Ага ылайык, мурунку жана азыркы бийликтеги жетекчилердин, жооптуу кызматкерлердин жакын туугандары, шоу-бизнестеги айрым адамдар атайын паспортторду алганы аныкталды. Депутаттык комиссия ишин улантып жатат. Атайын паспорттордун берилишин Башкы прокуратура да иликтей баштады.
Дипломатиялык жана кызматтык паспорт алгандардын арасында мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы жана анын 4-9 жаштагы эки уулу, мурунку вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын эки уулу, Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жубайы, алып баруучу Ассоль Молдакматова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин небереси, Түркиядагы башкы консулдун кеңешчисинин аялы Розакан Сапаралиева, “Манас” аэропортунун президентинин кеңешчиси Адылбек Садыков, аталган аэропорттун текшерүү бөлүмүнүн башчысы Канатбек Мурзалиев, “Газпромнефть Азия” ишканасынын жетекчи орун басары Марат Малатаев жана башкалар бар. Атайын паспорттордун мыйзамсыз берилишин иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын башчысы, депутат Бахадыр Сулейманов жакында дагы бир канча адамдын аты ачыкка чыгарын “Азаттыкка” айтууда:
- Мен атын атаган адамдар бул чекеси гана. Калгандарын депутаттык комиссия ишин толук аяктагандан кийин ачыкка чыгарат. Мындай паспортторду берүүдө мыйзам бузуу көп болгон. Биз дагы 1-1,5 ай иштейбиз. Сентябрга чейин болгон маалыматты топтойбуз. Биз парламентте Эл аралык иштер комитетинде дипломатиялык жана кызматтык паспорту барларга бул же тигил өлкөгө визасыз каттам киргизүү боюнча эки тараптуу келишимдерди көп ратификациялайбыз. Мен буга такай эле каршы болуп келем. Азыр эми кайсы бир аткаминерлердин аялдары, же көңүлдөштөрү, же болбосо жакын туугандары ушундай паспортторду алып, чет өлкөгө саякаттаганы, дүкөн кыдырганы бараары эч кимге деле жашыруун болбой калды. Арам акчаны адалдап жүргөндөр да бар. Депутаттык комиссия иштеп жатат. Дагы бир топ адамдардын атын атайбыз.
Тышкы иштер министрлиги депутат Бахадыр Сулеймановдун атайын паспорттор боюнча дооматына байланыштуу түшүндүрмө таратты. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков мындай паспорттор мыйзамсыз берилип келген деген айыпты четке кагууда:
- Жогорку Кеңештин депутаты Сулеймановдун жеке маалыматы боюнча атын атаган жарандарга ар кайсы жылдары дипломатиялык жана кызматтык паспорттору берилген. Мындай паспорттор Кыргызстандын нормативдик-укуктук актыларынын негизинде берилет. Биздин Консулдук кызмат дипломатиялык жана кызматтык кайтадан каттоо иштерин такай жүргүзүп келет. Депутат Сулейманов атаган кээ бир жарандардын кызматтык жана дипломатиялык паспорттору жараксыз деп жарыяланган.
Алып баруучу Ассоль Молдакматова дипломатиялык паспортту 2012-жылы алган экен. Шоу-бизнестин өкүлүнүн пикиринде, мындай паспорт мыйзамдуу эле берилген:
- Эмне маселе бар экен? Эмнеге мен муну коомчулукка жарыялашым керек? Паспортту мыйзамдуу эле алгам. Премьер-министр, тышкы иштер министри кол коюп берген. Атактуу персона мындай паспорт алат деген жобо бар да.
Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор жөнүндөгү өкмөттүн соңку токтомунда Ассоль Молдакматова айткан атактуу адамдар атайын паспорт ала алат деген жобо жок экен.
Мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун ырасташынча, атайын паспорттордун бир топ артыкчылыктары бар, ошондуктан аны аткаминерлердин туугандары, тааныш-билиштери ар кандай жол менен алып жатат:
- Дипломатиялык паспорт алып жүргөндөргө Вена конвенциясы менен аныкталган көп жеңилдиктер бар. Мисалы чек арадан, бажы бекеттеринен өткөндө жеңилдик берет. Иран, Кытай жана башка бир топ өлкөгө визасыз барса болот. Мындай паспорттор дипломаттарга, ТИМдин жооптуу кызматкерлерине, бийликтеги саясий ишмерлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, губернаторлорго берилет деген атайын тизме бар. Мисалы, өкмөт башчынын жубайына берилет. Бирок анын бойго жеткен, өзүнүн үй-бүлөсү бар балдарына берилбеши керек. Анан Ассол Молдокматованын да мындай паспорт алышы акылга сыйбай турган нерсе. Ал дипломат, же кызматтагы адам, же кызматтагы адамдын жубайы эмес. Бул жерде өкмөттүн токтому одоно бузулган.
Бул фактыларды парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин тапшырмасы менен Башкы прокуратура да иликтей баштады. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр жана мурдагы жылы жалпысынан эки миңдей кызматтык жана дипломатиялык паспорт жарактан чыкты деп табылган.