Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53
Бишкектеги бир добушканадан, 25-ноябрь, 2012.
Бишкектеги бир добушканадан, 25-ноябрь, 2012.

LIVE BLOG: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү

"Азаттык" шайлоонун жүрүшүнөн жер-жерлерден маалымат, видео, сүрөт баяндарды ыкчам алып берүүдө.

10:58 25.11.2012
Кыргызстанда бүгүн 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өтүүдө.Бул аймактардын баарында эртең мененки сегизден тарта добушканалар ачылды. Бул жолу мурдагы шайлоолордон айырмаланып, Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого жалаң партиялар катышууда. Ордо калаанын парламенти үчүн 23 партия ат салышууда. Калган жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиялардан сырткары шайлоочулар тобу жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да катышууда.

Жалпысынан бул шайлоого 23 437 талапкер ат салышууда. Добуш берүүгө жергиликтүү байкоочулардан сырткары 17 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

"Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чокморов айылында добуш берип, алдын ала добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтты. ("Азаттыктын" кабарчысы Жанарбек Жолдошбаевдин тасмасы)


Бабанов Чокморов айылында добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00
11:06 25.11.2012
11:07 25.11.2012
11:21 25.11.2012

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG