Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Зилзаланын кесепети, өкмөттүн убадасы


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, зилзаладан турак жайлары жабыркагандыгы тууралуу 3780 арыз түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, зилзаладан турак жайлары жабыркагандыгы тууралуу 3780 арыз түшкөн.

6-декабрда Жоомарт Оторбаев адистер менен бирге зилзаладан жабыр тарткан Тоң жана Жети-Өгүз райондорун кыдырып, жарактан чыккан үйлөрдү оңдоого акчалай жардам берилерин айтты.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объекттер жабыркаган. Анын ичинен 400дөн ашуун турак жай жарактан чыккандыктан мамлекеттин каржылык жардамына муктаж болууда.

Айсулуу Шакирова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Ал жашаган төрт бөлмөлүү үйдө жети баллдык зилзаланын кесепетинен жарака кетип, жашоого коркунуч жаратууда.

- Адистер келип текшеришти. Тамдын бурчтарында жаракалар пайда болгондуктан жашоого кооптуу деп, төртүнчү даражада жабыркаган деп баалашты. Кыш болуп калгандыгына байланыштуу кооптуу болсо да ушул жерде жашап жатабыз. Гуманитардык жардамды беришүүдө. Эми бул үйдү калыбына келтирүүгө же жаңы үй салууга каражат керек. Өзүбүздө салууга мүмкүнчүлүк жок. Жолдошум ден соолугуна байланыштуу иштебейт. Мен болсо кол өнөрчүлүк менен алектенем, бирок ал жактан деле туруктуу каражат таба албайм. Ссуда беребиз деп жатышат го.

Ноябрь айынын 14үндө таңкы жетилерде Ысык-Көл аймагында жети баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң, Тамга айылдарында жети балл, Балыкчы шаарында 4.5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4.5 баллга жеткен.

Зилзаланын кесепетинен бир катар жеке турак жайлар жана социалдык объекттер жабыр тарткан. Алардын көбү Тоң районунун аймагында.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, зилзаладан турак жайлары жабыркагандыгы тууралуу 3780 арыз келип түшкөн. ӨКМ адистери менен биргеликте жергиликтүү комиссиянын өкүлдөрү арыздар боюнча турак жайларды текшерип, төртүнчү даражага чейин баалашкан.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Зилзаланын кесепетине байланыштуу 3780 адамдан арыз түшкөн. Тиешелүү адистер турак жайларды жана социалдык объекттерди текшерип, биринчи даражадан төртүнчү даражага чейин жабыркагандыгына жараша аныкташкан. Мамлекет тарабынан жардамга муктаж 406 турак жай ээлеринин тизмеси түзүлгөн (148 үй 4-даражада, 258 үй 3-даражада). Бүгүнкү күндө ӨКМ адистери жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте изилдөө иштеринин экинчи этабын жүргүзүүдө.

Мамлекет тарабынан жардамга муктаж үчүнчү даражадагы үйгө 10 миң сомдон, төртүнчү даражадагы турак жайларга 50 миң сомдон кайтарымсыз грант же 200 миң сомдон 20 жылга чейин пайызсыз ссуда түрүндө акчалай жардамдар берилет. Бул багытта жергиликтүү бийлик жана Өнүктүрүү фонду тарабынан 50 млн. сом бөлүнгөн. Учурда жарандардын турак жай үчүн документтерин топтоо иштери жүрүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бул каражаттар жеке турак жайлар үчүн гана берилерин, социалдык объекттерге өзүнчө акча бөлүнө тургандыгын айтты:

Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

- Бул 50 млн. сом жеке турак жай ээлерине гана берилет. Мамлекетке тиешелүү социалдык объекттер үчүн керектеле турган каражаттардын суммасы азыр такталууда. Алар үчүн бюджеттен өзүнчө каражат издейбиз. Камсыздандырууну киргизели деп жатабыз. Кырсык болбой эле койсун. А бирок ушундай окуялар болуп калганда үйлөрдү калыбына келтирүүгө бюджеттен акча бөлүүгө туура келип калууда. Камсыздандырууну жолго койсок, анда дал ушундай кырдаалдарда каражат табууга да оңой болот.

Жардамга муктаж жарандар турак жайлар үчүн багытталган каражаттар майдаланып эмес, бардык суммасы чогуу бир эле берилсе деген өтүнүчүн өкмөт башчыга айтышты.

- Акчаны бөлбөй эле беришсе болмок. Бөлүп берсе кантип анан үйдү куруп, же калыбына келтире алабыз?

Министр Кубатбек Боронов каражаттар максаттуу жумшалыш үчүн каражаттарды бөлүп берүү маселеси каралгандыгын маалымдады.

- Акчалар максаттуу жумшалсын деген ойдо аларды бөлүп-бөлүп берүү каралган. Антпесе берилген акчаларды турак жай үчүн эмес башка муктаждыктарына жумшап коюшат деген кооптонуу бар.

Боронов кошумчалагандай, учурда жарандардан турак жайлардын абалын кайрадан иликтөө тууралуу арыздар түшүп жаткандыктан, жардамга муктаж болгон турак жайлардын саны кайрадан текшерүүдөн кийин көбөйүшү, же жаз келип жер жылыганда азыр байкоого алынган турак жайлардын абалы өзгөрүшү мүмкүн.

Зилзаладан жабыр тарткан Тоң жана Жети-Өгүз районунун тургундарына республика боюнча гуманитардык жардам жиберилип, муктаждарга таратылууда. ӨКМ министрлигинин маалыматында жардамдардын жалпы суммасы 5 млн. сом.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG