Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Төр талашкан төш белги


Кыргыз өнөрпоздору. Сүрөттөгү адамдардын макалага тиешеси жок
Кыргыз өнөрпоздору. Сүрөттөгү адамдардын макалага тиешеси жок

Маданият министрлиги 2005-жылы негиздеген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси бүгүн эстрада ырчылары үчүн кадырлуу сыйлыктардын бирине айланды.

Шоу-бизнес чөйрөсүндө бул тармактык сыйлыкты мамлекеттик "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамына тете көкөлөткөн учурлар да жок эмес.

Жаш ырчы, аталган төш белгинин ээси Дайыр Исмадияров бул сыйлыкты күтүлбөгөн жерден алганын белгилеп, бирок ал өзүн мындан башка да сыйлыктарга татыктуу деп эсептей турганын айтты:

- Бербей жатат дегендер өздөрү эмгектенбейт. Алар канча жылдан бери маданият тармагында жүрөт, бирок же клиптери, же жаңы ырлары жок. Эски ырлары менен эле жүрүп, “биз көп жылдан бери маданият тармагында иштеп жүрөбүз” деп айткандары туура эмес. Орусияда эл артисти, эмгек сиңирген артист деген наамдар бизге окшогон эле жаштарга берилет.

Дайыр Исмадияров
Дайыр Исмадияров

Чынында эле азыр бул төш белгини алып жаткандардын саны бир топ. Алгысы келгендердин, албай калып, капа болуп жүргөндөрдүн саны деле аз эмес. Ага жараша сыйлыктарды татыксыз же татыктуу экенине карабай, ылгабай бере берип баркын түшүрдү деген кеп да арбын айтылууда. Андай пикирдегилердин бири, шоу-бизнес өкүлдөрү менен кызматташып жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров:

- Мисалы, акыркы кезде карап көрсөм, Маданият министрлигинде иштегендер, же аталган министрликке таасир бере турган чоңдордун тойлоруна барып ырдап бергендер, же болбосо мамлекеттик иш-чараларга бекер катышкандар “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алып жатышат. Менимче, бул туура эмес. Бул сыйлык эгер Гүлжигит Калыковго окшогон, сыртка чыгып өлкөнүн намысы үчүн ырдап келгендерге берилсе түшүнүктүү. Анын ар кимге эле берилип жатканы сыйлыктын аброюн кетирип жатат.

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык улуттук опера жана балет театрынын солисти Салима Маматова сыйлыктарды татыксыздарга бере берип, чыныгы таланттарды баалоонун да кадыры кетип, сыйлоонун чен-өлчөмү бузулуп баратат дейт:

- Ар кайсы теле, радионун таңкы эфирлеринен журналистердин “азыр бизге кыргыз маданиятына эмгек сиңирген бир инсан келди, ал маданияттын мыкты кызматкери” деп, эптеп ырдап жүргөн чычкандай баланы тааныштырганда эмне кыларымды билбей калам. Биз өзүбүздөгү дүйнөлүк сахнада ырдап жаткан ырчыларыбызды да “инсан” деп айткандан тартынып турабыз. Болот Миңжылкыевдей залкарлар өткөн маданий очокто иштеген таланттуу агаларыбыз тууралуу чоң сөз айтканга батынбайбыз.

Мамлекеттик сыйлык берүүгө каршы чыгып келаткандардын бири Жаныбек Жанызактын айтуусунда, маданият ишмерлерине сыйлык берүүнүн кежети жок. Мисалы, Виктор Цой, Жон Ленон, Владимир Высоцкий сыяктуу ырчылар эч кандай мамлекеттик наамга ээ болгон эмес.

Жаныбек Жанызак
Жаныбек Жанызак

- Чындап келгенде Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл артисти деген былжырактардын баарын жоюш керек. Сыйлык берүү деген эски доордун калдыгы. Буларды социализм тушунда атайын көтөрмөлөп, эмгектин алдыңкысы кылып, өзүнчө бөлүп, идеология үчүн колдонушкан. Мындай сыйлыктар маданий жактан өнүккөн өлкөлөрдүн бирөөсүндө да жок, – дейт Жаныбек Жанызак.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Өзбековдун берген түшүндүрмөсүнө караганда, “Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси чыгармачыл адамдарга моралдык колдоодон башка эч кандай күчкө ээ эмес экен:

- Бул мекеменин гана сыйлыгы. Анын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген наамга эч кандай тиешеси жок. Ага татыктууларды бизге ар бир мекеме өздөрү сунуш кылат. Биз сунуш кылынган адамдарды карап көрүп, ылайыктуусун кабыл алабыз. Мында эч кандай жеңилдик каралган эмес. “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген наамга көрсөтүлө тургандар сөзсүз “Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алыш керек деген да эреже жок. Бул төш белгиге татыктууларды жер-жердеги мекемелер өздөрү чечиш керек.

Муктасар Өзбеков аталган төш белги 2005-жылы уюштурулганын, учурда 18 миң маданият кызматкеринин 5 миңге жакыны аталган төш белгинин ээси болгонун айтты.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG