Өз үйүндө өткөн оюнда да жеңишти камсыздашты. Алар бул беттеште Кыргызстанды сөзсүз жеңүүнү көздөйт. Тажикстан менен Кыргызстан деңгээли жагынан да бирдей командалар. Ошондуктан оюн өтө курч өтөт.

18:28 19.11.2019

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Мьянма менен болгон оюнда упай жоготконуна кейип, ошол эле учурда Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдирди.

- Тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Аягына чейин ойнош керек. Биз азырынча башка тайпаларда кандай болорун билбейбиз. Эки командада тең алтыдан упай бар. Тажикстандын да, Кыргызстандын да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, голдорун саны боюнча Кыргызстандан арттабыз. Бирок мүмкүнчүлүк бар, ойнойбуз, - деди Усмон Тошев.

Тажик футболчуларынын Бишкектеги машыгуусу

18:24 19.11.2019

Бир күн мурда басма сөз жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан менен оюнда жеңишке жетүү башкы максат экенин айткан.

- 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы - биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Команда чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы - упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын чечип, жөнгө салыш керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG