Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Тоолуктарга электр акысы үчүн 50 пайыз жеңилдик берилет


Нарында кымбатчылыкка нааразы болгондорго 28-мартта премьер-министр барып жолукту
Нарында кымбатчылыкка нааразы болгондорго 28-мартта премьер-министр барып жолукту

2-апрелде өкмөт президиумунун жыйыны өтүп, анда тоолуу, шарты катаал аймактардын калкын колдоону караган токтом кабыл алынды. Ага ылайык бийик тоолуу аймакта жашаган калкка электр акысын төлөөдө 50 пайыз жеңилдик берилет. Бул үчүн бюджеттен 284 миллион сом каражат каралууда.

Өкмөт кабыл алган токтомдун негизинде бериле турган жеңилдиктердин шарттары тууралуу биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров өкмөт жыйынында буларды билдирди:

- Жайкы мезгилде, 1-майдан 1-октябрга чейин – айына 100 квт/саат, ал эми кышкы мезгилде 1-октябрдан 1-майга чейин – айына 220 квт/саат электр энергиясы өлчөмүндө жеңилдиктер каралат. Ушундай чечим кабыл алуу менен биз президенттин 27-марттагы Жарлыгын аткарабыз. Бул чечимди жакында эле өткөн Ынтымак Курултайынын үзүру деп айтсак болот.


Вице-премьер-министр мындай жеңилдиктер жалгыз гана Нарын обулусунун тоолу аймактарынын тургундары үчүн эмес Кыргызстандын башка булуң-бурчунда оор климаттык шартта жашаган жалпы тоолуктар үчүн багытталып жатканын баса белгилеп өттү.

Токтомго ылайык өлкөдө 30дан ашык район жана шаарлар, ошондондой эле 700дөн ашык айылдардагы абоненттер электр энергиясын керектөөдө жеңилдиктерге ээ болмокчу.

Жыйында өкмөт башчы Данияр Үсенов жеңилдиктерге ээ боло турган абоненттер тизмесин камсыздоо милдетин аким, губернаторлорго жүктөө тууралуу сунушун киргизди. Премьер-министр мындан тышкары токтомду ишке ашышына көзөмөл кылчу комиссия курамына Социалдык коргоо агенттигинен жана Ынтымак Курултай жетекчилигинен өкүлдөр киришин жактады. Өкмөт башчы жыйындын жүрүшүндө каржы министрине кайрылып, токтомду жүзөгө ашыруу үчүн каражат жетишерликпи деп суроо салды:

- Мына менде да бир суроо бар. 284 миллион сом керек болуп жатат. Финансы министринен сурайт элем. Акчабыз барбы? Токтом жактырылды. Бирок протокол үчун дагы бир жолу сурап коелу. Токтомду аткарганга акчабыз барбы? Жакшы. Акчабыз бар экен.

Токтомго ылайык ошондой эле эле бийик тоолуу жана алыс райондордо жайгашкан жалпы билим берүү мектептеринин башталгыч класс окуучулары үчүн ушул жылдын 1-сентябрынан тарта 1 окуучуга күнүнө 7 эмес, 10 сом эсебинде акча бөлүү каралды.

Мындан тышкары тоолуу аймактарда ишкерликтин айрым түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын суммасын 300 сомго азайтуу максатталып жатат.

Премьер-министр Данияр Усенов өкмөт жыйынында токтомду ишке ашырууга жоопкерчиликти Каржы жана Энергетика Министрликтерине жүктөдү.

Ошентип өкмөт тарифтерди көтөрүү боюнча чечимдерди кабыл алууда калпыстыктар кетиргенин мойнуна алып, Нарында өткөн ири митингдерден кийин элдин талабын аткарганга мажбур болуп отурат. Бирок өкмөт башчы белгилегендей токтомдо климат шарты оор аймактардагы адамдар үчүн гана жеңилдиктер каралган. Өлкодогу калган кардарлар үчүн электр энергиясына жыл башында бычылган баа ошол тейден калат:

- Акысыз электр энергиясы тууралуу сөз жүрбөй эле. Жеңилдиктер берилчү адамдардын электр энергиясына болгон акы төлөмүн Каржы министрлиги төлөйт. Электр энергиясына болгон баа, мурункудай эле квт/саатына бир жарым сомдон кала берет.

XS
SM
MD
LG