Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Премьер болгусу келген манасчы Сезим


Манасчы кыз
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

8 жаштагы манасчы кыз

Бишкектин этегиндеги Бакай-Ата конушунан Сезим аттуу 8 жаштагы манасчы кыздын аты жумурай журтка дүң этти.

Анын апасы кезинде Таластагы Манас ордодо иштеп жүргөн кезинде кызына касиет даарыса керек деп ишендирет. Сезимдин жазган катын алган өлкө премьер-министри таланттуу кызга каралашып жатыптыр.

Сезим Дилдедосова кантип "Манас" айтып калды?



Сезим Дилдедосованын апасы Айда Байтикова кызы тегин жерден "Манас" айтып калбаса керек деп ойлойт. Анткени бул үй-бүлө Таластагы Манас ордодо экскурсовод болуп эмгектенген экен.

- "Манас" айтууга шыгы бар болчу, түшүнө да Саякбай Каралаев кирип, "Манас" айтыптыр. Ошого кызыгып, анан кийим кечесине болобу, айтор жардам сурап, премьерге кайрылган экен. Катты жаздым деп мага көрсөттү. Анан почтага барып салып келиптир. Сабакты беш күн окуп, дем алыш күндөрү "Манасты" жаттайт. Аян берилип атканбы дейм.

Кичинекей Сезим азыр Бакай-Ата кичи районундагы 85-мектептин 2-классынын окуучусу. Мектеп мугалимдери Сезим классында бою жана жашы жагынан кичинекей болгону менен башкалардан тири карак экенин айтышты. Манасчы кыздын класс жетекчиси Рапия Кубанычбекова:

- Сезимди бул же тигил сабакка кызыгат деп айта албайм. Акыркы күндөрү "Манаска" кызыкканы көрүнүп турат. Сезим эң биринчи жолу "Манасты" Алиппе майрамында айткан. Алиппе китебинде "Манас" темасы бар, балдарга бөлүштүргөндө Сезимдин тыңдыгын карап, ага "Манас" жаттайсың деп бергем. Андан кийин эле "эже, мен түшүмдө манасчыны көрдүм" деп келди. Ошондон тарта "Манаска" кызыгуусу арта баштады.

Сезим төрт бир туугандын улуусу болгондуктан апасына жардам берип, бөбөктөрүнө да каралашып, анан сабакка да жетишет экен.




Манасчы кыз кийим-кечегинен жардам сурап, премьер-министр Өмүрбек Бабановго кат жөнөтүптүр. Сезим бөбөктөрүнө каралашып, аларга "Манасты" да үйрөтөт экен.


  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG