Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Ала-Тоодогу алгачкы 3D тасма


Кыргызстанда биринчи жолу 3D форматында же үч өлчөмдөгү толук метраждуу тасма тартылып жатат.

Талант Рысалиев, кинорежиссер, актёр
Талант Рысалиев, кинорежиссер, актёр
“Бархатный сезон” фильминин режиссерлору - Аскарбек Күрүчбеков жана Талант Рысалиев. Башкы ролду да өзү аткарган Талант Рысалиев тасма, 3D форматындагы фильмди тартуунун Кыргызстан үчүн жаңылыгы тууралуу кеп салат.

Камеранын көрүнүштүү алуусу көздүн көрүү градусундай болуш керек

Тасманы баштардан мурда бир жыл бою техникалык жагын изилдеп чыктык. “Кандай камера керек, кантип тартабыз, эмнелер керек”,- деп өздөштүрдүк. Башында тартканыбыз, монтаждаганыбыз такыр окшошпой калды, кайра-кайра тартып көрдүк. Азыр жакшы интернет бар, ал жактан үйрөнүп, акырындан жыйынтык боло баштады.

"Бархатный сезон" тасмасынан
"Бархатный сезон" тасмасынан
Тарта турган камера абдан кымбат турат. Кадимки эле камера керек, бирок адам оң жана сол көзү менен көрүп жаткандай бир учурда эки камера менен тартылат. Экөөнүн арасы 5-7 миллиметр болот. Алар адамдын көзүндөй иштеп туруш керек. Бул жерде операторлордун жумушу аябай кыйын. Элестетсеңиз, бир учурда эки камера окшош иштеш керек, бирдемелери окшош өзгөртүлүш керек. Монтаждаган да оор. Ал үчүн өзүнүн программалары бар. Техникалык жагын түшүндүрүп берүү үчүн эле өзүнчө убакыт керек. Бюджети 150 миң доллардан ашык.

Азыркынын телебай тентеги...

"Бархатный сезон" тасмасынан
"Бархатный сезон" тасмасынан
Бирок биз “3D тартып атабыз” деп эле упайды ал аркылуу топтогонго аракет кылган жокпуз. Тасма мазмуну, тарбиялык жагынан азыркы муун үчүн пайдалуу деп эсептейбиз. Мазмуну жашоодон алынган. Негизи кинолор, анекдоттор баары турмушта пайда болот эмеспи. Биз укканыбызды көркөмдөп, драматургдарга көргөзүп иштеп чыктык.

Сценарийди Аскарбек Күрүчбеков, Ренат Тентимишов үчөөбүз жазганбыз. Өзүбүз айтып бергенибиз боюнча сценарист шөкөттөп чыкты. Улам ар кимге көргөзөбүз, жакпай кайра жазабыз. Ошентип толук бир жылда баарын жыйнап бүттүк.

Тасманы тартуу учурунан
Тасманы тартуу учурунан
Негизги максаты - учурдагы муун үчүн эмне чындык саналарын, бирок алар кандай жаңылыштыктарды жасап жатканын, адам баласынын нагыз чындыгы эмне экенин көрсөтүү.

​Өзгөчөлүгү – маңызы аягында чыгат, тасманы толук көрүп чыкканда гана таасир калтырат. Башында эмне болоорун болжоп койо албайсың. Тасманын аягына чейин сырлар катылган. Actionго бай десек болот.

Ролдордо...

Баш каарманды мен ойнойм. Ал “Мен ушундаймын! Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген, эч нерсе менен иши жок жигит. Бирок негизги идеясы - ошондой адамга да турмуш көрсөтчүсүн көрсөтөт. Ал туш болгон сыноо аркылуу тирүү адамдын баркын түшүнөт.

Ренат Тентимишов, актёр, КВНчи
Ренат Тентимишов, актёр, КВНчи
Жаштар аябай жакшы көргөн, Кыргызстанга эле эмес КМШ өлкөлөрүнө таанылган КВНчи Ренат Тентимишов жашоодо жакын досубуз эле. Андай нерсени күтпөйт да экенсиң, биз менен кечке жүрүп тасманы бүтүрүштү, ролун аягына чейин аткарды, кино тартылып бүткөндөн туура бир аптадан кийин каза болду. Бул анын акыркы ролу болуп калды. Ал менин досум болуп ойноду. Бирок каарманы меникине окшош эмес, акылдуураак жигит.

Жакында...

Бир 3D фильм тарткан эки тасманы тартканга барабар. Азыр буту-бутубузга тийбей, чуркап жүргөн кезибиз. Күнү-түнү монтаждап жатабыз. Буюрса ноябрда көрүүчүлөргө сунуштайлы деп пландап жатабыз.
XS
SM
MD
LG