Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп шайланды


Бишкек мэрине талапкер Албек Ибраимов ортодо
Бишкек мэрине талапкер Албек Ибраимов ортодо

Бишкектин жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Анын талапкерлигине шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си “макул” деп добуш берди.

Коалициялык көпчүлүктүн лидери Алмаз Кененбаев калаанын жаңы башчысын куттуктап чепкен жаап, калпак кийгизип, камчы тапшырды. Албек Ибраимовдун талапкерлигин КСДП сунуштап, ал шайлоого жалгыз катышты. Депутаттардын көбү мэрлик жоопкерчиликтүү иш экенин жана шаарды оңдоп, күнү-түнү иштеп берүү каалоосун айтып жатышат.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы да өттү. Анда КСДП, “Республика” жана “Замандаш” партияларынын тизмесинен келген үч депутатка Марианна Шермур, Русланбек Жакышев жана Билимкан Абдырасуловага мандат тапшырылды.

Мэрликке жалгыз талапкер көрсөтүлгөн. Ал - КСДПнын талапкери Албек Ибраимов. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 30 депутаттан кем эмеси шайлоого катышуусу керек. 23 добуштан жогору добуш менен мэр шайланат.

Бишкек шаардык кеңешинде КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” жана “Замандаш” фракциялары бар. Коалициядагы үч фракция Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдогон. Ал эми оппозициялык “Республика” фракциясы өз талапкерин көрсөткөн жок.

Интернетте социалдык тармактарда Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдобоо тууралуу кайрылуулар чыгып, жарандык активисттер жалгыз талапкердин көрсөтүлүшүн сындашууда.

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн үй-бүлөлүк шартка байланыштырган.

XS
SM
MD
LG