Бирок балык өстүрүүнүн түйшүгү оор. Аларга баладай эле кам көрүү зарыл. Балык баккан адам жыл бою тыным билбейт. Балыкчылардын бир күнүн сүрөттөрдөн көрүңүз.
Балык чыдап бакканды байытат
Өлкөдө акыркы учурда балык чарбачылыгы өнүгө баштады. Балыктан баар таап, байыгандар да арбын. Анткени ал кирешелүү бизнес. Бир форель 500 сомго бааланат. Балыктарды миңдей кылып көбөйтүп миллиондогон киреше тапса болот.
![Жумуштан чаалыккан балыкчылар өзөк жалгап жатышат. ](https://gdb.rferl.org/34394b01-e07a-4e8a-ba60-7c244a9c63ad_w1024_q10_s.jpg)
21
Жумуштан чаалыккан балыкчылар өзөк жалгап жатышат.
![Балык жана андан жасалган азыктар баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Британдык диетолог Кассандра Барнс балыкты мээге пайдалуу алты азыктын катарына кошкон. Ар бир киши жумасына бир жолу балык жеп турушу зарыл. Бирок Кыргызстанда балыкка караганда эт көп желет. ](https://gdb.rferl.org/2b6419ff-1410-464a-88c7-e1731a70fe29_w1024_q10_s.jpg)
22
Балык жана андан жасалган азыктар баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Британдык диетолог Кассандра Барнс балыкты мээге пайдалуу алты азыктын катарына кошкон. Ар бир киши жумасына бир жолу балык жеп турушу зарыл. Бирок Кыргызстанда балыкка караганда эт көп желет.