"Азаттык": Жаңы дайындалган тышкы иштер министринин алдында азыр маанилүү кандай иштер, көңүл бурууну талап кылган кайсы маселелер бар?
Чынара Эсенгул: Албетте, биринчи кезекте тышкы саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, мурдагы жараяндардын стратегиясы кайсыл жагынан уланышы керек деген маселеге көңүл бурулушу зарыл.
Экинчиден, тышкы иштерди ички жараяндар менен байланыштырып, талдоо жүргүзүү маанилүү. Бул жагы бир аз кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Себеби, Кыргызстанда ички саясат туруктуу эмес. Андыктан тышкы саясатты жүргүзүүдө таяна тургандай турумду тандай билүү зарыл.
"Азаттык": Ушу тапта Кыргызстандын тышкы саясатта карманган багытын, принциптерин кандай бааласак болот? Кандай ийгиликтер, өксүктөр бар?
Чынара Эсенгул: Албетте, кандай гана тармак болбосун, оң жана терс көрүнүштөрү болот. Бишкек ири мамлекеттердин саясатына каршы турбай, калыстыкты карманууга аракет кылып келет. Ошол эле Кытай менен жакындашып, Орусия менен стратегиялык деңгээлде сүйлөшүүлөр уланууда.
Евразия Экономикалык Биримдигине кошулууну да мисал кылсак болот. Батыш менен демократиялык институттарды, ачык коомду куруу жаатында кызматташтыгыбыз бар. Бул жараян улана берет. Бирок "гүленчилер" маселесине байланыштуу Түркия менен орчундуу маселе чыккан.
Ушул жагынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү зарыл. Анын жолун таба билген кадамдарды издеш керек. Башка мамлекеттер менен экономикалык алака-катышты бекемдөөдөн тышкары геосаясий, маданий багыттарды унутта калтырбаган дурус.
"Азаттык": Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ишинен бошотулуп, анын социалдык тармакка жазган пикирлери сындалып жатпайбы. "Кыргыз дипломатиясы өтө төмөн деңгээлге түштү" деген ойлор бар. Сиз эл аралык саясатты да жакшы билген адам катары буга кандай баа бердиңиз?
Чынара Эсенгул: Сын туура айтылып жатат. Ачуу чындык, аны кабыл алыш керек. Дипломаттар коомдун элитасы болуп саналат. Бирок алардын деңгээли ушуга жеткени өкүндүрөт. Жаңы министрибизге да дипломатияны көтөрүү чоң кыйынчылык жаратары бышык. Кесиптик этиканы көтөрүү, адистерди даярдоо, команданын курамын карап чыгуу сыяктуу милдеттер бар. Аны канчалык чече алат - бул да өзүнчө маселе. Көзү жетип турса да, сөзү жетпей, түйшөлүшү ыктымал.
"Азаттык": Кыргызстанда дипломаттарды даярдоонун абалын бүгүн кандай сыпаттасак болот?
Чынара Эсенгул: Аябай төмөн. Билим берүүдөгү баалуулуктар начарлады. Дипломат болгусу келген жаштар эл аралык факультеттерге тапшырышат. Бирок окутууда өксүктөр, кемчиликтер бар. Муну ушул багытта он жылдан ашуун окутуучулук кылган адис катары ачык айта алам. Билим берүү коммерциялашып кеткен.
Жакшы окубаган, дипломат боло албай турган студенттердин баасын төмөндөтүп, окуу жайынан чыгарганга аракет кылсаң, "бул келишимдин негизинде окуйт, окуу акысын төлөгөн" деп сактап калышат. Бул маселе он-он беш жыл мурда башталган, анын натыйжасы кандай болорун бүгүн көрүп жатпайбызбы.
P.S.: Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков 17-октябрда дайындалды. Анын талапкерлигин парламент бир добуштан колдоп, президенттин жарлык чыгарды.