“Азаттык”: Тышкы карыздын өлчөмү дээрлик 4 миллиард долларга жетип, ар кандай пикирлер айтылып жатат. Карыздын көбөйүшүнө эмне себеп?
Жусуп Пиримбаев: Тышкы карызсыз мамлекет болбойт. Алгандан кийин аны өз максатына колдонсо туура болот. Керектөөлөргө пайдалана берсе, андан майнап чыкпайт.
“Азаттык”: Тыштан келген каражат канчалык натыйжалуу сарпталууда?
Жусуп Пиримбаев: Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктан келген каражаттардын 47 пайызы өздөрүнө төлөндү. 21-кылымда бизди кулдай колдонуп жатышат. Аны биздин өкмөттүн, мамлекеттин башында турган кишилер түшүнбөсө айта турган сөз деле жок.
“Азаттык”: Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын 70 пайызына теңелип калганын буга чейин эскерткен. Бирок мамлекет башчы карыз алуудан чочулоонун кажети жок деп жатат. Карыз көбөйө берсе эмне болот?
Жусуп Пиримбаев: Буга Эл аралык валюта фонду өзү күнөөлүү. Себеби, карыз берип жатканда аны максаттуу колдонгула деген талап коюшу керек болчу. Алардын милдети ошондой. Бирок, фонд антип айткан жок. Кыргызстанды көз каранды кылуу үчүн унчукпай берип жатты. Биздикилер болсо сүйүнүп акчаны алды. Фонд эми гана карыз тууралуу эскертип калды.
Ал эми президенттин айтканы туура эле. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттер, жада калса АКШ да карызга жашап атат. Болгону башта айтып өткөндөй, аны колдонгонду билиш керек. Туура пайдаланса, карыздан жыйынтык чыгат. Мунсуз эч бир өлкө өнүккөн эмес. 20-кылымдын экинчи жарымынан тартып көп өлкөлөр карыз алып, өнүгүп келди.
“Азаттык”: Дүйнөлүк тажрыйба боюнча эгерде мамлекеттин тышкы карызы ИДПнын 100 пайызына теңелсе дефолтко учурайт, Кыргызстандын ага жетишине аз калды деп коңгуроо каккан экономисттер да арбын. Сиздин оюңуз кандай?
Жусуп Пиримбаев: Бул туура эмес көз караш. Американын көрсөткүчү качан эле 100 пайыздан ашып кеткен. Батыш мамлекеттеринин жарымында ушундай көрсөткүч бар. Номур биринчи өлкө деген АКШда жана Европада ушундай болуп жаткандан кийин элди жөн жерден коркута бергендин эмне кереги бар?
Кыргызда “каргага теңелип каздын буту сыныптыр” деген макал бар, ошону эске алсак. Карызды дагы ала бериш керек. Бирок, жоопкерчиликти сезиш керек. Ага ким жооп берет деген суроо узатылышы керек. Биринчи карыз алган Акаев болду. Бирок андан карыз кайда жумшалды деп эч ким сураган жок. Кийин Бакиев алды, азыр Атамбаев алып жатат. Дале сураган адам жок. Ошондуктан, бизде тыштан келген карыз өз багытына жумшалбай жатат. Айрым каражаттар оффшордук аймактарга кетип жатат деген маалыматтарга макулмун.
“Азаттык”: Карызды Кыргызстан кантип төлөйт? Чама-чаркы жетеби?
Жусуп Пиримбаев: Карызды төлөө-төлөбөө таптакыр башка маселе. Бул экономикалык эмес, саясий суроо. Анткени, дүйнөдө мамлекеттердин көбүнүн карызы жоюлуп кеткен. Төлөөгө шарты жоктордун карызы да кечилет. Ошондой эле реструктуризация деген түшүнүк бар. Төлөй албаган мамлекеттин абалына жараша карызды белгилүү бир мөөнөттөргө бөлүп жиберет. Мындай болгон учурда деле насыя алгандан коркпош керек. Бирок, ушул убакка чейин алынган акчанын жыйынтыгы чыкпагандан кийин, дагы эмнеге алып жатканын бийликтегилерден сураш керек.